Жабуу
13-май

Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын долбоору

 

                                                                                                          Долбоор

 

Сүлүктү шаарынын жергиликтүү

жамаатынын Уставы

 

I. Жалпы жоболор;

II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

III. Жергиликтүү маанидеги маселелер;

IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары;

V. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери;

VI. Корутунду жоболор;

 

I. Жалпы жоболор;

 

1.1. Шаардын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңештин токтому менен бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушунун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик жараяндарга катышуусун кошкондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири - бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.

1.2. Ушул Устав Сүлүктү шаарында колдонулат жана өзүнүн уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан, шаарда иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.

 

2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

администрациялык-аймактык бирдик - бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар;

жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү шаардын же айылдык аймактын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;

жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, шаардын же айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;

өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;

демилгечи топ – ушул Уставга ылайык шаардык же аймактык коомдук өз алдынча башкаруу чогулушун жана курултайды өткөрүү, шаардын же шаар аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн шаарда жашаган 7-11 жарандардын курамындагы ыктыярдуу бирикме;

(Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн курамы көрсөтүлгөн санынан ашыкча болуусу  жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет).

жергиликтүү курултай (жергиликтүү жамааттын курултайы) – шаарда жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо, коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштамаларды берүү максатында өткөрүлүүчү шаардын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;

муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;

жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик - укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана шаардык кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;

жарандардын чогулушу (жыйыны) – жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарынын иши жөнүндө калкка маалымат берүү үчүн колдонулуучу бир көчөнүн, кварталдын же шаардын аймагында жашаган жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга түздөн-түз катышуусунун формасы;

коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды алууга, ылайыктуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;

жамаатын муктаждыгын чогуу иликтөө – маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо жараяны жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу;

салт - жалпы элдик мүнөздөгү менталдык жашоосунун Кодексиндеги эрежелердин системасы.

эреже – бул ишмердүүлүктүн кандайдыр бир түрүн жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоочу жараяндык эрежелерди белгилеген ченемдик - укуктук актынын формасы.

 

3. Шаардын территориясы

3.1. Шаардын территориясы шаардын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.

Сүлүктү шаарынын администрациялык  аймагынын чегине:

а) Шаардын чыгыш бөлүгүндөгүКош-Булак аймагындагы көчөлөр;

б) Шаардын борборундагы көчөлөр;

в) Кара-Булак аймагындагы Кенчи көчөсү;

г)  Кольцо станциясы;

д) Шаардын батышындагы Бөкөнбаев жана Кирпичный завод көчөлөрү.  

3.2 Шаардын чегиндеги  мамлекеттик, жеке жана коллективдүү менчиктерине карабаган мүлктөр шаар жамаатынын муниципиалдык менчигине кирет.

Сүлүктү шаарынын аймагында туруктуу жашаган каттоодон өткөн атуулдар Сүлүктү шаарынын жамаатын түзөт.

Сүлүктү шаарынын жамааттарын башкаруу,  маселелери депутаттардын шаардык кеңеши, шаардык мэрия жана коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактары аркылуу ошондой эле түздөн-түз жалпы жыйындар, курултайлар аркылуу жүзөгө ашырылат.

Сүлүктү шаарынын өзүнүн эмблемасы;  желеги жана салтанаттуу ыры болушу мүмкүн.

Сүлүктү шаарынын жамааты биригип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Мыйзамдарынын, укуктук-ченемдик документтеринин жана ушул Уставдын негизинде шаардын өз алдынча башкаруусун ишке ашырат.

3.3. Шаардын юридикалык статусу.

Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары (шаардык кенеш, мэрия) юридикалык жак болуп эсептелет.

Сүлүктү шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин өзүнүн бланкасы, мөөрү,  банкта атайын эсеби  болот.

Сүлүктү шаарынын өз алдынча  башкаруу органдары өзүнүн атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде республиканын аймагында жана анын чегинен сырткары иш алып барууга укуктуу.

Устав мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап күчүнө кирет.

Сүлүктү шаарынын мэриясы, шаардык кеңеш жана шаардын жамааты ушул Уставдын негизинде иш алып барууга укуктуу.

Жайгашкан жери: Сүлүктү шаары. Раззаков көчөсү – 1.

3.4. Шаардык өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму.

Сүлүктү шаарынын өз алдынча башкаруу органдарынын системи төмөнкүлөрдөн турат:

- өкүлчүлүктүү органдардан – шаардык кеңеш жана шаардык жамааттын өкүлдөрүнун элдик курултайынан;

- шаардык өз алдынча башкаруунун аткаруучу –тескөөчү органы мэриядан турат.

- коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынан.

 

4. Шаардын жергиликтүү жамаатынын макамы, укуктары жана милдеттери

4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, шаарда туруктуу каттодон өтүп жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары шаардын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.

4.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги субъектиси жана объектиси болуп саналат.

Жергиликтүү жамааттын 18 жаштан жогорку мүчөлөрү жынысына, рассасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга таандыктыгына карабастан түздөн түз жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тең укуктуу.

Жергиликтүү жамаат, өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу эл аралык жана республикалык бирликтерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укугу бар.

Жергиликтүү жамааттын зарылчылыгына жараша башка жергиликтүү жамааттар менен түздөн-түз алакага кирүүгө укугу бар.

4.3. Жергиликтүү жамаат, шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын алдында ардагерлер, аялдар, жаштар ж.б коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.

4.4. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү үрп - адаттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укуктуу. Символдордун сүрөттөлүп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби жергиликтүү кеңештин токтому менен белгиленет.

 

5. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби

5.1. Жашы 16 дан жогору, Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаарда өзү жашаган дареги боюнча каттоодон өтүү фактысы, аны шаардын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп саналат.

5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), шаарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары:

- ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланууга жана шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга укугу жок;

- ишкердүүлүк үчүн муниципалдык менчикти келишим негизинде пайдаланууга уруксат берилет, бирок объекти менчиктештирүү укугу берилбейт;

- шаардын муниципалдык турак жай фондун келишим негизинде пайдалана албайт жана үй курууга жер тилкесин бөлүүгө тыю салынат.

Калган башка учурларда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.

5.3. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.

5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:

- ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;

- ал каза болгондо;

- аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- ал шаардан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.

 

 

 

6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары

6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жынысына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу:

- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;

- жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого;

- мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте шаардык кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды шаардык кеңештин кароосуна тиешелүү жараяндарды сактоо менен киргизүү үчүн демилгечи топторду түзүүгө;

- жамааттын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;

- шаардын мэриясына, жана шаардык кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана жамааттык кайрылууларды жөнөтүүгө, жамаатка тиешелүү бардык маселелер боюнча (мамлекеттик сыр же атайын гриф коюлган документтерден сырт) өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө жана коюлган суроолоруна ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө;

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;

- муниципалдык менчиктин мүлкүнүн объектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга;

- муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана тикелей сатууга) катышууга же ижарага алууга;

- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен күч аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамааташтыктан ортолук менчигинде уюм, мекеме ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга;

- жергиликтүү курултайларга, чогулуштарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;

- Уставда каралган ушул укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды кароо максатында тиешелүү органдарга кайрылууга;

- жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузууларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;

- жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чараларга, марафондорго) катышууга;

- шаардын айланасындагы турак-жай конуштарынын, үй, көчө, кварталдык комитеттер, кондоминиум түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды, жамаатты, коммерциялык эмес уюмду Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбегендей түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;

- шаардык бюджетти түзүүдө, бюджеттик угууларга катышууга, ошондой эле шаардык бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу, мамлекеттик сыр болуп эсептелген беренелерди кошпогондо, түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада маалымат алууга;

- мыйзамдын чегинде өндүрүштүк тейлөөчүлүк (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;

- адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамаат, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары, тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан ишенимдүү корголушун талап кылууга;

- ушул Уставда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга.

6.2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

 

7. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери

7.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү этностук тиешелүүлүгүнө, жынысына,  майыптыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине карабастан, төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик -укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;

- жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;

- жынысы, рассасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;

- этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка мүнөздөгү чыр – чатактардын алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;

- этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө сабырдуу болууга;

- жамаатын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;

- жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча бекитилген шарттарды, өзгөчө кырдаалдарда жана башка шарттарда коомдук тартипти, жарандык коргонуунун талаптарын сактоого жана башка коомдук кызматтарды милдетүү түрдө аткарууга;

- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Уставдын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга;

- жамааттын белгиленген ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;

- жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга.

- өз үйүн, короо-жайын таза кармоого жана өз убагында оңдоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү алууну камсыз кылууга;

- калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;

- курчап турган табиятка (айлана-чөйрөгө) камкордук, аярлык, сарамжалдуулук менен мамиле жасоого, бак-дарак жана башка өсүмдүктөргө, жан-жаныбарларга кыянат мамиле кылгандар менен аеосуз күрөшүүгө, тарыхый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;

- калктуу конуштарда мал кармоодо бак-дарактарга, көрктөндүрүү үчүн атайын гүл өстүрүлгөн  жайларда зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоого;

- мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;

- турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;

- мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына зыян келтирүүчүлөргө жана адептүүлүккө көңүл коштук менен мамиле жасабай ага каршы күрөшүүгө милдеттүү.

Жергиликтүү жамааттын ар-бир мүчөсү, өз аймагынын калыптанып калган шарттарына жараша, кошумча төмөндөгү өзгөчө милдеттерди жана парздардыаткарууга милдеттүү:

- ар бир ата-эненин милдети катары баланын өсүп-өнүгүүсүнө жана билим алуусуна кам көрүүгө, туура тарбия берүүгө жооп берүүгө;

- эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир бала ата-энелерине камкордук көрүүгө;

- жалпы калктын ыйык парзы катары жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукердик менен мамиле жасоого, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок кары-картаңдарды, майыптарды, эмгекке жарамсыздарды камкордукка алууга жана багууга;

- улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүүгө, араккечтике, уурулукка, баңгиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпоздукка барбоого, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоого, коомдук тартипти сактоого катышууга;

- ар бир үй-бүлө башчысы өз үй-бүлөөсүндө ынтымактуу, бейпил турмушту камсыз кылууга, кошуна колоңдор менен тынчтыкта жашоого, үй-бүлөө мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды эмгектенүүгө, Ата-Мекенин, өз шаарын сүйүүгө, атуулдукка, достукка тарбиялоого;

- ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоого, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүүгө;

- айыл аймагынын, шаардын коомдук жайларында жамааттын беделин түшүрүүчү жосунсуз жоруктарды жасабоого, намысты бекем кармоо ыйык парз экендигин унутпоого;

- маркумду акыркы сапарга узатууда жоосунсуз жоруктарды жасоого, атап айтканда көңүл айтуу сыяктуу шылтоолоп ичкилик ичүүлөргө, жыртыш таратууга, кийит кийгизүүгө, доорон акы берүүгө катуу тыюу салынат;

- кызды күйөөгө берүү, келин алуу эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлөт жана ашыкча чыгымга жол берилбейт;

- айылдагы ар бир атуул кыргыз элинин кайрымдуулук салттарын улап, бей-бечараларга, жардамга муктаждарга жардам көрсөтүү максатында шаардык бюджет алдында фонд ачылат, түшкөн каражат комиссия аркылуу бөлүштүрүлүп турулат;

- уруксатсыз аңчылык кылууга жана жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөөгө;

- шаардагы жол жээктериндеги муниципалдык менчиктеги бак-дарактарды мэриянын уруксатысыз кыюуга тыюу салынат.

 

II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары

8.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүлүгү.

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жарандардын жергиликтүү жамааттары түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү (шаардык кеңеш) жана аткаруу (шаардын мэриясы) органдары аркылуу жүзөгө ашырышат.

8.3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелелерди жыйындарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда талкуулоо, ченем чыгаруу демилгесин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну тикелей ишке ашырышат.

8.4. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү өз демилгеси, өз каражаттарынын жана башка тараптардын каражаттарынын эсебинен, мыйзамдарда каралган шарттарга ылайык шаардын мэриясынын макулдугу менен  жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырышат.

 

9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

9.1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – шаардык кеңеш, шаардын мэриясы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик - укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.

9.2. Жарандар мыйзамдарга жана ушул Уставга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылышат, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алышат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланышат.

9.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы – аткаруу бийлигинин башчысы, шаардык кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн алдында отчет берип турушат.

9.4. Шаардын мэриясы маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, шаардык кеңештин кароосуна тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү учурунда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мүчөлөрүн кабарландырууга милдеттүү.

9.5. Шаардык кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана шаар тургундарына/тургунуна тиешелүү маселе боюнча күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга расмий - сайтында маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө милдетүү.

Шаардык кеңештин депутаттарынын ички маселеси боюнча жана чукул чечим кабыл алуу кырдаалы түзүлгөн учурда, ушул пункттун биринчи бөлүгүндөгү норма сакталышы шарт эмес.

 

III. Жергиликтүү маанидеги маселелер

10. Жергиликтүү маанидеги маселелер

10.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер – бул шаардын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер. Алар тиешелүү мыйзам жана жергиликтүү жамааттын Уставы менен белгиленет, аларга толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен өзгөртүлөт жана/же токтотулат.

10.2. Жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси Мыйзамда белгиленген тизме менен биротоло бүттү деп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.

10.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик - укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын Уставы менен белгиленет.

 

11. Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктоонун тартиби

11.1. Маселени жергиликтүү маанидеги деп табуу үчүн ал жергиликтүү муктаждыктын жана кызыкчылыктын болушу, мамлекеттик же башка тараптардын эч кимиси аны чечпей жатышы, аны чечүү үчүн ресурстарды табуунун мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы, аны аткаруучу субъектилердин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жамаат) отчеттуулугу сыяктуу критерийлергетуура келүүгө тийиш.

11.2. Төмөнкү тизмедеги маселелер жергиликтүү маанидеги маселелер катары жергиликтүү жамааттын уставына киргизилиши мүмкүн:

- көчөлөрдү, суу курулмаларын оңдоп-түзөөнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

- коомдук пайдалануудагы жерлердеги бак-дарактарды өстүрүүнү жана коргоону жөнгө салууга көмөк көрсөтүү же менчигинин формасын өзгөртүү;

- калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттууларды кармоону жана багууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

- калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнү жана пайдаланууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

- калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы ичүүчү сууну колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

- калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү;

- жергиликтүү жамааттын ичиндеги ийкемдүү мамиле, жашоого жагымдуу маанай түзүү, жергиликтүү жүрүм-турумду, адеп-ахлакты бекемдөөгө, элдик каада-салтты сактоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүгө көмөк көрсөтүү;

- үй - бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

- маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү ж.б.

11.3. Жергиликтүү жамаат өзү ушул Уставга ылайык аныктаган мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча эрежелерди иштеп чыгат, колдонууга киргизет жана сакталышын, аткарылышын көзөмөлдөйт.

 

12. Муниципалдык менчик

12.1. Муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги;

12.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз же өкүлчүлүк органы аркылуу катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.

12.3. Муниципалдык менчик өзүнө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акчалай каражаттарын, баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлктүк укуктарды камтыйт.

12.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттары дагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчиги болуп саналат. Бюджеттик каражаттарды, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башкы органдардын алып коюусуна жол берилбейт.

12.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине ээ болууга жана аны жүргүзүүгө милдеттүү.

Реестрде милдеттүү түрдө төмөнкүдөй негизги маалыматтар камтылуусу шарт:

- объектти сыпаттап жазуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык же жеке жактар ээлик кылган мүлккө муниципалдык менчик объекттерине карата укуктарды ырастаган документтер;

- объекттерди пайдаланууга карата чектөөлөрдүн тизмеси;

- объекттердин бааланган наркы;

- мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин өзгөчөлүктөрүнө жана аларды пайдаланууга байланышкан башка маалымат камтылууга тийиш.

12.6. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринин мазмуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтөө үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш.

12.7. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби шаардык мэрия тарабынан белгиленет жана шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.

Муниципалдык мүлктөрдү башкарууну,тескөөнү,иш алып барууну Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө»Мыйзамынын жана башка тийиштүү мыйзамдардын,Жоболордун негизинде жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жүргүзөт.

 

13. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу, бул учурдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби. Демилгечи топтор

13.1. Жынысына, рассасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашкатолгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (мындан ары - СЭӨП) натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мыйзамдарда, башка ченемдик – укуктук актыларда талап кылынган жагдайларды сактоо жолу аркылуу өз ара аракетте катышууга укуктуу.

13.2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу жамааттын мүчөлөрүнүн жамааттын муктаждыктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип же өз алдынча иликтөөсү аркылуу жүзөгө ашырылат.

13.3. Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жараянында, ыктыярдуу негизде шаардын мэриясы жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ар кайсы тармактар боюнча демилгечи топторду түзөт, аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аткарууга жооптууларды белгилейт. Бул учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу, аларды чечүү боюнча иш-чараларды аныктоо, бул тууралуу шаардын жашоочуларынын ой-пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу ишке ашырылат.

13.4. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жараянына төмөнкүлөр катыша алышат:

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

- шаардык кеңештин депутаттары;

- шаардын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери;

- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү;

- атайын чакырылган адистер.

13.5. Шаардын мэриясы жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча жыйынга (чогулушка), коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:

- жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨПж.б.);

- тандалып алынган багыттар боюнча демилгечи топтордун санын;

- жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.

13.6. Демилгечи топтордун саны жана алардын курамы, жергиликтүү жамаат менен макулдашылат, андан кийин шаардын мэринин чечими менен бекитилет.

13.7. Биргелешкен аракеттер планынын долбоору жергиликтүү жамаат менен жыйында (чогулушта), коомдук угууларда макулдашылат, катышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен шаардык кеңеш тарабынан бекитилет. Бул маалымат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына же болбосо маалыматтык тактайында илинүү жолу менен жалпы элге маалымдалат.

13.8. Социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы шаардын мэриясы тарабынан иштелип чыгат жана шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.

13.9. Жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Талкуунун жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы жана шаардык бюджеттин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.

 

14. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү

14.1. Жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.

14.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - мэриянын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;

- шаардын аймагында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, демөөрчүлөрдүн жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин /долбоорлордун/ программалардын иш жүзүнө ашыруу жараянында жана натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

- жергиликтүү демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу жараянын, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;

- этностор аралык чыр – чатактарды алдын алуу жана болтурбоо максатында шаардын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.

14.3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн шаардык кеңеш, биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Шаардык кеңеш ушул Уставдын 14.2. пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби шаардык кеңеш тарабынан аныкталат.

14.4. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, демилгечи топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, тиешелүү адистер жана башка жактар кирүүгө укуктуу. Топтун курамы шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.

14.5. Шаардык мэрия ушул Уставдын14.2. пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.

14.6. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн жыйындарга (чогулуштарга), коомдук угууларга, курултайларга зарылчылыгына жараша киргизилет.

 

15. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

15.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, ченемдик укуктук актыларга ылайык, жашаган жери боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгелери жана өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүү үчүн шаардын бөлүгүндө ишке ашыруу үчүн аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын уюштурууга укуктуу.

15.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары шаарларда аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кеңеши, кварталдык жана кондоминиум, түрүндө түзүлөт.

15.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын (кварталдык жана кондоминиум) аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен шаардык кеңеш тарабынан белгиленет.

15.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар шаардык кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак макамын алууга укуктуу.

15.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарына келишимдик негизде жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди өткөрүп бериши мүмкүн. Ошондой эле аларга ыкчам башкарууга чарбалык объекттерди, турак жай жана турак жай эмес фондду, ошондой эле өзүнүн материалдык жана башка ресурстарынын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу.

15.6. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган шаардык кеңешке отчет берет.

15.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мэрия аймактык коомдук өзүн - өзү башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салат.

15.8. Сүлүктү шаарынын аймагындагы бир жана бир канча көчөлөрдө жашагандардын шартына жараша кичи бөлүктөргө бөлүнүп уюштурулат жана шаардын мэриясы менен шаардык кеңешке ар тараптан жардам көрсөтүүчү башталгыч деңгээлдеги коомдук аткаруучулук кызмат болуп эсептелет.

15.9. Коомдук өзүн-өзү башкаруу  аймактарынын иш-чаралары өздөрү тарабынан аныкталат жана аймактын тургундарынын  чогулушунда бекитилет.

15.10. Аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүн шаардын конференцияларында, жыйындарында эки жылдык мөөнөткө жергиликтүү жамаат шайлайт жана шаардык кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет, шаардык мэрияга маалымдалат.

15.11. Аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруу органдары өзүнүн аймагындагы бардык маселелерди шаардын мэриясы менен жүргүзөт.

15.12. Аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруу органдары шаардык кеңешке, шаардык мэрияга баш ийет жана өзүнүн аймагында жашаган жамааттын алдында аткарган иштери жөнүндө жылына бир жолу отчет берет.

15.13. Аймактагы жашоочулардын ортосунда “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү үй-бүлө”, «Үлгүлүү коомдук өз алдынча башкаруу аймагы»наамдарын ыйгаруу боюнча кароолорду уюштурууга, анын жыйынтыгын өз учурунда чыгарып турууга көмөктөшөт.

 

 

IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары

16. Жергиликтүү жамааттын курултайы

16.1. Шаарда жалпы кызыкчылыктарды жараткан өтө маанилүү маселелерди, анын ичинде жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушуна тиешелүү жергиликтүү маанидеги маселелерди жамааттын мүчөлөрү менен талкуулап, сунуштама түрүндө коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн шаардын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны - жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары - курултай) чакырылат.

Курултайдын делегаттары (жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү) жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат.

16.2. Курултайдын ишин уюштуруу конституциялык мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Жободо жана ушул Уставда каралган тартипте жүргүзүлөт.

16.3. Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:

- жергиликтүү жамааттардын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын, ошону менен бирге жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракеттер пландарын, аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун (мындан ары – СЭӨП, БАП ж.б.);

- жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;

- жергиликтүү жамааттардын шаардык бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын мыйзамдарда бекитилген таризде түзүү, аткаруу жана пайдалануу;

- коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка иш-чараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;

- өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.

16.4. Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысынын катышуусу менен шаардык кеңеште милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери шаардык кеңеш жактыргандан кийин шаардын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.

16.5. Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана шаар өзгөчөлүктөрүнө жараша шаардык кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жашаган жери боюнча шаардык же айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат.

Эгерде шаар бирден ашык калктуу пунктан, аймактык бирдиктен турса, анда өкүлчүлүктүн нормасы пропорционалдуу түрдө алардын ар биринин калкынын өкүлчүлүгүн эске алуусу зарыл.

16.6. Күн тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси шаардык кеңешке, шаардын мэрине, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.

16.7. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.

 

 

17. Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгелөөнүн, уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

17.1. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүүнү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгечи топтор), шаардык кеңеш же шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 1/3, шаардын мэри демилгелей алышат.

17.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жыйынды (чогулушту) өткөрүү боюнча саны 11-15 адамдан кем эмес демилгечи топту түзүүгө укуктуу. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгечи топтун мүчөлөрүнүн мындан башка дагы саны белгилениши мүмкүн.

Демилгечи топ шаардын мэрине же шаардык кеңештин төрагасына чогулуш өткөрүү жөнүндө кайрылуу жөнөтөт.

17.3. Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди), жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;

- иш-чарага катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын, шаардын же айылдык аймактын);

- иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;

- демилгечи топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтарды (алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган даректерин).

17.4. Кайрылуу шаардын мэрине же шаардык кеңештин төрагасына келип түшкөн (катталган) күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.

17.5. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча шаардын мэри же шаардык кеңештин төрагасы өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аны өткөрүүдөн баш тартат.

Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча шаардык кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда шаардын мэрине жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат. Баш тарткан учурда, жүйөлүү себептер көрсөтүлүп, кат түрүндө демилгечи топко жооп берилет.

17.6. Жыйынга (чогулушка) эгерде ага тийиштүү шаардын же аймактын (көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоочуларынын 30 пайызы катышса, же жыйынга (чогулушка) чакырылгандардын 50 пайызы катышса, жыйын (чогулуш) укуктуу болуп эсептелет.

17.7. Тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдардын, айыл аймагынын, шаардын) жашоочуларынын, же чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, жыйын (чогулуш) катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.

17.8. Жыйындарда каралуучу маселелер:

- шаардын / айыл аймагынын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аркеттердин планы;

- шаарда же айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык чыр - чатактарды (конфликттерди) болтурбоо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;

- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө;

- турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, кварталдарды, калктуу конуштарды көрктөндүрүү;

- аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери;

- жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;

- айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди кароо;

- шаардын же анын бир аймагынын территорияларынын чектеринде шаардын же калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, административдик борборун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, шаарды же айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү;

- жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.

17.9. Жыйындар (чогулуштар) шаардын же шаардык кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгечи топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо менен чакырылат.

17.10. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жыйындар (чогулуштар) шаардын мэри же шаардык кеңеш же анын төрагасы тарабынан белгиленген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.

17.11. Жыйындарда (чогулушта) талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнөн түшкөн суроолорго, сунуштарга, сын-пикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген жыйындын (чогулуштун) катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.

Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.

 

18. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем жаратуу (элдик) демилгеси

18.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем жаратуу (элдик) демилгесин көтөрүү укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем жаратуу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана шаардык кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.

18.2. Ченем жаратуу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.

Ченем жаратуу демилгеси ишкердүүлүктө жеке материалдык пайданы көздөөгө багытталган  иш аракеттерге шайкеш келүүсүнө жол бербөөгө тийиш.

18.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында - шаар аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.

18.4. Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген шаардык кеңештин токтомунун долбоорлору шаардык кеӊешке киргизилиши мүмкүн эмес.

18.5. Шаардык кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топту түзүшөт.

Шаарда же айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат

18.6. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн керектүү санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун шаардык кеңешке киргизет.

18.7. Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгечи топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен шаардык кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясында кароо жөнүндө арыз менен шаардык кеңештин төрагасына кайрылат.

18.8. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:

- токтомдун долбоорун шаардык кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;

- токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук түрү;

- маалымкат-негиздеме;

- шаардык кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;

- төмөндөгү маалыматтар (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, шаардык кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу) камтылган кол коюу барагы;

Кол топтоо укугу демилгелүү топтун  мүчөлөрүнө таандык болот. Жарандардын колун топтоого  багытталган иш-чараларын даярдоого жана өткөрүүгө багытталган чыгымдар жергиликтүү жамааттын каражаттарынын эсебинен ишке  ашырылат.   Кол  топтоону жүргүзгөн  демилгелүү топтун  мүчөсү шаардык кеңештин кароосуна сунуш кылынган токтомдун долбоорунун текстин  тааныштыруу үчүн жарандарга  берүүгө  милдеттүү, мындай жагдай орун албаса, кол топтолгону менен ал мыйзамсыз деп эсептелинет.

18.9. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген шаардык кеңештин токтомунун долбоору шаардык кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана шаардык кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.

18.10. Шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы шаардык кеңеш тарабынан каралууга жатат.

18.11. Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, шаардык кеңеш токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө үгүттөө жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

 

19. Коомдук угуулар. Коомдук угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

19.1. Коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, иликтөөгө катышуучулардан сунуштарды таразаланган чечимдерди табуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.

19.2. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алуугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттануусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

19.3. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жүктөлөт жана шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

19.4. Коомдук угуулар офлайн же/жана онлайн формаларында уюштурулушу жана өткөрүлүшү мүмкүн. Коомдук угууну уюштуруу жана өткөрүү формасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт.

Шаардык бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча коомдук угууларды онлайн формасында уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиниин ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгып колдонууга сунушталат.

19.5. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:

- шаардык бюджетти түзүү жана аткаруу;

- өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

- муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);

- жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер.

Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга бир гана маселени алып чыгуу сунушталат.

19.6. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төмөнкү учурларда милдеттүү түрдө өткөрүлөт:

- шаардык бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелерди талкуулоодо;

- өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлорун талкулоодо (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

- муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө, мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учурунда. Кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү суу, сугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.

19.7. Коомдук угуулар, эгерде ага өкүлдөрдүн, коомдук угууга чакырылгандардын 50 пайызынан кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. (Коомдук угуунун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 70 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).

 

 

20. Коомдук угууну уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

20.1. Белгилүү маселе боюнча коомдук угууну өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин  төмөнкү ырааттуулукта аракеттерди көрүүсү зарыл:

Коомдук угууга чейин 3-4 жума калганда өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун аныктоо зарыл.

Коомдук угууга чейин 2 жума калганда талкуулоонун предмети боло турган сунуштун жана документтин долбоору  даярдалат.

Коомдук угууга чейин 1-2 жума калганда:

- коомдук угууга алып чыгып жаткан документтердин долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат;

- коомдук угууга чакыруу барактарын иштеп чыгуу жана  жана даярдоо жүргүзүлөт;

- калкка, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга, жарандык топторго, өкмөттүк эмес уюмдарга  чакыруу барактарын жана документтин долбоорлорун таратуу;

- маалыматты илүү жана башка мүмкүн болгон каражаттар менен жалпыга жарыялоо;

- документтин долбоорун алуу жайын маалымдоо менен, коомдук угуу жөнүндө пресс-релиз чыгаруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоо ;

- коомдук угууну даярдоо жана өткөрүү боюнча мэриянын аппаратынын кызматкерлерин окутууну (нускама берүүнү) жүргүзүү;

- коомдук угуунун максаттарын, датасын, убактысын жана өткөрүлүүчү ордун көрсөтүү менен калкты талкууланып жаткан маселе менен тааныштыруу үчүн шаардын жалпыга жетимдүү жайларында кулактандырууларды жайгаштыруу;

- жамааттын негизги чечүүчү адамдарына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, мэриянын аппаратынын бөлүмдөрүнө, зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине жеке кабарлоо;

- коомдук угуунун алып баруучусун жана катчысын (өкүлчүлүктүү же аткаруу органынан) тандоо;

- зарыл болгон учурда кызыкдар мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан угууга киргизилген маселе боюнча зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суратып алуу (маалыматтар, материалдар жана документтер уюштуруучуга суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен берилет);

- зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткаруу үчүн эксперттер жана адистер тартылат.

Коомдук угууга чейин 1 жума калганда:

- өткөрүлүүчү орунду даярдоо (катышуучулар үчүн орундар, алып баруучу жана катчы үчүн үстөл, жарык берүү, жылытуу, үн күчөткүчтөр ж.б.);

- көрсөтмө материалдарды даярдоо: плакаттар, доскалар, слайддар ж.б.;

- күн тартибин даярдоо, коомдук угуу учурунда таратуу үчүн материалдардын кошумча көчүрмөлөрүн даярдоо;

- коомдук угууларды өткөрүүнүн эрежелерин даярдоо жана таратуу.

Коомдук угууга чейин 3 күн калганда:

- катышуучуларды каттоо баракчасын даярдоо;

- коомдук угуунун протоколунун формасын даярдоо;

- сунуштар/ой-пикирлер/сунуштамалар/суроолор үчүн бланктарды даярдоо.

Коомдук угууга чейин 1 күн калганда:

- орун жайдын жана жабдуулардын даярдыгын көзөмөлгө алуу;

- катышуучулардын, чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин жана күн тартибин тактоо;

- катышуучуларга таратуу үчүн кошумча материалдардын даярдыгын көзөмөлгө алуу ж.б.

Коомдук угууну өткөрүү күнү катышуучуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоо жүргүзөт, протоколду жүргүзөт жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат.

20.2. Мэрия коомдук угуу өткөрүлгөндөн кийин 10 күндүн ичинде анын натыйжасын жалпылайт жана жол-жоболоштурат, калк арасында коомдук угуунун натыйжалары жөнүндө, ошондой эле жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды таратат. Ошол эле учурда мэрия оозеки билдирүүнү, маалымат тактайларына жайгаштыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернетти жана башка ыкмалар менен жамаатка карата колдонууга мүмкүн болгон маалыматтарды таратуунун ар түрдү ыкмаларын пайдаланат.

 

 

V. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери

21. Калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнүн жана пайдалануунун эрежелери

21.1. Туруктуу негизде же убакыттын кайсы бир учурунда чектелбеген сандагы адамдардын пайдалануусу үчүн арналган территория, мейкиндик, бөлмө коомдук жер деп аталат. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер – пайдалануу (ал жакта жүрүү, болуу) үчүн коомчулукка жеткиликтүү болгон, чек аралары жана атайын юридикалык статусу бар жерлер.

21.2. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге жолдор, көчөлөр, тротуар, сквер, парк, аянт, таштанды чогултуучу жерлер, көп кабаттуу үйлөрдө подъезддер, үйдүн айланасындагы жерлер, чердак жана подвал кирет.

21.3. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүгө, сактоого жергиликтүү жамаат кол кабыш кылат.

21.4. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин чек аралары так аныкталып, чек белгилери коюлат.

21.5. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди менчикке сатууга тыюу салынат.

21.6. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер өзүнүн арналуу багытына жараша пайдаланылат.

 

22. Калктуу конуштарда жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы ичүүчү сууну колдонуу эрежелери

22.1. Ичүүчү сууну колдонуу маселеси “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

22.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты ичүүчү суу менен стандарттарга жана санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык камсыз кылууга милдеттүү.

22.3. Калкты ичүүчү суу менен суу менен жабдуу ишканалары - шаарларда “Сууканал” ишканалары, айыл-кыштактарда Ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелери абоненттик келишимдин негизинде жүргүзүшөт.

22.4. Ичүүчү сууну керектөөчүлөр суу менен жабдуу ишканаларынан ичүүчү суунун сапаты, анын стандарттарга, санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келиши, ошондой эле ылайык келүү сертификаты жөнүндө так маалыматты талап кылууга укуктуу.

22.5. Ичүүчү сууну керектөөчү абоненттер төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

22.5.1. өзүнүн эсебинен сатып алып ичүүчү сууну эсепке алуучу приборду (водомерди) пломбасы менен орнотууга, аны оң абалда кармоого, суу келүүчү түтүктөрдү, водомерди кышкысын тоңуп калып жарылуудан сактоого, ал үчүн жылуулоого;

22.5.2. водомердин көрсөткүчү боюнча керектелген суу үчүн тиешелүү жерге акы төлөп турууга;

22.6. Суунун сапатынын адамдардын саламаттыгына коркунуч келтиргендигин ырастаган айрым көрсөткүчтөр боюнча ылайык келбөө аныкталган учурда, суу менен жабдуу ишканалары жана аларды көзөмөлдөөчү органдар бул тууралу сууну керектөөчүлөргө келип чыккан коркунучту болтурбай кое турган этияттык кылуу чаралары жөнүндө маалымат берүү менен массалык маалымат каражаттары аркылуу токтоосуз түрдө кабарлоого тийиш.

22.7. Калкка жөнөтүлүүчү ичүүчү суунун сапаты жөнүндө маалыматты өз убагында бербегенде же бурмалап бергенде, өз убагында толук жана так маалымат берүүдөн баш тартканда, сууну керектөөчүлөр чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдалануунун эрежелерин сактабаганда жана ал калкты суу менен камсыз кылууну начарлатууга алып келгенде же ушул тутумдарды пайдаланган ишканаларга зыян келтиргенде Мыйзамдарда жоопкерчилик каралган.

22.8. Жогорудагыдай укук бузуулар үчүн айып төлөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун атайын ыйгарым укук берилген органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы – мэрия тарабынан салынат.

 

23. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына катышуунун эрежелери

23.1. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жашаган жеринде жарандардын руханий, физикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жүзөгө ашырылуучу, жарандардын көп бөлүгүнүн катышуусу менен ишке ашырылуучу аракеттердин же коомдук турмуштун кубулуштарынын жыйындысы, ошондой эле адамдардын ортосундагы социалдык байланыштын формасы жана инсандын, коллективдин жана жалпы коомдун биримдигинин мамилелерин өнүктүрүүнүн жолу болуп эсептелет.

23.2. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына ишембиликтер же башка эмгек акциялары, маданий-массалык иш чаралары (фестивалдар, майрамдар, анын ичинде диний майрамдар, концерттер, көргөзмөлөр, жарманкелер ж.б.), спорттук-массалык иш чаралары (спартакиадалар, спорттун түрлөрү боюнча мелдештер ж. б.) кирет.

23.3. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жыйындарда, чогулуштарда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айтышкан сунуштарды, жергиликтүү жамаатты кеңири тааныштыруу, бириктирүү жана ынтымакташтыруу боюнча зарылчылыктарды, өлкөдө, облуста, шаарда, райондо болуучу иш чараларды эске алуу менен, шаардын мэриясы менен макулдашылып, алдын-ала 1 жылга түзүлөт. Шартка жараша планга өзгөртүүлөр киргизилет.

23.4. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында өткөрүлүүчү иш-чаралары тууралуу (максаты, өткөрүү убактысы, өткөрүү орду, катышуучулардын саны ж.б.) кабар уюштуруучулар (жергиликтүү жамааттын демилгечи тобу, шаардын мэриясы, ж.б.) тарабынан кулактандырууларды илүү, ж.б. жолдор аркылуу жамаатка жеткирилет.

23.5. Ишембиликтер жана эмгек акциялары көпчүлүктүн кызыкчылыгында уюштурулган расмий иш-чара болуп саналат. Алардын максаты жеке эле адамдардын жашаган жериндеги аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү, сугат суу каналдарын жана арыктарды, социалдык объектилерди оңдоого кол кабыш кылуу эмес, жаранды жамааттын ичинде болууга, жалпы пайдаланылуучу нерселерди түзүүгө адилеттүүлүк менен теңчилик болгондой катышууга шарт түзүү болуп эсептелет.

23.6. Шаар аймагындагы жергиликтүү жамаат тарабынан кабыл алынган жергиликтүү жоболордун талаптарын бузган учурларда мэрия тарабынан тиешелүү чараларды колдонуу укугу берилет.

 

24. Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого катышуунун эрежелери

24.1. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди коомдук бирикмелер, эмгек жамааттары, ошондой эле ички иштер органдарынын ишине көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн коомчулуктун кошундары менен өз ара аракеттенип ишке ашырышат.

24.2. Ички иштер органдарынын штаттык бирдиктери аз санда жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоого кеңири катышат.

24.3. Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу башталышта ар биринин курамы 10-15 адамдан турган коомдук тартипти сактоо боюнча 5-6 элдик топ түзүлөт. Топ түзүүнү чечкен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушунда бул тууралуу чечим кабыл алынат, топтун аты бекитилет, топтун командири, командиринин орун басары шайланат.

24.4. Шаардык кеңеш элдик топту каттайт, ички иштер органдары менен бирдикте элдик топтун мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана өзгөчөлөнткөн белгилер менен камсыз болууга көмөк көрсөтөт.

24.5. Элдик топтун командири топтун маршруттарын жана рейдге чыгуусунун графигин иштеп чыгат, ал боюнча топтун мезгилдүү – жай кезде дем алышына 1 жолу, чукул кырдаал болгондо абал тынчыганча күнүгө күзөткө чыгуусун уюштурат.

24.6. Элдик топ ички иштер органдарынын кызматкерлери, аксакалдар соту менен бирдикте иш алып барат, криминалдык кырдаал тууралуу маалыматтарды аларга билдирип, алардан да маалымат алып турат.

 

VI. Корутунду жоболор

25. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары

25.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, демөөрчүлүгү, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

- алкыш жарыялоо;

- баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;

- грамоталар менен сыйлоо;

- “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, ардактуу наамдарын ыйгаруу;

- жамааттын Ардак тактасына илүү;

- жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;

- шаардын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.

25.2. Жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси шаардын  жашоочуларынын чогулушуна, аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, шаардын мэрине, шаардык  кеңештин депутаттарына, шаардык кеңештин төрагасына таандык;

25.3. Жарандарды сыйлоо боюнча иш аракеттерСүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик  сыйлыктарына сунуштоо боюнча  Жобосунун негизинде жүргүзүлөт.

 

26. Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.

 

27. Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана өзгөртүүнүн тартиби

27.1. Жергиликтүү жамааттын Уставына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү демилгеси шаардын мэрине, шаардык кеңештин төрагасына, шаардык кеңештин депутаттарынын 1/3 бөлүгүнө, жергиликтүү жамааттын демилгелүү тобуна таандык.

27.2. Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору шаар мэринин чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.

27.3. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:

- жергиликтүү кеңештин төрагасы;

- шаардын мэри;

- жергиликтүү кеңештин депутаттары;

- шаар мэриясынын аппаратынын кызматкерлери;

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү шаарда же айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);

- коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ, КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка шаарда же айылдык аймакта иш алып барган уюмдар).

(Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).

27.4. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же жергиликтүү кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана жыйындарга (чогулуштарга) же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте шаардык мэрия уюштурат.

27.5. Курултайдын делегаттары, ошондой эле жыйындын (чогулуштун) катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

27.6. Шаар мэри Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин жергиликтүү кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.

27.7. Шаардык кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.

27.8. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес сандагы мүчөлөрү же шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес сандагы тиешелүү шаардык кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан демилгелениши мүмкүн.

27.9. Жергиликтүү жамааттын Уставы аны (Уставды) бекитүү жөнүндө шаардык кеңештин токтому тийиштүү расмий булактарда жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу шаардык кеңештин токтомунун көчүрмөсү Уставдын текстин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.