Cүлүктү шаарынын мэриясы башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:
1. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн
- жогорку билим;
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
Негизги мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
Тармактагы мыйзамдар:
1. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы
2. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 31-майындагы “Кыргыз Рсспубликасыпыи мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” № 171 Мыйзамы
3. КР Жер кодекси;
4. КР Турак жай кодекси
5. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”;
7.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу;
8.“Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу;
9.“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдары.
2. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн
- жогорку билим;
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
Негизги мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
Тармактагы мыйзамдар:
1. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы
2. Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамы;
3. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары;
4. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу;
5. “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу;
6. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
7. “Саламаттык сактоо жөнүндө”;
8. “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамы
9. Жер кодекси;
10. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”;
11. “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы.
Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:
- Жеке арыз;
- Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
- Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- Ыйгарылган илимий даража же илимий наам жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
- Паспорттун көчүрмөсү;
Документтерди 2023-жылдын 24-июнуна чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот.
Дареги И.Раззаков көч 1, 2-кабат, телефон: 5-00-03
Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.