Жабуу

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (7-чакырылышынын)

РЕГЛАМЕНТИ    

I  БӨЛҮМ. Жалпы жоболор

1-глава.  Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

2-глава.  Шаардык кеӊештин компетенциясы

 

II БӨЛҮМ. Шаардык кеӊештин түзүмү

3-глава.  Шаардык кеӊештин төрагасы жана орун басарлары

4-глава.  Шаардык кеӊештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

 

III БӨЛҮМ. Депутаттык Фракциялар

6-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор

7-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү

8-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.

Шайлоочулардын суроо талаптары.

 

IV БӨЛҮМ. Шаардык кеӊештин ишинин жалпы тартиби

9-глава. Шаардык кеӊештин биринчи сессиясы

10-глава. Шаардык кеӊештин ишин пландоо

11-глава. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби

12-глава. Шаардык кеӊештин сессияларын өткөрүү тартиби

13-глава. Депутаттык мандат

14-глава.  Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби

15-глава.  Шаардык кеӊештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары

16-глава.  Шаардык кеӊештин ченемдик укуктук актылары

 

V БӨЛҮМ. Шаардык кеӊештин регламенти

17-глава. Шаардык кеӊештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.

 

                                                I БӨЛҮМ Жалпы жоболор

                        1-глава. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

             1.1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши (Мындан ары шаардык кеӊеш)  шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат жана юридикалык статуска ээ.

Шаардык кеӊеш шаардын тийиштүү аймагында жашаган жарандардын бирдей жана тике шайлоо укугунун негизиндне 4 жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү менен шайлаган депутаттардан турат.

        1.2. Шаардык кеӊеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана укук ченемдик актыларын жетекчилике алып өзүнүн компетенциясына киргизилген маселелерди өз алдынча чечет, чыгарган токтомдорун аткарууну камсыздайт жана иш жүзүнө ашырылышына көзөмөл жүргүзөт.

       1.3. Шаардык кеӊештин ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чечимдерин шаардын аймагында жайгашкан мекеме ишканалар (менчик формасына карабай) жана жарандар аткаруусу милдеттүү.

                   1.4. Шаардык кеӊештин регламенти шаардык кеӊештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартибин, уюштуруу маселелерин, сессияларды чакыруу жана өткөрүү тартибин, шаардык кеӊештин аппаратынын калыптануу тартибин белгилейт жана көзөмөлдөө иш тартибин аныктайт.

       1.5. Шаардык кеӊештин иши мыйзамдуулукта, коллегиялдуу, көп партиялуулукта, обьективдүүлүктө, депутаттардын маселелерди эркин талкуулоого жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет. Маселелерди талкуулоого чакырылган жактар сессияга катыша алышат. Шаардык кеӊештин сессиялары  ачык жана зарыл учурларда жабык түрүндө мыйзам ченеминде өткөрүлөт.

     1.6.  Шаардык кеӊештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын статусу жөнүндө » Мыйзамдары жана укуктук ченемдик актылары, ошондой эле ушул Регламенттин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин ишке ашырат.

2-глава. Шаардык кеӊештин компетенциясы

      2.1    Шаардык кеӊеш  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө» Мыйзамына ылыйык төмөнкү маселелерди карайт жана чечим кабыл алат:

       1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;

       2) жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттик эмес фонддорун  пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;

        3) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитүү жана аларды аткарууруну контролдоо;

        4)  жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеӊилдиктерди жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда каралган учурларда алар боюнча чендерди белгилөө;

         5) жергилилтүү жамааттын муниципиалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципиалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен, муниципиалдык менчикти аткарууга контрол жүргүзүү;

        6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын башчысынын, жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө отчет угуу;

         7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

        8) жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү;

        9) мамлекеттик бийликтин тийиштүү органына киргизуу максатында  админстративдик – аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

         10) шаардык кеӊештин төрагасын  жана төраганын орун басарларын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, шаардык кеӊештин  төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгыруусуна каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

          11) шаардык кеӊештин регламентин кабыл алуу;

          12) өзүнүн чечимдерин аткарууну контролдоо;

          13) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык санын Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде бекитүү;

          14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;

          15) алкогол ичимдиктерин жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым –жырымдарды өткөрүүгө тыюу салууга чейин чектөөлөрдү, каада- салттык иш чараларды өткөрүү тартиптерин аныктоо;

           16) ирригациялык тарамдарды, үйдүн жана үй алдындагы участокторду тартипте кармоону аныктоо;

            17) жергиликтүү жамааттардын Уставы жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна ылайык башка маселелерди чечүү;

             2.2. Шаардык кеӊештин сессияларында ылайыгына карап төмөнкү маселелер кошумча чечилет:

              - шаардын мэрин шайлоо;

              - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;

              - мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларды белгилөө.

              -мэриянын аппаратын кошпогондо шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү

              - шаардын турмуш тиричилигин камсыз кылуу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депуттаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул аларды ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө алып келет.

 

II БӨЛҮМ. Шаардык кеӊештин түзүмү

3-глава. Шаардык кеӊештин төрагасы жана шаардык кеӊештин

төрагасынын орун басарлары

Шаардык кеӊештин төрагасы

         3.1. Шаардык кеӊештин төрагасы шаардык кеӊештин сессиясында шаардык кеӊештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен шаардык кеӊештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

            3.2.Шаардык кеӊештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүгө фракция же фракциялардын коалициясы укуктуу. Фракция же фракциялардын коалициясы бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу

            3.3.Эгерде шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, шаардык кеӊештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.

Шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шаардык кеӊештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептейт.

3.4.Тиешелүү жергиликтүү кеӊештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана башка шайлоонун жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеӊештин регламентинде аныкталат.

3.5.Эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.

          3.6. Шаардык кеӊештин төрагасынын шайлангандыгы тууралуу шаардык кеӊештин токтому кабыл алынат.

           3.7.Шаардык кеӊештин төрагалары илимий. Педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

           3.8.Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутатардын үчтөн биринин же жергиликтүү кеӊештин фракциясынын демилгеси боюнча, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесин добушу менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүнкүн.

           3.9. Шаардык кеӊештин төрагасы төмөнкүлөргө укуктуу жана милдеттүү:

           -шаардык кеӊештин сессиясын чыкырат жана алардын отурумун өткөрөт;

           - шаардык кеӊештин сессиясын жана шаардык кеӊештин сессиясында каралуучу маселелердин даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт;

           -шаардык кеӊештин токтомдоруна жана чечимдерине  кол коет жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү уюштурат;

            -шаардык кеӊештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;

            -шаардык кеӊештин аппаратынын ишин көзөмөлдөйт;

            -шаардык кеӊештин төрагасынын орун басарларынын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрөгаларынын алардын кызматтык милдеттерин аткаруусун контролдойт;

             -депутаттарга аларга ыйгарым укуктарын ишке ашырууларына, жарандарды кабыл алууга, шайлоочулардын алдында отчет берүүгө жана аларды маалымат менен камсыздоого көмөк көрсөтөт,  депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди карайт;

             -өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим чыгарат;

             -шаардык кеӊешке бөлүнгөн каражаттарды шаардык кеӊештин бекитилген бюджетине жана чыгаша сметасына ылайык башкарат;

                              

             3.10. Шаардык кеӊештин төрагасынын орун басарлары 

- Шаардык кеӊештин төрагасынын 2 орун басары болот.

            - Шаардык кеӊештин төрагасынын орун басарлары шаардык кеӊештин сессияларында депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден,  депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шайланат.

            Шаардык кеӊештин төрагасынын орун басарларынын шайланышы тууралуу шаардык кеӊештин токтому кабыл алынат.

             -Шардык кеӊештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.

                 -депутаттык фракциялар менен өз ара аракеттенет;

                 Шаардык кеӊештин төрөгасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шаардык кеӊештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.

                           Шаардык кеӊештин төрагасынын орун басарлары өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат

4-глава. Шаардык кеӊештин туруктуу жана убуктылуу комиссиялары

           4.1 Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары  депутаттардын  ичинен  шаардык кеӊештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шаардык кеӊештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле шаардык кеӊештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жана аларды аткарууну көзөмөлдөө учун түзүлөт

        4.2 Комиссиянын тизмеси, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби шаардык кеӊештин депутаттык фракцияларынын жана депутаттардын сунуштары боюнча шаардык кеӊеш тарабынан түзүлөт.  Шаардык кеӊеш ыйгарым укутарын мөөнөтүнүн ичинде эгер зарыл болсо, жаӊы туруктуу же убактылуу комиссияларды тузө алат, мурун түзүлгөндөрдү таратат жана кайра тузө алат.

4.3. Туруктуу комиссиялар  депутаттык фракциялардын чечими боюнча шаардык кеӊештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Туруктуу комиссиялардын курамына шаардык кеӊештин төрагасы жана шаардык кеӊештин төрагасынын орун басарлары шайланышы мүмкүн эмес.

            4.4. Бюджет жана финансы маселелерин карай турган шаардык кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы, шаардык кеӊештин азчылык фракциясынын же фракциялар коалициясынын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат.

Бюджет жана финансы маселелери туруктуу комиссиянын курамы шаардык кеӊештин бардык  фракцияарынын жана фракциялардын коалициясынын мүчөлөрүнөн  түзүлөт.

            4.5. Туруктуу комиссиянын жана кеӊештин төрагасынын сунушу боюнча туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.

 

            4.5. Туруктуу комиссиялардын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши  КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Мыйзамынын жана кеӊештин  регламенти менен белгиленет. 

       - Шаардык кеӊештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат, туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.

     -Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан төраганы жана төраганын орун басарын ачык добуш берүү менен шайлайт

          -Туруктуу комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиялык, объективдүүлүк, маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине  негизделет.

     -Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына таандык маселелер боюнча тийиштүү чечим жана корутунду чыгарышат.

      -Туруктуу комиссялар өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды тартууга укуктуу.

         5.3.  Туруктуу комиссияларды жетектөөнү тийиштүү комиссиялардын төрагасы ишке ашырат.Туруктуу комиссиялардын чечими шаардык кеӊештин сессиясында жокко чыгарылышы мүмкүн.

         5.4.  Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча убактынча комиссияны түзө алат.

           

 

                                             III БӨЛҮМ. Депутаттык фракциялар

                                         6-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор

     6.1    Шаардык кеӊештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.

     6.2. Депутаттык фракция (мындан ары – фракция) паритиялык тизменин негизинде түзүлөт жана шаардык кеӊеш тарабынан каттоого алынат.

      6.3. Фракция анын түзүлгөндүгү аталышы тизмелик курамы лидердин жана анын орун басарынын аты жөнү жөнүндө жазуу түрүндө кулактандырылган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.

        Фракция башка фракцияларга өткөн депутаттарды өзүнүн курамына киргизүүгө

 укугу жок.

         Мөөнөтүнөн мурда чыгарылган депутаттардын ордун алмаштырган депутат тийиштүү фракциянын мүчөсү болот.

          Депутаттын өзү шайлаган партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.

          6.4. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:

          -шаардык кеӊештин ыйгарым укутары токтогондо;

          -шаардык кеӊештин өзүн-өзү таркатышында.

           Партиянын ишин токтотуу же токтото туруу шаардык кеӊештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасир этпейт.

         6.5. Фракцияны фракция шайлаган лидер жетектейт.

          Фракциянын лидеринин ыйгарым укуктары:

          -Фракцияны шаардык кеӊеште жана анын сыртында сунуштайт;

          -фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;

          - фракциянын чечимине кол коет;

          - фракциянын ичинде тартипти көзөмөлдөйт

          - фракциянын чечимдерин аткарууну контролдойт;

          -фракцянын чечими боюнча сессияда талкуулаган маселе боюнча анын саясий көз карашын, ошондой эле фракциянын коалицияга киргендиги жөнүндо жарыялайт.

          - фракциянын шаардык кеӊештин аппараты жана жергиликтүү өз алдынча башкруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;

           -катчылыктын жана эсептөө комисиясынын курамына өкүлдөрдү сунуштайт;

           -фракциянын мүчөлөрүнүн шаардык кеӊештин сессияларынын, туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишине, ошондой эле шаардык кеӊештин иш чараларына катышуусун камсыздайт;

           Фракциянын лидери төрөганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комисиясынын төрагасынын кызматын бир убакта ээлей албайт.

 

                         7-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү

       7.1. Фркция төмөнкүлөргө укуктуу:

        -шаардык кеӊеште каралган маселелер боюнча саясий  көз карашын билдирүүгө:

        -башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;

         -шаардык кеӊештин төрагасына шаардык кеӊештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;

         -фракциянын отурумуна кызыктар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеӊешүүгө;

         -шаардык кеӊештин жылдык иш планы боюнча сунуш киргизүүгө;

          -шаардык кеӊештин туруктуу убактылуу комиссияларынын курамына талапкерлерди  сунуштоого жана аларды чакырып алуу боюнча сунуш киргизүүгө;

         -шаардын мэри кызматына талапкерди сунуштоого;

         -өзүнчө маселелер менен таанышуу боюнча жумушчу комиссиясыны тузуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;

          -бул же тигил маселе боюнча угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;

           -Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча фракциянын мүчөлөрүнөн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө;

      -шаардык кеӊештин сессияларында протокол киргизүү үчүн ар кандай талкуулануучу маселе боюнча фракциянын өзгөчө оюн берүүгө;

       -фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле шаардык кеӊештин сайтына жарыялоого;

       - фракциянын иш аракаттерине болгон шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциянын тартибин күчөтүү максатында тийиштүү чараларды көрүүгө;

       7.2. Фракциялардын коалициясы (мындан ары-коалиция) коалициялык келишимдин негизинде иш жүрүзгөн фракциялардын ыктыярдуу биригүүсү болуп саналат.

        Коалицияны коалицияга кирген фракциянын лидери же коалициянын жетекчиси көрсөтөт, эгер бул коалициялык келишимде аныкталса.

7.3.  Фракциялар фракциялардын коалициясына бириге алышат. Каалаган фракциялар шаардык кеӊештин көпчүлүк же азчылык коалициясына биригүүсү үчүн бул жөнүндө шаардык кеӊештин сессиясында жазуу түрүндө жарыялайт, мындан кийин ал расмий статуска ээ болот.

7.4. Коалиция фракциялардын коалицияга киргендиги жөнүндө чечимдери жана кабыл алган отурумдардын протоколдорун шаардык кеӊешке тапшырат

7.5. Коалиция өзүнүн ишин төмөнкү жарыялоодон баштап токтотот

- фракция же фракциялар андан чыккандыгын билдиргенде, анын жыйынтыгында шаардык кеӊештин көпчүлүк статусу жоюлат

-коалиция таркатууда

 

8-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси. Шайлоочулардын суроо – талаптары.

8.1. Шаардык кеӊештин фракциялары шаардын социалдык, экономикалык, маданий өнүгүү программаларын ишке ашырууда жана бюджетти түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланыш жүргүзөт, алардын кызыкчылыктарын эске алат.

8.2. Шаардык кеӊеш белгилеген тартипке ылайык шаардык кеӊештин төрагасы, анын орун басары, фракциялардын лидерлери, шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларынын төрагалары, дайыма шайлоочулар менен кабыл алууларды жана жолугушууларды өткөрүп турат.

8.3. Шаардык кеӊештин фракциялары шайлоочулар менен байланышта болуп турат. Шайлоочулардын фракцияларга, депутаттарга суроо талаптарды берүү мүмкүнчүлүгү бар.

8.4. Шаардык кеӊештин фракциялары мезгил мезгили менен бирок жылына бир жолудан кем эмес өздөрүнүн иши жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү.

Фракциянын отчету каалаган убакта шайлоочулардын жыйындарында жүргүзүлөт.

Фракциянын отчет берүүсү жөнүндө белгиленген тартипте шаардык кеӊеш маалымдайт.

8.5. Шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү фракциянын мүчөлөрүн отчет берүү жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн зарыл шарттар менен камсыздайт.

Шаардык кеӊеш фракция мүчөлөрүн отчет үчүн зарыл болгон тийиштүү сурап билүү жана маалымдоо материалдары менен өз убагында камсыздайт.

Отчеттор жана шайлоочулар менен жолугушуулар жалпыга маалымдоо каражаттарында баяндалат.

8.6. Шайлоочулардын суроо талаптарын жалпылоо, аларды алдын ала макулдашуу жана шаардык кеӊештин сессиясына кароого берүү фракциянын жетекчиси аркылуу жүргүзүлөт.

Шайлоочулардын суроо талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын даярдалган долбоору шаардык кеӊештин сессиясына кароого берилет.

8.7. Шаардык кеӊештин сессиясы бул чакырылыштагы шайлоочулардын суроо талаптары жөнүндөгү токтом кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитет

Шаардык кеӊештин сессиясы кээ бир суроо-талаптарды аткаруунун максатсыздыгы жөнүндө жүйөөлүү чечим кабыл алууга укуктуу.

8.8. Аймактык экономикалык жана социалдык өнүктүрүү жана шаардын калкын социалдык коргоо, бюджетти калыптандыруу пландарын жана программаларын иштеп чыгууда, ошондой эле башка маселелер боюнча чечим даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.

8.9. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну шаардын мэриясы жана түзүмдүк бөлүгү ишке ашырат.

Шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууну көзөмөлдөөнү шаардык кеӊештин аппараты менен бирге фракциялар жана жана туруктуу комиссиялар жүргүзөт.

8.10. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну камсыздаган органдар сөзсүз түрдө, шаардык кеӊештин токтому менен белгиленген мөөнөттөрдө суроо талаптарды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берет.

Шаардык кеӊештин фракцияларынын жетекчилери шайлоочулардын суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдап турушат.

 

IV БӨЛҮМ.Шаардык кеӊештин ишинин жалпы тартиби

9-глава. Шаардык Шаардык кеӊештин биринчи сессиясы

 

9.1. Шаардык кеӊештин сессиясы анын ишинин негизги уюштуруучулук – укуктук формасы болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили шаардык кеӊештин Регламенти менен аныкталат.

9.2. Жергиликтүү кеӊештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот. Жергиликтүү кеӊеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.

9.3. Жаӊы шайланган шаардык кеӊештин биринчи сессиясы шаардык кеӊештин мурдагы чакырылыштагы төрагасы тарабынан шаардык кеӊештин депутаттарын шайоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечитирилбестен чакырылат                          Шаардык кеӊештин биринчи сессиясын шаардык кеӊештин депутаттарынын жаш курагы боюнча улуу депутат ачып алып барат.

9.4. Шаардык кеӊештин сессиясы ачык, кварталына кеминде бир жолу шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.

9.5. Шаардык кеӊештин биринчи сессиясынын күн тартибине кеӊештин Регламентин бекитүү, кеӊештин төрагасы жана анын орун басарларын шайлоо маселелери, ошондой эле кеӊештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери киргизилет.

 

10-глава. Шаардык кеӊештин ишин пландоо

10.1. Шаардык кеӊештин иш планы бир жылга түзүлөт. Шаардык кеӊештин иш планын даярдоо шаардык кеӊештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.

10.2. Шаардык кеӊештин иш планына маселелерди сунуштоого шаардык кеӊештин депутаты, шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар жана шаардын мэри укуктуу.

Шаардык кеӊештин иш планындагы маселелердин мазмунун өзгөртүү, жаӊы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу шаардык кеӊештин сессиясынын токтому менен жол жоболоштурулат.

10.3. Шаардык кеӊештин иш планын бекитүү учурунда сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоорлорунун болушу талап кылынбайт

 

11-глава. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби

11.1. Шаардык кеӊешке кароого берилген документтердин топтомунда ушул Регламентте бекитилген төмөнкүлөр камтылышы керек:

- баяндамачыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат. Эгер документ шаардык кеӊештин мурун кабыл алынган токтомун аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катта тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт;

-шаардык кеӊештин токтомунун долбоору:

Эгер шаардык кеӊештин токтом толбоору материалдык жана финансы ресурстарды алып келүүчү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда, иштеп чыгуучулар тийиштүү эсебин да көрсөтөт (эконмикалык негиздеме)

11.2. Шаардык кеӊештин токтом долбоору шаардык кеӊештин аппараты тарабынан шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Шаардык кеӊештин төрагасы токтом долборун алдын ала талкуулоону шаардык кеӊештин бир же бир нече туруктуу комиссиясына сунуштоого укуктуу.

Токтом долбоорун шаардык кеӊештин сессиясында кароого чейин аны жалпы шаардык талкуулоо, элдин алдында же депутаттык угуулар, алдын ала талкуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

11.3.Шаардык кеӊештин сессиясында маселелерди кароонун негизги жол жоболору:

-баяндама, азыркы Регламентте каралган тартипте кошумча баяндамалар;

-баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга суроолор жана суроонун жооптору

-талкуулануучу маселе боюнча жарыш сөз

-баяндамачынын жана кошумча баяндамачынын жыйынтыктоо сөзү:

-добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө

-токтомдун долбоорун негиз катары кабыл алуу;

-негиз катары кабыл алынган токтомго киргизүү;

- токтомду толук кабыл алуу боюнча добуш берүү

11.4. Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеӊештин сессиясы төмөнкү чечимдердин бирөөсүн кабыл алат.

1). токтом долбоорун толук кабыл алуу

2) анын жоболорун талкуулоо менен токтом долбоорун кабыл алуу

3) токтом долбоорун айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эсепке алуу менен анын үстүндө иштөөнү улантуу.

11.5. Токтом долбоорун анын жоболорун талкуулоо менен кароодо талкуулануучу жана добуш берүүгө коюлуучу жазуу түрүндө келген сунуштар угулат

Кабыл алынбаган сунуштар шаардык кеӊештин туруктуу комиссиясына жеткире иштөөгө жөнөтүлөт.

Добуш берүүгө депутаттардын сунуштары биринчи коюлат, андан кийин туруктуу комиссиянын сунуштары. Эгер шаардык кеӊештин сессиясы бир да сунушту жактырбаса, пункт кабыл алынган жок деп эсептелинет.

11.6. Шаардык кеӊештин ар бир токтомунда жана чечиминде аны көзөмөлдөгөн жак                        көрсөтүлөт.

Токтомдун же чечимдин тапшырма берүү пунктунда аткаруучу (бирөө же бир нече) жана аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт

11.7. Токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө билдирүү угулгандан кийин шаардык кеӊеш төмөнкүлөргө укуктуу:

-аткарылган катары токтомду көзөмөлдөн алып салууга;

-аткарылган катары токтомдун кээ бир пункттарын көзөмөлдөн алып салууга;

-көзөмөлдүк ыйгарым укуктарды узартууга;

- ккөзөмөлдүк ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө

- токтомду жокко чыгарууга;

-кошумча токтом кабыл алууга

11.8. Көзөмөл боюнча отчеттуулук мөөнөтү токтомдун өзүндө же шаардык кеӊештин төрагасы тарабынан белгиленет, ал токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөчү жакка (органга) шаардык кеӊештин сессиясында билдирүү жасоону тапшырууга укуктуу.

12-глава. Шаардык кеӊештин сессияларын өткөрүү тартиби

12.1. Шаардык кеӊештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышканда укук ченемдүү болот. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.

12.2. Жергиликтүү кеӊештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран жергиликтүү кеӊеш тарабынан кабыл алынган регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар. Жергиликтүү кеӊеш, эгерде маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.

12.3. Шаардык кеӊештин депутаттары кеӊештин сессияларына катышууга милдеттүү. Кеӊештин сессияларына катышууну эсепке алууну кеӊештин жооптуу катчысы уюштурат. Сессияга келүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда депутат бул жөнүндө кеӊештин төрагасына күн мурунтан билдирүүгө тийиш.

12.4. Сессияны өткөрүү мезгилинде депутаттардын ичинен ачык добуш берүү менен сессиянын катчысы көрсөтүлөт.

12.5. Шаардык кеӊештин сессиясында каралуучу маселелер, докладдар, билдирүүлөр жана алар боюнча чыгып сүйлөөлөр, дем алыштар сессияны алып баруу тартибинде белгиленип депутаттардын макулдугу менен бекитилет.

12.6. Шаардык кеӊештин депутаттарынын ыйгарым укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдарынын ченеминде аныкталат.

12.7. Сессияга катышкан шаардык кеӊештин депутаттарынын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат

12.8. Бир жылдын ичиндеги жүйөөлүү себептерсиз сессияга катышпаган депутаттардын тизмеси шаардык кеӊештин чечими менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн берилиши мүмкүн.

Шаардык кеӊештин сессияларын катары менен 4 жолу жүйөөлүү себептерсиз калтырганы, ошондой эле шаардык кеӊештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шаардык кеӊештин депутатын чакыртып алуу тууралуу маселесин көтөрүүгө укуктуу.

            Депутаттын шаардык кеӊештин сессиясын калтыруунун жүйөөлүү себептери документ менен тастыкталган оору, иш сапары, өргүү учурунда шаардан сырт жакта болгон учурда жана башка жүйөөлүү себептер эсептелинет.

12.9. Шаардык кеӊештин протоколдук чечими менен шаардык кеӊештин сессиясынын жумушчу органдары (катчылык, эсептөө комиссиясы, зарыл учурларда башка комиссиялар) түзүлөт.

12.10. Шаардык кеӊештин сессиясынын күн тартибинде сессиянын күн тартибинин кезектеги маселелери жана аларды кароо тартиби камтылышы керек.

Шаардык кеӊештин төрагасы шаардык кеӊештин аппараты менен бирге даярдаган кеӊештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору депутаттарга таратылат

12.11. Шаардык кеӊештин кезектеги сессиясынын күн тартиби шаардык кеӊештин аппараты тарабынан кезектеги сессиянын башталышына эки жума калгандан кечиктирилбестен, шаардык кеӊештин туруктуу комиссиянын сунуштарын эсепке алуу менен жана ушул Регламентке ылайык аныкталат.

Муну менен бирге шаардык кеӊештин аппараты шаардык кеӊештин кезектеги сессиясына 3 күн калгандан кечиктирилбестен (эгер ушул Регламентте башкача каралбаса) бардык депутаттарга кезектеги сессиянын күн тартибинин долбоорун жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдарды жеткирет.

Кезексиз сессия өткөрүү учурунда күн тартибинин долбоору жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдар депутаттарга сессиянын алдында каттоо жүргүзүүдө таратылат.

12.12. Шаардык кеӊештин сессиясын шаардык кеӊештин төрагасы алып барат. Анын жогунда сессияда төрага же төраганын орун басары тапшырган, же шаардык кеӊештин протоколдук чечими менен башка депутат (өзүн-өзү баш тартпаган) төрагалык кылат.

Сессияда төрагалык кылган өзү баяндамачы (кошумча баяндамачы) болгон маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.

12.13. Шаардык кеӊештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө укуктуу:

-эгер сөз сүйлөп жаткан Регламентти бузса, күн тартибинен тышкары сөз сүйлөсө, жүрүш-туруш этика эрежелерин сактабаса, ага сөз берилбейт;

-шаардык кеӊештин аппаратынын кызматкерин сессиянын өтүшүн камсыздоо үчүн чакырууга

- депутаттарга жана кызматтык жактарга маалым кат алуу үчүн кайрылууга;

- пландалбаган кайым айтыштарды токтотууга;

- сессиянын жыйындар залында өзгөчө жагдайлар пайда болгон учурда, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулганда сессияны токтотууга;

12.14. Шаардык кеӊештин сессиясынын учурунда төрагалыктын уруксатысыз сессияда бир да сессиянын катышуучусунун сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок.

12.15. Шаардык кеӊештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө милдеттүү:

-Регламентти сактоого жана сессиянын күн тартибин карманууга;

-сессияда депутаттардын укуктарын сактоону камсыздоого

- сессиянын жыйындар залында тартипти сактоону камсыздоого

-сөз сүйлөө регламентинин убактысын сактоого, сөз сүйлөп жатканга белгиленген убакыттын өтүшү тууралуу өз убагында эскертүүгө, көзөмөл жүргүзүүгө

- бардык келип түшкөн сунуштарды белгилөө жана келип түшкөн тартиби боюнча добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө;

- кезеги менен сөз берүүгө;

-сессияны өткөрүүнүн тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын угууга (окуу) жана добушка кезексиз коюуга, анын ичинде өзүнүн альтернативалуу сунуштарын сунштоого;

-сессиянын катышуучуларына сый урмат көрсөтүүгө, сессиянын катышуучуларынын сөз сүйлөгөндөрүнө жеке эскертүү жана баа берүүдөн өзүн өзү тыюуга, сөз сүйлөгөндөн кийин түшүндүрмө берүүгө.

- эреже жана жол жобо боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн эске алууга;

- аталыш боюнча добуш берүүгө коюлган сунуштарды редакциялоого жана аталыш боюнча добуш берүүнүн бланктарын толтурууну жетектөөгө;

13-глава Депутаттык мандат

  1. Депутаттык мандат төш белги менен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат
  2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөнкүдөй учурда токтотулушу мүмкүн:
  1. Туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашого көчүп кеткенде;
  2. Депутаттык ыйгарым укугун ыктыярдуу тапшырганда;
  3. Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
  4. Депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
  5. Депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
  6. Депутат өлгөндө же дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
  7. Депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
  8. Кеӊеш таркатылганда;

14-глава. Добуш берүү жана чечим кабы алуу тартиби

14.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн пайдалануучу төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

- шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы саны Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы менен аныкталат.

-отурумда катышкандардын саны- добуш берүүнүн алдындагы акыркы каттоо учурунда катталган шаардык кеӊештин депутаттарынын саны

14.2. Шаардык кеӊеш чечимдерди сессияда ачык же жашырын добуш берүү жолу менен кабыл алат.

            Ушул Регламентте белгиленген добуш берүүнүн түрүн өзгөртүү тууралуу шаардык кеӊештин чечими шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат

-бардык маселелер боюнча добуш берүү шаардык кеӊештин отурумунун протоколуна киргизилет.

            14.3. Бир маселе боюнча добуш берүүдө, чечим чыгарууга «Макул», «Каршы» же «Чечим кабыл алууда калыс калуу» менен шаардык кеӊештин депутаты бир добушка ээ.

14.4. Ачык добуш берүүнүн алдында төрагалык сессияда добуш берүүгө канча сунуш коюларын, канчалык көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынарын (шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын, сессияда катышкан депутаттардын санынан) билдирет.

Добуштарды эсептөөдөн кийин сессиядагы төрагалык чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын (четке кагылгандыгын) билдирет.

Кворум жок болсо, сессиядагы төрагалык добуш берүүнү шаардык кеӊештин сессиясынын кийинки отурумуна жылдырат.

14.5. Жашырын добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Жашырын добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.

Жашырын добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык кеӊеш шаардык кеӊештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт. Шайлоочу органдардын курамына көрсөтүлгөн депутаттар эсептөө комиссиясынын курамындагы өзүнүн ишин добуш берүү учурунда токтото турушат.

Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан комиссиянын төрагасын  жана катчысын шайлайт. Эсептөө комиссиясы өзүнүн чечимдерин өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

Жашырын добуш берүү үчүн бюллетендер эсептөө комиссиясынын сунушу жана шаардык кеӊештин чечими менен бекитилген формада жана санда шаардык кеӊештин депутаттарынын тийиштүү саны боюнча эсептөө комиссиясынын контролунда даярдалат. Добуш берүү бюллетендеринде чечимдин долбоору боюнча «Макул», «Каршы» жооптордун түрлөрү каралышы керек. Эсептөө комиссиясында калган бюллетендер Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда анын төрагасы тарабынан жок  кылынат. Добуш берүүнүн убактысы жана орду, аны өткөрүү тартиби ушул Регламентке ылайк эсептөө комиссиясы тарабынан белгиленет жана эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.

14.6. Шаардык кеӊештин ар бир депутатына анын депутаттык күбөлүгүнүн көрсөтүүсүндө депутаттардын тизмесине ылайык, жашырын добуш берүү үчүн бир бюллетень берилет, ал жөнүндө депутат көрсөтүлгөн тизмедеги аты жөнүнун тушуна кол кот. Ар бир бюллетендин арткы бети эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү менен кол коюлууга тийиш.

Жашырын добуш берүү үчүн бюллетень эсептөө комиссиясы печаттаган атайын ящикке салынат.

Эсептөө комиссиясы депутаттардын жашырын оюн билдирүүгө шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.

Депутатттарын добшун эсеептөөдө белгисиз түрдөгү, депутаттардын ою аныкталбаган бюллетендер жараксыз деп эсептелинет. Добуштарды эсептөөнү бюллетенге кошумча киргизүү эсептелбейт.

Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү менен кол коюлат. Эсептөө комиссиясынын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессиянын төрагалыгы чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгы шардык кеӊештин токтому менен жол жоболоштурулат.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө каталыктар аныкталса, шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими менен добуш берүү кайрадан өткөрүлөт.

14.7. Тартиптик маселелер боюнча чечим добуш берүүдө катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, эгер ушул Регламентте башка тартип каралбаса.

14.8. Добушка коюлуучу сунуштар жана оӊдоолор жарыяланат жана алардын демилгечилери аталат

 

15-глава. Шаардык кеӊештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары.

15.1. Шаардык кеӊештин сессияларында протокол жүргүзүлөт. Сессиялардын отурумдарынын протоколдорун жол жоболоштуруу шаардык кеӊештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт. Шаардык кеӊештин отурумдарынын протоколдорунда төмөнкүлөр чагылдырылат: отурумду өткөрүү датасы; убактысы; орду; отурумда катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибиндеги маселелер; бул сессия үчүн депутаттардын арасына таркатылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессиянын төрагалыгынын жана сөз сүйлөөчүлөрдүн аты жөнү; добушка коюлган бардык маселелер жана сунуштар, алардын чечилиши; добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер

Протокол сессиянын отурумунун төрагалыгы менен кол коюлат.

15.2. Шаардык кеӊештин сессиясында стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлөт. Стенограмманы шаардык кеӊештин аппараты жүргүзөт. Сессиянын ачык отурумунун стенограммасы атайын чыгарылыш менен жарыяланышы мүмкүн.

Сессиянын стенограммасы талкуунун жана чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүн, ошондой эле сессиянын отурумун өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду: сессиянын күн тартибин; сессиянын төрагалыгынын аты жөнү толук чагылдырылышы керек.

16-глава. Шаардык кеӊештин укуктук ченемдик актылары.

16.1. Шаардык кеӊештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.

16.2. Шаардык кеӊештин токтомдору сессияда шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, ушул Регламентте каралган учурлардан башкасы.

16.3. Шаардык кеӊештин токтомдоруна шаардык кеӊештин төрагасы кол коет. Шаардык кеӊештин төрагасы жок болгон учурларда, шаардык кеӊештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына шаардык кеӊештин төрагасынын орунбасары коет.

16.4. Шаардык икеӊештин ишин уюштуруунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгы, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Ргламентте аларды жол жоболоштуруунун тартиби белгиленбесе, токтом менен жол жоболоштурулат.

16.5. Жергиликтүү кеӊеш тарабынан кабыл алынган укуктук ченемдик акты тиешелүү аймакта мекеме ишканалар

 

V БӨЛҮМ. Шаардык кеӊештин регламенти.

17-глава. Шаардык кеӊештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби

17.1. Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары жана депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушу менен киргизилген шаардык кеӊештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштары шаардык кеӊештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.

17.2. Шаардык кеӊештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышын контролдоо шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Шаардык кеӊештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү шаардык кеӊештин сессияларында берилет жана зарыл учурда шаардык кеӊештин токтому менен бекитилиши мүмкүн.

17.3. Шаардык кеӊештин Регламентин буузуу менен кабыл алынган чечимдер аларды кабыл алган учурдан тартып жараксыз деп эсептелинет

Бул регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын шаардык кеӊештин иш тартибин аныктайт.