Жабуу
13-май

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XXV сессиясынын күн тартиби жана регламентинин долбоору

 

 

  1. Сүлүктү шаарынын мэри Б.Н.Абдыжапаровдун 2023-2027-жылдарга шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө (Б.Ш. Абдыжапаров 15 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга аткарылышы боюнча маалымат           ( З. Акимбеков,  А.Келдибеков 10 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин2022-жылга аткарган иштери боюнча маалыматы ( А.Ибрагимов, С.Калакулов 10 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын  Уставын бекитүү жөнүндө (Тагаев М.К. 5 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 14.05.2021-ж. № 1 токтому менен  кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине толуктоолорду киргизүү жөнүндө( Тагаев М.К. 5 мүнөт)

 

  1. И.Раззаков көчөсүндөгү “Береке” азык-түлүк дүкөнү менен мозаиканын ортосундагы бош жаткан жер тилкесине кичи жашылча сатуучу муниципалдык магазин курууга макулдук берүү жөнүндө (З. Мырзали уулу, С.Калакулов 5 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоо боюнча Жобосуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө ( Тагаев М.К. 5 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү боюнчакомиссиясынын курамын түзүү жөнүдө (М.Тагаев 5 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин XVII сессиясынын 27.10.2015ж. №103 токтому менен бекитилген “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчик бөлүмү жөнүндө Жобосуна” өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү жөнүндө(М.Тагаев 5 мүнөт)

 

 

 

Маалымат жасоо үчүн 10 мүнөткө чейин,  жарыш сөзгө чыгуу үчүн 3-мүнөткө чейин, сессиянын ишин 3 саат   аралыгында бүтүрүү

 

 

 

 

 

Төрага:                                                                      Р.Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”____ 2023ж

 

Сүлүктү шаарынын мэри Б.Н.Абдыжапаровдун 2023-2027-жылдарга шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын мэри Б.Н.Абдыжапаровдун 2023-2027-жылдарга шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34,45,48 беренелеринин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү шаарынын мэри Б.Н.Абдыжапаровдун 2023-2027-жылдарга шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилсин жана мыйзамдарда каралган тартипте жалпыга маалымдоо жагы аткарууга алынсын;
  2. Бекитилген программанын аткарылышы боюнча жылдын ар жарым жылдыгында шаардык кеӊешке маалымат берилсин
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын мэри Б.Ш. Абдыжапаровго милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.

 

 

 

 

 

Төрага                                                           Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛАСТЫ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”____ 2023ж

 

 

Сүлүктү шаарынын  2022-жылдын бюджетинин аткарылышы  жөнүндө        

 

Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П.Келдибековдун Сүлүктү шаарынын 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сүлүктү шаарынын 2022-жылга каралган бюджетинин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибековдун маалыматы кабыл алынсын.

2.  Сүлүктү шаарынын 2022-жылга каралган бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 81659,8 сом жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 75006,1 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.  2023-жылга жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көтөрүү боюнча иш жүргүзүү  жагы шаардын мэри Б.Ш. Абдыжапаровго жана Мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шары боюнча  башкармалыгынын начальниги  М. Сагынбаевге милдеттендирилсин

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

  

 

Төрага:                                                                                  Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”____ 2023ж

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин            2022-жылга аткарган иштери жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы С.Калакуловдун Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 2022-жылга аткарган иштери жөнүндөмаалыматын жана шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура”  боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын                     34-беренесинин 2 пунктунун,  “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19 беренесинин  негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

      1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы С.Калакуловдун Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2022-жылга аткарган иштери жөнүндө маалыматы  кабыл алынсын.

      2. Сүлүктү шаарынын мэри Б.Ш.Абдыжапаровго жана Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы С.Калакуловго милдеттендирилсин:

 

  • _______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
  • __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________               

 

  • шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура”  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Төрага                                                           Р.М. Жайнаков

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

 

Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө

 

Шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 12.12.2022ж. №279 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставын жетекчиликке алып Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын Уставын Типтүү уставга ылайыкташтыруу, максатындаСүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин (бешинчи чакырылыш) XII сессиясынын 08.06.2014ж. №67 токтомунун негизинде толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен кабыл алынган Сүлүктү шаарынын  Уставы күчүн жоготту деп эсептелсин;
  2. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин (мындан ары Устав)
  3. Шаардын аймагында жайгашкан (менчигинин түрүнө карабастан) мекеме ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү тарабынан  Уставдын талаптары аткарууга алынсын;
  4. Устав жергиликтүү “Шахтер жолу” гезитине жарыялансын
  5. Устав Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберүү жагы жооптуу катчы М.Джураевага милдеттендирилсин;
  6. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                           Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”____ 2023ж

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин 14.05.2021-ж. № 1 токтому менен  кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(шаардык кеӊештин 31.01. 2022-ж. X сессиясынын №34, 26.12.2022ж.  XXI  сессиясынын №76 токтому  менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген)

 

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик   жана  муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамынын  2-главасынын 5-беренеси, 3-главасынын 10-беренесинин                          4-пункутунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына   “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 10,17- беренелерине  ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 14.05.2021-ж. №1 токтому менен  кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентинин 2-главасына кошумча 18-пункт болуп төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин

“ 18.- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды бекитүү”

 

  1. Регламентти ушул токтом менен  киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык келтирүү жагы шаардык кеӊештин аппаратына  милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жанажергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                            Р. М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”____ 2023ж

 

 

Раззаков көчөсүндөгү “Береке” азык-түлүк дүкөнү менен мазайканын ортосундагы бош жаткан жер тилкесине кичи жашылча сатуучу муниципалдык магазин курууга макулдук берүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын 13.04.2023ж. №01-12/902 чыгыш сандуу Раззаков көчөсүндөгү “Береке” азык-түлүк дүкөнү менен мазайканын ортосундагы бош жаткан жер тилкесине кичи жашылча сатуучу муниципалдык магазин курууга макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура”  боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын негизинде шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Раззаков көчөсүндөгү “Береке” азык-түлүк дүкөнү менен мозаиканын ортосундагы бош жаткан жер тилкесине кичи жашылча сатуучу муниципалдык магазин курууга макулдук берисин
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура”  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

 

 

 

 

Төрага:                                                                                             Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”____ 2023ж

 

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын 04.05.2023ж.№01-12/1112 чыгыш сандуу каты боюнча шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап 09.07.2013ж.№117 Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексинин 12 беренесинин негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү боюнча комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин

1. Бабаев И.Д.-шаардын мэринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы;

2. КалакуловС.К.- Сүлүктү шаардык  мэриянын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин жетекчиси, комиссиянын катчысы;

3. Мырзабеков Д.А. – Сүлүктү шаардык шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы;

4. Исраилов А.П.- “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын башкы жер адиси;

5.  Токтогулов. А.М. - “Сүлүктү-Тазалык” МИнын башчысы;

6. Исканов Н.И. -  “Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

7. Халбеков А.Д. – шаардык кеӊештин депутаты.

 

  1. Комиссиянын ишин тийиштүү мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык жүргүзүлүүсүн көзөмөлдөө жагы шаардын мэринин биринчи орун басары И.Д. Бабаевге милдеттендирилсин

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                       Р. М. Жайнаков

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”____ 2023ж

 

 

Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоо боюнча Жобосуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоо боюнча комиссиясынын төрагасы И.Карабаевдин  Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоо боюнча Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап  Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин XXIVсессиясынын 05.04.2023ж. №99 токтому менен бекитилген Жобонун VII бөлүмүнө төмөнкүдөй кошумча пункттар киргизилсин

 

  • “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу бир жылга 5 тен көп эмес адамга ыйгарылат;
  • “Ардактуу атуул” наамына сунушталган документтер жылдын 1-июнуна чейин  кабыл алынат жана 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата ыйгарылат:

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                       Р. М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”____ 2023ж

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин XVII сессиясынын 27.10.2015ж. №103 токтому менен бекитилген “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчик бөлүмү жөнүндө Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 10.05.2023ж.№01-27/66чыгыш сандуу Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин Жобосун бекитүү жөнүндөгүкаты боюнча шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап шаардык кеӊештин XXIV- сессиясынын 05.04. 2023ж. №104 токтомуна, “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 10,17-  беренелерине  ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин XVII сессиясынын 27.10.2015ж. №103 токтому менен бекитилген “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчик бөлүмү жөнүндө Жобосунда”  “Муниципалдык менчик бөлүмү” деген сөздөр толугу менен “Муниципалдык менчик мекемеси” деп өзгөртүлсүн;
  2. ЖобонунI бөлүмүнүн  1.2. пунктундагы  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз  алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Мыйзамы болуп өзгөртүлсүн;
  3. Жобонун IV-бөлүмүнүн 4.1. пункту “МММни МММнин башчысы жетектейт, ал мыйзамда каралган тартипте Сүлүктү шаарынын мэри тарабынан кызматка бекитилет жана кызматтан бошотулат- деп өзгөртүлсүн;
  4. Мекеменин ишин Жобого ылайык жүргүзүү жагы Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин жетекчиси С.К.Калакуловго милдеттендирилсин;
  5. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                       Р. М. Жайнаков