Жабуу
24-март

Шаардык мэриянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясына жарандык коомдун өкүлдөрүн мүчөлүккө чакыруу

 

 

Сүлүктү  шаарындагы жарандык  коомдун   өкүлдөрүнө

 

 

2017-жылдын 24-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу  №449-токтомуна” ылайык, Сүлүктү шаарынын мэриясы,  шаардык  мэриянын алдындагы балдар иштери боюнча  комиссиясына жарандык коомдун өкүлдөрүн мүчөлүккө чакырат.

Жарандык коомдун талапкерлери социалдык коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары болушу керек.

Комиссиянын курамына кирүүнү каалаган жарандык коомдун  талапкерлери Сүлүктү шаарынын мэриясына төмөнкү документтерди: 

  1. Жеке арызын;
  2. Паспорттун көчүрмөсүн;
  3. Резюме;
  4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсүн тапшыруусу зарыл.

Арыздарды  кабыл алуу жарыяланган күндөн (24.03.2023) тартып он беш календарлык күндүн ичинде шаардык мэрия тарабынан жүргүзүлөт.