Жабуу
15-март

Cүлүктү шаарынын мэриясы кадрлар резервине конкурс жарыялайт

Cүлүктү шаарынын мэриясы башкы, улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү боюнча 

АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:

 

1. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн

- жогорку билим;

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:

Негизги мыйзамдар:

 

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”

Тармактагы мыйзамдар:

1. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы

2. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 31-майындагы “Кыргыз Рсспубликасыпыи мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” № 171 Мыйзамы

3. КР Жер кодекси;

4. КР Турак жай кодекси

5. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы;

6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

7. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”;

8.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу;

9.“Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу;

10.“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдары.

2. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн

- жогорку билим;

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:

Негизги мыйзамдар:

 

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”

Тармактагы мыйзамдар:

1. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы

2. Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамы;

3. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары;

4. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу;

5. “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу;

6. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;

7. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”;

8. “Саламаттык сактоо жөнүндө”;

9. “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамы

10. Жер кодекси;

11. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”;

12. “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы.

 

3. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн

- жогорку же орто кесиптик билим;

- эмгек стажына талап коюлбайт;

 

Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:

 

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

Тармактагы мыйзамдар:

1. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы

2. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары;

3. “Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө” мыйзамы.

4. “Билим берүү жөнүндө”,

5. “Балдардын укугун коргоо жөнүндө” мыйзамдары.

6. КР “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы.

 

Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

 

  • Жеке арыз;
  • Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
  • Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • Ыйгарылган илимий даража же илимий наам жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
  • Паспорттун көчүрмөсү;

 

Документтерди 2023-жылдын 1-майына чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот.

Дареги И.Раззаков көч 1, 2-кабат, телефон: 5-01-16

 

Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.