СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН 2023-ЖЫЛ ҮЧҮН ИШ- ПЛАНЫНЫН ДОЛБООРУ
I. Сессияда каралуучу маселелер
I квартал
1. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын Регламенттин 4 – главасы 4.2. пунктун жетекчилике алып толуктоо жана өзгөртүүлөрдү сессияга сунуштоо.
Аткарууга жооптуулар - Шаардык кеӊештин аппараты
Маселени даярдоого жооптуулар - Туруктуу комиссиялар
Аткаруу мөөнөтү - 2023-жыл, I -квартал
2. Шаардык кеӊештин 2023-жыл үчүн иш планын бекитүү
Аткарууга жооптуулар -Шаардык кеӊештин аппараты
Маселени даярдоого жооптуулар - Депутаттык фракциялардын жетекчилери, Шаардык кеӊештин аппараты
Аткаруу мөөнөтү - I квартал, 2023-жыл
3. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши тарабынан 2022 – жыл үчүн бекитилген Сүлүктү шаарынын социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылуусу тууралуу Сүлүктү шаарынын мэринин отчетун угуу.
Аткарууга жооптуулар - шаардын мэри,М. Кадыркулов
Маселени даярдоого жооптуулар - Туруктуу комиссиялар
Аткаруу мөөнөтү -I -квартал 2023-жыл
4. Сүлүктү шаарынын социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү.
Аткарууга жооптуулар - Шаардын мэри М. Кадыркулов
Маселени даярдоого жооптуулар -Туруктуу комиссиялар
Аткаруу мөөнөтү -I -квартал 2023-жыл
5.Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши тарабынан Сүлүктү шаарынын 2022-жыл үчүн бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту угуу жана 2023 – жылга Сүлүктү шаарынын бюджетин бекитүү жөнүндө.
Аткарууга жооптуулар -Шаардык мэрия, Каржы бөлүмү
Маселени даярдоого жооптуулар -Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы
Аткаруу мөөнөтү -I -квартал 2023-жыл
6. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2022-жылга аткарган иштери боюнча маалыматы
Аткарууга жооптуулар -Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы
Маселени даярдоого жооптуулар -Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы
Аткаруу мөөнөтү - I квартал 2023-жыл
II квартал
1.Шаардын муниципалдык турак жай фонду боюнча маалымат угуу.
Аткарууга жооптуулар -Муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы, “Сүлүктү тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси
Маселени даярдоого жооптуулар -Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы
Аткаруу мөөнөтү - II квартал 2023-жыл
2 “Сүлүктү тазасууканал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө
Аткарууга жооптуулар - “Сүлүктү тазасууканал” муницпалдык ишканасынын жетекчиси
Маселени даярдоого жооптуулар - Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясы
Аткаруу мөөнөтү -II -квартал, 2023-жыл
3. “Тоо бүркүтү” эс алуу лагеринин абалы боюнча маалымат угуу.
Аткарууга жооптуулар -Муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы, шаардык билим берүү бөлүмү.
Маселени даярдоого жооптуулар - Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы
Аткаруу мөөнөтү - II квартал, 2023-жыл
III квартал
1. Жергиликтүү маанидеги иштердин жана Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 6 айга аткарылышы жөнүндө шаардын мэринин отчету.
Аткарууга жооптуулар -Шаардын мэри М. Кадыркулов, КРнын Финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы
Маселени даярдоого жооптуулар - Туруктуу комиссиялар
Аткаруу мөөнөтү -III квартал 2023-жыл
2.Шаардык билим берүү мекемелериндеги 2023-2024-окуу жылына даярдыгы жана окуу программаларынын бирдиктүүлүгү боюнча.
Аткарууга жооптуулар -Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы
Маселени даярдоого жооптуулар -Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы
Аткаруу мөөнөтү -III квартал 2023-жыл
3.Сүлүктү шаардык Мамлекеттик салык башкармалыгынын бюджеттин киреше бөлүгү боюнча маалыматын угуу.
Аткарууга жооптуулар -Сүлүктү шаардык Мамлекеттик салык башкармалыгы
Маселени даярдоого жооптуулар -Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы
Аткаруу мөөнөтү -III квартал 2023-жыл
IV квартал
1.“Сүлүктү тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө
Аткарууга жооптуулар -“Сүлүктү тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси
Маселени даярдоого жооптуулар -Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясы
Аткаруу мөөнөтү -II- квартал 2023-жыл
2.Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуу
Аткарууга жооптуулар -Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн башчысы
Маселени даярдоого жооптуулар -Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы
Аткаруу мөөнөтү -II -квартал 2023-жыл
3 Сүлүктү шаарынын 2022-жыга карата үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун аткарылышы жөнүндө
Аткарууга жооптуулар -Шаардык мэрия
Маселени даярдоого жооптуулар -Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы
Аткаруу мөөнөтү -IV квартал 2023-жыл
II. УЮШТУРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАСЕЛЕЛЕР
1.Шаардык кеӊештин депутаттары жана коалиция, фракциялар менен иш алып баруу
Аткарууга жооптуулар -Шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери
Аткаруу мөөнөтү - Ар дайым
2.Шаардык кенештин депутаттарынын шайлоочулар менен байланышын күчөтүү боюнча иш алып баруу
Аткарууга жооптуулар -Шаардык кеӊештин төрагасы,Фракциялардын жетекчилери, шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери
Аткаруу мөөнөтү - Ар дайым
3.Шаардык кеӊештин иш кагаздарын электрондук документтер системасына (СЭД) киргизүү Е Кызмат программасы менен иш жүргүзүү
Аткарууга жооптуулар -Шаардык кеӊештин аппараты
Аткаруу мөөнөтү - 6 Ай ичинде, Ар дайым
4. Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары менен иш жүргүзүү
Аткарууга жооптуулар -Шаардык кеӊештин башкы жана жетектөөчү адиси
Аткаруу мөөнөтү - Ар дайым
5.Шаардык кеӊештин депутаттарын жана жооптуу кызматкерлерин окутууларды, семинарларды уюштуруу, уюштурулган окуу семинарларга катышууну камсыз кылуу. КРнын министрлер кабинетине караштуу МКЖӨАБИ боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу менен
Аткарууга жооптуулар -Шаардык кеӊештин төрагасы, Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы, Шаардык кеӊештин депутаттары,
Аткаруу мөөнөтү - Макулдашуу менен
6.Шаардын калкы тарабынан келген арыз, кайрылуулар боюнча иш алып баруу
Аткарууга жооптуулар - Шаардык кеӊештин депутаттык фракциялары ,Жооптуу катчы
Аткаруу мөөнөтү - Жыл ичинде
7.Видео конференциядарды сапаттуу уюштурууну камсыздоо.
Аткарууга жооптуулар - Шаардык кеӊештин аппараты
Аткаруу мөөнөтү - Жыл ичинде
8.Шаардык кеңештин ишмердүүлүгүн веб-сайт аркылуу чагылдыруунун сапатын арттыруу.
Аткарууга жооптуулар -Шаардык кеӊештин аппараты
Аткаруу мөөнөтү - Жыл ичинде
Эскертме: Шаардык кеӊештин компетенциясына кирген жергиликтүү маанидеги маселелер зарылчылыгына карап кошумча маселе катары каралат.