Жабуу
14-июнь

Сүлүктү шаарынын жаны мэри кызматына киришти

 

2021-жылдын 14 июнунда Сүлүктү шаарынын жаны мэри Халбеков Абдысамат Диканбаевич кызматына киришти.  Бул күнү КР Министрлер Кабинетинин башчысынын Баткен облусундагы өкүлүнүн  орун басары Ташбалтаев А.К  жаңы калаа башчысын шаардын активине тааныштырып, анын шаарды өнүктүрүү үчүн түйшүктүү ишинде албан ийгиликтерди каалады. Андан сон, салтанаттуу түрдө ага шаар башчысынын күбөлүгүн тапшырды.

 

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 7-июнунда өткөн Сүлүктү шаардык кеӊешинин VII чакырылышынын депутаттарынын Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо боюнча  кезектеги сессиясы  өткөрүлгөн. Шаарыбыздын башчылыгына  аттанган талапкерлердин катарынан, көпчүлүк депутаттардын  колдоосу менен көп добушка жетишкен Халбеков Абдысамат Диканбаевич Сүлүктү шаарынын мэри болуп шайланган.

Халбеков Абдысамат Диканбаевич  - 1963- жылы 20-декабрьда туулган.

Билими жогорку, 1987-жылы Зафарабад курулуш техникумун, 1994 – жылы Орто Азия Политехникалык Институтун, 2014-жылы Жалал-Абад шаарындагы Укук, бизнес жана билим берүү академиясында билим алып,  тоо техник-технолог жана экономист адистигине ээ болгон.

           
Эмгек жолунда тоо-кен өндүрүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келген. Атап айтсак,

  • 1984- 1996-жж.  –“Сүлүктү шахта курулуш” башкармалыгында жыгач устасы, курулуш участкасынын мастери, ОМТС инженери, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, көмүр өндүрүү участкасынын устаты болгон.
  • 1996-1999- жж. - «Сүлүктү шахтакурулуш» МАКусунда  - көмүр өндүрүү участкасынын устаты катарында иштеген.
  • 1999-2002-жж. -“Сүлүктү көмүр” МАКусунда көмүр өндүрүү участкасынын башчысы болгон.
  • 2002-2005 – жж. - “Сүлүктү шахтакурулуш” АКусундагы «Ак-кум» участка башчысы, № 2 жер асты участкасынын башчысы катары эмгектенген.
  • 2005-2021-жж.- «Ак Булаккөмүр» ЖЧКда директор кызматын аркалап келген.
  • 2021 – жылдын  7- июнь күнүнөн тартып, учурда Сүлүктү шаарынын мэри кызмат ордунда эмгектенүүдө.

 

            Бул жылдары, анын ак кызматы бааланып,  бир топ мамлекеттик жана коомдук уюмдардын урмат –сыйына ээ болуп келет:

  • 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланган.
  • Ошондой эле, 2010-2020 -жж, , Сүлүктү шаарынын мэриясынын, 2008, 2009-жылдары Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын,  КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агенттигинин, КР референдум жана шайлоолор боюнча Борбордук комиссиясынын, КР ӨКМнин өрткө каршы Мамлекеттик кызмат Агенттигинин,  КР билим берүү жана илим министрлигинин , Ооган ардагерлеринин Республикалык кеӊешинин, КР Ички иштер министрлигинин Ардак Грамоталарына ээ болгон;
  •  КР энергетика жана өнөр-жай министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик Агенттигинин «Ардактуу кенчи» төш белгилери менен сыйланган;
  •  2015-жылы “Айкөлдүк” эл аралык кайрымдуулук Фондунун коомдук “Ак жүрөк” боорукерлик улуттук сыйлыгы ыйгарылган.

 

Үй- бүлөлүү, 4 уул, 1 кыздын ардактуу атасы.