Жабуу
22-ноябрь

Кадыркулов Максат Турганалиевич Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Кадыркулов Максат Турганалиевич Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды.
 
 
Жаны дайындалган Сүлүктү шаарынын мэрин Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев Сүлүктү шаарынын элине жана мэриянын жамаатына тааныштырды.
 
Максат Кадыркулов 1987-жылы Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында туулган.Үй-бүлөлүү
Кесиби боюнча юрист жана экономист. Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетин, ошондой эле И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эл аралык экономика жана менеджмент институтун финансы жана кредит багыты боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2005-2006-жылдары Ак-Жар айыл өкмөтүндө компьютердик маалымат боюнча адис;
- 2006-2009-жылдары «Акыл» дыйкан чарбасынын мүчөсү;
- 2009-жылы улгайгандарды үйүндө кароо боюнча социалдык кызматкер;
- 2009-2011-жылдары райондук мамлекеттик администрациясынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо» бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- 2011-2013-жылдары райондук мамлекеттик администрациясынын экономиканы өнүктүрүү жана түз инвестицияларды тартуу секторунун башчысы;
- 2013-2020-жылдары Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы;
- 2020-жылдын 17-мартынан тарта Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары болгон.
Ошондой эле 2008-2009-жылдары Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты болгон.