Жабуу
23-сентябрь

“Шаар чөйрөсүн өнүктүрүү билим жана маданияттан башталат!“ аталышындагы баарлашуу жыйыны болуп өттү.

2021-жылдын 23-сентябрь күнү шаардык мэриянын кичи залында “Шаар чөйрөсүн өнүктүрүү билим жана маданияттан башталат!“ аталышындагы баарлашуу жыйыны болуп өттү.

Жыйындын максаты: Шаардын өнүгүүсүндөгү билим, тарбия жана маданият багытындагы көйгөйлөрдү талкуулоого мамлекеттик органдар, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ата-энелер, жаштар, жергиликтүү тургундар ортосунда баарлашуу аянтчасын түзүү болгон.

Жыйынга белгилүү педагог Асылбек Жооданбеков жана политолог-чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаев катышышты, баарлашуу эркин форматта суроо-жооп,талкуу менен өттү. Спикерлер шаарлардын өнүгүшүндө билим жана маданияттын ордун, маанилүүлүгүн баса белгилеп өтүштү. Өзгөчө тезистери:

• Инсандын маданияттуулугу руханий дүйнөсүнүн байлыгында.

• Жаштардын адептүүлүгү жана маданияттуулугун арттыруу жолдору.

• Шаар маданиятын калыптандырууда тарбиянын мааниси.

• Жаштардын позитивдүү лидерлигин жана сынчыл ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүнүн жолдору темалары боюнча кызыктуу маектешүү курулду.

Соңунда, бул багытта көйгөйлөрдү чечүү багытында тиешелүү сунуштар иштелип чыкты.

Белгилей кетсек, мындай жыйындар 23-24-сентябрь күндөрү Баткен облусунун Баткен,Сүлүктү, Айдаркен жана Кадамжай шаарларында да болуп өткөн.

Баарлашуу жыйындары „Эл аралык толеранттуулук үчүн“ Фондунун Баткен филиалынын NED (National Endowment for Democracy) уюму тарабынан колдоого алынган „Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугу – демократиялык өнүгүүгө карай жол!“ долбоорунун алкагында уюштурулган.