Жабуу
28-апрель

Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын Курултайы өткөрүлдү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттигинин2022-жылдын 12-декабрындагы №279 буйругу жана Сүлүктү шаардык кеңешинин 05.04.2023-жылы кабыл алынган №105 токтомунун негизинде Сүлүктү шааардык мэриясынын  уюштуруусунда 2023-жылдын 28-апрель күнү Сүлүктү шаарынын Маданият сарайында Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын Уставынын долбоорун талкуулоо боюнча Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын Курултайы өткөрүлдү.

 

Курултайдын 150 делегатынын 71 % катышып шаардын Уставы кызуу талкууланды.

 

Талкуунун жыйынтыгы менен элдик бийликтин негиздерин андан ары чыңдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүү, эффективдүүлүгүн арттыруу, жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууда жана жергиликтүү бийликтин өкүчүлүк, аткаруучу органдарынын ишине таасирдүү демократиялык көзөмөлдү орнотууга, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү маселелердин чечилишиндеги ордун баса белгилөө менен Курултайдын Сүлүктү шаарынын Уставынын долбоору жөнүндө резолюциясы кабыл алынды.

 

Кабыл алынган резолюциянын негизинде Уставдын долбоору шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жиберилди.

 

 

Шаардык кеӊеш.