Жабуу
17-март

Ишкерлер менен жолугушуу

Сүлүктү шаарынын аймагындагы ишкердик субъекттери үчүн акыркы учурдагы жаңыдан кабыл алынган ишкердик субъекттерине болгон текшерүүдө өзгөчүлүктөр жөнүндө, ККМ-онлайн кимге жана эмне үчүн керектиги  жөнүндө, “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө”  жана Сүлүктү шаарынын  аймагында социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жөнүндө» кенешме болуп өттү. Кеңешмеге шаар мэринин орун басары Иляз Бабаев, шаар прокурорунун жардамчысы Бакай Баридинов, шаардык салык кызматынын начальниги Мурат Сагинбаевдер ишкерлер менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Шаар прокурорунун жардамчысы Бакай Баридинов азыркы учурда ишкердиктин субъекттерине болгон текшерүүлөр, инвестицияны жана мүлктү коргоо боюнча жаңы ченемдик укуктук актылар кабыл алынып, алар колдонулуп жатат. Бул жаатта прокуратура органдарынын ролу ишкердик субъекттерине болгон текшерүүлоөдүн эсебин алуу, алардын мыйзамдуулугуна баа берүү, катталган мыйзам бузуучулуктарга карата чаралар көрүлүп  жатканын маалымдады.

Шаардык салык кызматынын начальниги Мурат Сагинбаев ККМ-онлайн - бул накталай операциялар жүргүзүлө турган ишкердик субъектине таандык электрондук шаймандарга (компьютер, ноутбук, уюлдук телефон жана башка ушул сыяктуу аппараттар) орнотулган виртуалдык кассалык  машина бул нерсе Кыргызстандагы экономиканын деңгээлин жогорлатуу максатында  коюлганын билдирип,бекер  ККМ апараттарга токтолуп кетсек 2022-жылы  30- жеке ишкерлерге 30 даана   апараттарды таркатылганын, бул жылы дагы  Кыргыз Республикасынын мамлекети  тарабынан бир канча ККМ аппаратын салып алууга тендер жарыялаганын жана ал келген аппараттар дагы бекер таркатыларын билдирди. Сүлүктү шаарынын мэринин биринчи орун басары И.Бабаев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ № 109 Жарлыгын аткаруу максатында Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча 2022-жылдын 12-июлунда Сүлүкту шаарынын мэринин № 238-б буйругу менен бекилип тиешелүү тармактарга тапшырмалар  берилгендиги жөнүндө түшүндүрмө берди.