Жабуу

Акыркы жаңылыктар Баардыгы

04-март 2024 11:03

Cүлүктү шаарынын мэриясы адис (юрист) кенже административди…

10-август 2023 13:08

«Чек талап кылып, байге утуп ал!»

09-июнь 2023 15:06

Cүлүктү шаарынын мэриясы башкы жана улук административдик м…

Сүлүктү шаары жөнүндө


Сүлүктү – Кыргызстандагы эң байыркы шаарлардын бири

 

1868-жылы россиялык ишкерлердин жардамы менен көмүр казып алуу боюнча алгачкы иштер башталып, шаардын негизделиши ушул жылга туура келген.

Көмүр казып алуу алгачкы убактарда өтө жөнөкөй жол менен алынган, кол менен жана ат менен казуу болгон. Көмүр жер астынан жер үстүнө кол күчү менен чыгарылган. Ошентип, көмүр казып алууда иш издеген жумушчулар жыйылып отурукташа баштаган. Ал жерде кичине шаарча пайда болгон. 1902-1903–жылы биринчи геологиялык изилдөө болгон. Ал эми 1906-жылы биринчи шахта түзүлгөн. 1912-жылы өнөр жай катарында көмүр казылып алына баштаган. 1932-жылы шахта башкармалыгы түзүлгөн. 1940-жылдын 19-январында Сүлүктү шаар статусун алган. Ошондон баштап, көмүр казып алуу боюнча иш илгерилеп, дүркүрөп өсө баштаган. Согуш маалында кенчилер мурдагыдан да эки эселеген кайрат менен иштей баштайт. Бул жылдары көмүр казып алуу 500,0 миң тоннага жеткен.

Ошондуктан Сүлүктү шаары «Орто Азиянын кочегары» деп аталып калган. 1970-жылдары көмүр казып алуу эң жогорку деңгээлге жеткен. Жылдык көмүр казып алуу 900,0 миң тоннага чейин жеткен. Бүгүнкү күндө жер астындагы «кара алтындын» запасы 180,0 млн. тоннаны түзөт.

СССР тарагандан кийин, республикабыз эгемендүү болгондон баштап, көмүр өндүрүүнү көбөйтүү процесси туруп калган. Бирок азыркы мезгилде акыркы 3 жылда көмүр казып алуу 2 эсеге өсуп, 2013-жылы 200,0 миң тоннага жетти.  Сулукту шаары келечекте жер астындагы көмүр кенин жаңы технологиянын негизинде өндүрүүнү колго алат.

Сүлүктү – Кыргызстандагы эн алыс жайгашкан областтык маанидеги шаарлардын бири. Шаар Туркстан кырка тоолорунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1380 метр бийиктикте, борборубуз Бишкектен 1050 км, областыбыздын борбору Баткенден 150 км алыстыкта турат. Территориясы 1733 га, калкынын саны 21,8 миң адам. Шаарда гуманитардык-экономикалык институт, педагогикалык колледж, кесиптик лицей, 9 орто мектеп, 1 мектеп-интернат, балдар музыкалык мектеби, оспурумдор спорт мектеби, карылар жана майыптар үйү, 6 балдар бакчалары, маданият сарайы, 3 китепкана, балдардын эс алуу лагери, 2 оорукана, 3 ФАП жана башка социалдык-коммуналдык ишканалар бар.

Союз ыдырагандан кийин шаардын экономикасы бир топ томондоп, комур ондуруу онор-жайы, соода-сатык, шаардын инфраструктурасы, жалпы эле калктын турмуш денгээли абдан начар абалга тушуп калган болчу. Калктын миграциясы журо баштаган.

Ал эми Баткен областы түзүлгөндөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин аралыктагы мезгилде шаарда дээрлик кайра жаралуу процесси жүрдү десек болот. Айрыкча 2002-жылдан баштап жеке ишкердик күчүнө кире баштады. Айтсак, көмүр өндүрүүчү жеке менчик ишканалар, биринчилерден болуп «Нур» ЖЧКу түзүлүп, мурдагы иштеп жаткан «Сүлүктү көмүр» менен «Шахтакурулуш» АКна кошумча көмүр бере баштады. 2005-2010-жылдары алардын саны 10го, ал эми 2010-2015-жылдары жалпы ишке киргизилген көмүр өндүрүү мекемелердин саны 21 жетти. Бул тармакта 3,0 минге жакын жаны жумуш орундары түзүлүп, ошончо адам иш менен камсыз болду. Калктын миграциясы кескин түрдө токтолуп, чет өлкөлөрдө жүргөн эмгек мигранттардын кайра кайтуу процесси жүрүп, бүгүнкү күндө Россия, Казахстан, Бишкек шаарлардан көчүп келип, отурукташууда.

Көмүр өндүрүү өнүккөн сайын шаарда соода-сатык, ишкерлик жанданып, жыл сайын шаардын инфраструктурасы да өнүгүп келүүдө. 2000-2015-жылдар аралыгында жалпы 37,5 млн. сомдук элдин, жеке ишкерлердин каражатына шаарда 7 чон тойкана, 12 кичи кафелер, 20 ар кандай соода түйүндөрү, 12 АЗС жана башка кызмат көрсөтүүчү объектилер курулуп элге кызмат көрсөтүүдө. Шаар боюнча экономиканын бардык тармактарын, элге кызмат көрсөтүү, тейлөө секторлорун эске алганда жалпы 4,0 минге жакын адам иш менен камсыз болду.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1,5 млн. сомго 1 муниципалдык базар, 5,0 млн. сомго реконструкция жолу менен 3 балдар бакчасы ишке түшүрүлдү. 2013-2014-жылдары 25,0 млн. сомго жалпы 4,5 км. жолго асфальт төшөлүп, шаардын жолдору ондолду, 8,0 млн. сомго 5 көпүрө капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Республикалык бюджеттин эсебинен Кольцо айылында 44,0 млн. сомго 1 заманбап жаны мектеп курулуп, колдонууга берилген, жалпы 20,0 млн. сомго жакын каражатка мектептердин чатырлары, жылытуу системалары толугу менен оңдолду.

Мэриянын байланыш маалыматтары:

Номер
50008 (03653)
Факс
50118 (03653)
Электрондук почта
sulukta__mayor@mail.ru

Шаардык кеңештин байланыш маалыматтары:

Номер
50016 (03653)
Факс
50118 (03653)
Электрондук почта
gor_kenesh_Sulukta@mail.ru