Жабуу
04-март

Cүлүктү шаарынын мэриясы адис (юрист) кенже административдик муниципалдык кызмат орунуна дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

 

 

Cүлүктү шаарынын мэриясы адис (юрист) кенже административдик муниципалдык кызмат орунуна дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча 

АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

 

Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:

1. Адис (юрист) кенже административдик муниципалдык кызмат оруну үчүн

- юридикалык же укук таануу багыты боюнча жогорку билим;

- иш стажына талап коюлбайт;

Негизги мыйзамдар:

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • КР Эмгек кодекси;
  • КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
  • КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;
  • Жер кодекси;
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

Билгичтиги:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:

  • Жеке арыз;
  • Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
  • Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • Ыйгарылган илимий даража же илимий наам жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
  • Паспорттун көчүрмөсү;

 

Документтерди 2024-жылдын 15-мартына чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот.

Дареги И.Раззаков көч 1, 2-кабат, телефон: 5-00-03

 

Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.