14-июль
Сүлүктү шаарында COVID-19 коронавирус илдетине каршы вакцинациядан өтүү кампаниясы жүрүүдө.
Бүгүн Сүлүктү шаарынын мэри Халбеков Абдысамат Диканбаевич баш болгон шаарыбыздын жетекчилери COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүштү.
Шаар тургундарын COVID-19 коронавирус илдетине каршы эмдөөнөн өтүүгө чакырабыз.
Белгилеп кетсек, Кош-Булак аймагында поликлиникада (ГСВ-3), шаарда поликлиникада (ГСВ-2) жана Раззаков көчөсү №1 дарегиндеги балдар борборунда вакцинациялоо процедуралары жүрүүдө.