Cүлүктү шаарынын мэриясы башкы, улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:
1. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн
- жогорку билим;
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
2. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн
- жогорку билим;
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
3. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн
- жогорку же орто кесиптик билим;
- эмгек стажына талап коюлбайт;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:
- Жеке арыз;
- Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
- Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- Ыйгарылган илимий даража же илимий наам жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
- Паспорттун көчүрмөсү;
Документтерди жарыя чыккандан баштап 2022-жылдын 1-майына чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот.
Дареги: И.Раззаков көч №1, 2-кабат, телефон: 5-01-16
Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.