Жабуу
22-август

Сүлүктү шаардык кеӊешинин XXVII сессиясына токтомдор долбоору

ДЕПУТАТТАРДЫН СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

         Сүлүктү шаары                         № 01-6/ 10                                          21.08. 2023-жыл.

Сүлүктү   шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы)  XXVII сессиясын   чакыруу  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 33-беренеси жана шаардык кеӊештин регламентинин 3-главасынын негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ :

1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) XXVII сессиясынын отуруму   2023-жылдын 25-август  күнү саат 10-00 дө  чакырылсын

2.  Сүлүктү шаардык кеӊешинин XXVII сессиясынын отурумунун күн тартибине төмөнкү маселелер сунушталсын:

 

  1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 2022-жылга аткарган иштери жөнүндө;
  2. “Сүлүктү таза суу канал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуусунун абалы жөнүндө;
  3. “Тоо бүркүтү” эс алуу лагеринин абалы жөнүндө;
  4.  Сүлүктү жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемеси боюнча маалымат угуу маселесин Сүлүктү шаардык кеңешинин 2023-жыл үчүн бекитилген иш-планынан чыгаруу жөнүндө;
  5. Сүлүктү шаардык көмөкчү мектеп интернаты боюнча маалымат угуу маселесин Сүлүктү шаардык кеңешинин 2023-жыл үчүн бекитилген иш-планынан чыгаруу жөнүндө;
  6.  “Сүлүктү шаарынын муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана объекттердин муниципалдык мүлктүн реестрин жүргүзүү жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө;
  7. Сүлүктү шаарынын Бакыбек көчөсүндөгү сайга таяныч дубалын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 180 630 (бир миллион бир жүз сексен миң алты жүз отуз)  сом акча каражатын шаардык бюджеттен бөлүү жөнүндө;
  8. Сүлүктү шаарынын Т. Ибрагимов, Бакыбек, И. Элмуратов, Кенжебаев, Т. Марипов, Деканова, Дзержинский көчөлөрүнүн түнкү жарыктандыруу чырактарын орнотуу үчүн 913 420 (тогуз жүз он үч миң төрт жүз жыйырма) сом акча каражатын жергиликтүү  бюджеттен бөлүү жөнүндө;
  9. Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө.

 

 

3.Сүлүктү   шаардык кеӊешинин  XXVII сессиясынын отурумун өткөрүү күнү жана убактысы шаардык кеӊештин депутаттарына билдирилсин;

4. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.

 

Төрага:                                                                      Р.Жайнаков

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)  XXVII сессиясынын күн тартиби жана регламентинин долбоору

        1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 2022-жылга аткарган иштери жөнүндө (С.К. Калакулов 10 мүнөт);
        2. “Сүлүктү таза суу канал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуусунун абалы жөнүндө (Д.Б. Токтобаев, М.Кутпидинов 10 мүнөт);
        3. “Тоо бүркүтү” эс алуу лагеринин абалы жөнүндө (Н. М. Джапарова, К. Сапарбаев 10 мүнөт);

4. Сүлүктү жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемеси боюнча маалымат угуу маселесин Сүлүктү шаардык кеңешинин 2023-жыл үчүн бекитилген иш-планынан чыгаруу жөнүндө (М.Т. Рахманов 5 мүнөт);

  1. Сүлүктү шаардык көмөкчү мектеп интернаты боюнча маалымат угуу маселесин Сүлүктү шаардык кеңешинин 2023-жыл үчүн бекитилген иш-планынан чыгаруу жөнүндө (М.Т. Рахманов 5 мүнөт);
  2.  “Сүлүктү шаарынын муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана объекттердин муниципалдык мүлктүн реестрин жүргүзүү жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө (М.К. Тагаев, С.К. Калакулов 10 мүнөт);
  3. Сүлүктү шаарынын Бакыбек көчөсүндөгү сайга таяныч дубалын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 180 630 (бир миллион бир жүз сексен миң алты жүз отуз)  сом акча каражатын бөлүү жөнүндө (Т.Ш. Миталипов, А.П. Келдибеков);
  4. Сүлүктү шаарынын Т. Ибрагимов, Бакыбек, И. Элмуратов, Кенжебаев, Т. Марипов, Деканова, Дзержинский көчөлөрүнүн түнкү жарыктандыруу чырактарын орнотуу үчүн 913 420 (тогуз жүз он үч миң төрт жүз жыйырма) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүү жөнүндө (Т.Ш. Миталипов, А.П. Келдибеков);
  5. Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө (М.К. Тагаев 10 мүнөт);

Маалымат жасоо үчүн 15 мүнөткө чейин,  жарыш сөзгө чыгуу үчүн 3-мүнөткө чейин, сессиянын ишин 2 саат   аралыгында бүтүрүү.

 

Төрага:                                                                      Р.Жайнаков

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXVII сессиясы

Токтом №

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”____ 2023ж

Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин            2022-жылга аткарган иштери жөнүндө

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы С.К. Калакуловдун Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 2022-жылга аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктунун, 34-беренесинин 2-пунктунун, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесинин  негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

      1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы С.К. Калакуловдун Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 2022-жылга аткарган иштери жөнүндө маалыматы  кабыл алынсын;

      2. Сүлүктү шаарынын мэри Б.Ш.Абдыжапаровго жана Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы С.К. Калакуловго милдеттендирилсин:

  • __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
  • __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________               

                  шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура”  жана “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                           Р.М. Жайнаков

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXVII сессиясы

Токтом №

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”_____ 2023ж

“Сүлүктү таза суу канал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуусунун абалы жөнүндө

            Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү - Таза суу канал” МИ аткарган иштери  жөнүндө “Сүлүктү - Таза суу канал” МИ  жетекчиси М. Кутпидиновдун,  шаардык кеӊештин “Өнөр жай, транспорт, жол,  коммуналдык иштер, таза суу, тазалык  жана экология” боюнча  туруктуу комиссиясынын  маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктунун,                     34-беренесинин 2-пунктунун, “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Сүлүктү - Тазасууканал” МИ жетекчиси М. Кутпидиновдун “Сүлүктү - Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуусунун абалы жөнүндө маалыматы кабыл алынсын;

2. “Сүлүктү - Таза суу канал” МИ жетекчиси М.  Кутпидиновго төмөнкүлөр милдеттендирилсин:

  •  Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен, чарбалык жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн сууга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуунун абалын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүү жагы;
  • ____________________________________________________________;
  • ____________________________________________________________;
  • Мекеме ишканалар жана элдер менен сууга болгон төлөмдөр боюнча келишим түзүү жана келишимге ылайык иш алып баруу.
  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана  “Сүлүктү - Таза суу канал” МИ жетекчиси М. Кутпидиновдон талап кылынсын, көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин “Өнөр жай, транспорт, жол,  коммуналдык иштер, таза суу, тазалык  жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.                                    

 

 

Төрага                                                                       Р.М. Жайнаков

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXVII сессиясы

Токтом №

Сүлүктү шаары                                                                                            “____”_____ 2023ж

“Тоо бүркүтү” эс алуу лагеринин абалы жөнүндө

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.М. Жапарованын “Тоо бүркүтү” эс алуу лагеринин абалы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап  шаардык кеӊештин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясты жана спорт” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап  “Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин                  1-пунктунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.М. Жапарованын “Тоо бүркүтү” эс алуу лагеринин абалы жөнүндө маалыматы кабыл алынсын;
  2. ___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
  3. ___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясты жана спорт” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                       Р.М. Жайнаков

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXVII сессиясы

Токтом №

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”_____ 2023ж

Сүлүктү жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемеси боюнча маалымат угуу маселесин Сүлүктү шаардык кеңешинин 2023-жыл үчүн бекитилген иш-планынан чыгаруу жөнүндө

Сүлүктү жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемеси боюнча маалымат угуу шаардык кеӊештин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясты жана спорт”  боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесинин                  2-пунктунун негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемеси боюнча маалымат берүүсү шаардык кеңештин 2023-жыл үчүн бекитилген иш планынан чыгарылсын;

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясты жана спорт”  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                           Р.М. Жайнаков

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXVII сессиясы

Токтом №

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”_____ 2023ж

Сүлүктү шаардык көмөкчү мектеп интернаты боюнча маалымат угуу маселесин Сүлүктү шаардык кеңешинин 2023-жыл үчүн бекитилген иш-планынан чыгаруу жөнүндө

Сүлүктү шаардык көмөкчү мектеп интернаты боюнча маалымат угуу маселесин Сүлүктү шаардык кеңешинин 2023-жыл үчүн бекитилген иш-планынан чыгаруу боюнча шаардык кеӊештин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясты жана спорт”  боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесинин 2-пунктунун негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаардык көмөкчү мектеп интернаты боюнча маалымат берүүсү шаардык кеңештин 2023-жыл үчүн бекитилген иш планынан чыгарылсын;

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясты жана спорт”  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                           Р.М. Жайнаков

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXVII сессиясы

Токтом №

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”_____ 2023ж

“Сүлүктү шаарынын муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана объекттердин муниципалдык мүлктүн реестрин жүргүзүү жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө

            “Сүлүктү шаарынын муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана объекттердин муниципалдык мүлктүн реестрин жүргүзүү жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик мекемесинин жетекчиси С.К. Калакуловдун, шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча  туруктуу комиссиясынын  маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктунун негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Сүлүктү шаарынын муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана объекттердин муниципалдык мүлктүн реестрин жүргүзүү жөнүндө” Жобо бекитилсин;

2. Сүлүктү шаардык мэриясынын  алдындагы Муниципалдык менчик мекемеси “Сүлүктү шаарынын муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана объекттердин муниципалдык мүлктүн реестрин жүргүзүү жөнүндө” Жобосун аткарууга алсын;

 3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.                                                                                                                                                                                                                                                                                      

Төрага                                                                       Р.М. Жайнаков

 

 

“Бекитемин”

Сүлүктү шаардык

кеңешинин төрагасы

________Р.М. Жайнаков

“____”____________2023-ж.

 

Сүлүктү шаарында муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана объектердин, муниципалдык мүлктүн реестрин жүргүзүү жөнүндө

Жобо

I. Жалпы жобо

1.1. Сүлүктү шаарында муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана объектердин, муниципалдык мүлктүн реестрин жүргүзүү жөнүндөгү Жобо – Кыргыз Республикасынын  “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык аткарууга алынат;

Муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана объектердин, муниципалдык мүлктүн реестри (мындан ары - Реестр) – бул объекттердин эсеби, алар жөнүндө маалыматтар базасы;

1.2. Реестр эсебинин объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- муниципалдык мүлк болуп саналган жерлер жана объектилер;

- муниципалдык менчикте болгон муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугу, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугу менен берилген мүлк;

- инженердик инфраструктуралык курулмалар – объектилер;

- көрктөндүрүү багытында өстүрүлгөн гүлдөр жана бак-дарактар;

- коомдук мазарлар;

- кыймылдуу муниципалдык мүлк.

1.3. Объекттерди, жер тилкелерин мүнөздөөчү – жайгашкан жери, баасы, пайдаланууга берилген жылы, пайдалануу мөөнөтү, амортизациялык чегерүүлөр өлчөмү жана башкалар эсептеги объекттер жөнүндөгү маалыматтар болуп саналат;

1.4. Реестр базасын/маалыматтык картотеканы жүргүзүү жана тескөө кийинкилерди камсыздайт:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кирешелер жана чыгашаларды эсебин алуу эсепке алуу, отчет берүү боюнча бирдиктүү эсеп системасын;

- кызыкдар тараптар үчүн маалыматтардын ачык-айкындуулугун;

- статистикалык маалыматтардын тактыгын;

- ыкчам чечим кабыл алууда маалыматтын ылдамдыгын;

- муниципалдык менчикти пайдалануунун эффективдүүлүгүн арттырат.

 

II. Муниципалдык мүлк эсебин жана Реестрди жүргүзүү тартиби

2.1. Муниципалдык мүлктү пайдалануунун эффективдүүлүгү маалыматтарды, анын ичинде финансылык жана бухгалтердик маалыматтарды комплекстүү анализдөөнүн негизинде аныкталат;

2.2. Шаар мэриясы/ыйгарым укуктуу орган муниципалдык мүлктүн реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин шаардык кеңештен жыл сайын бекитүүгө жана отчет берүүгө милдеттүү;

2.2. Муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугу, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугу менен берилген муниципалдык мүлк  боюнча жергиликтүү ыйгарым укуктуу органга квартал аяктагандан кийинки айдын 25 числосунан кечиктирбестен негизги каражаттардын кыймылы жана учурдагы баланс жөнүндө отчет берет;

2.3. Реестрди жүргүзүү муниципалдык мүлктүн базасын алып барууну өзүнө камтыган атайын кабыл алынган форматта (маалыматтык картотека) же магниттик маалымат сактоочу каражаттарда жүргүзүлөт;

2.4. Муниципалдык мүлктүн базасын жүргүзүү шаар мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик мекемесине же анын жетекчиси дайындаган, муниципалдык мүлктү башкаруу маселелери менен алектенген бекитилген адиске жүктөлөт.

Муниципалдык менчик мекемеси же анын жетекчиси дайындаган адис - маалыматтын коопсуздугуна, эсептеги объекттер, жерлер боюнча маалымат берилүүсүнө жана муниципалдык мүлк базасын жүргүзүүдө программалык жумушту камсыздайт;

2.5. Муниципалдык мүлктөр боюнча Реестрди жүргүзүү формасы шаар мэриясынын чечими менен бекитилет;

2.6. Реестр базасын жүргүзүү бул:

- муниципалдык мүлктү эсепке алуу, эсепке алынуучу объекттин, жердин башка объектилерден айырмалануучу, өзүнө гана таандык болгон өзгөчөлүктөрүнүн сүрөттөлүшүн камтыйт;

- объектке, жерге ыйгарылган реестрдик номер (код);

- базага объекттерди, жерлерди жана алар жөнүндөгү (дареги/жайгашкан орду, аталышы ж.б.) маалыматтарды киргизүү;

- объекттин, жердин муниципалдык менчике өткөрүлгөн күнү жөнүндөгү  маалымат;

- Реестрде катталган күнү;

- муниципалдык мүлккө болгон тастыктоочу документтерди тариздөө;

- объектилер, жерлер тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз көзөмөлдөп жаңылап туруу;

- муниципалдык мүлктү башкаруудагы кээбир өзгөчөлүктөр тууралуу маалыматтар;

- менчик формасы өзгөргөн учурларда объектилерди, жерлерди базадан чыгаруу/киргизүү;

- объект, жер базадан чыгарылган/кириштелген учурда Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жетекчилике алып архивдештирүү;

- Реестрден чыгарууга/киргизүүгө негиз болуп - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими, шаардык кеңештин токтому, соттун чечими саналат.

Мындан сырткары жыл сайын камсыздандыруу, ипотекалык кредиттөө, сатуу-сатып алуу келишимдериндеги сатылуу баасын аныктоо максатында негизги фонддордун эскирүүсүн эсептөөдө жана баалоону (анын ичинде базар баасы менен) өткөрүүдө объект/жер тилкеси тууралуу жайылтылган финансылык маалыматтарды камтыган документ шаар мэриясы/ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат;

Финансылык маалыматтарды камтыган бул документ объекттин, анын ар бир түзүмү жана жер тилкесинин наркын өзүнө камтыйт:

  • объект/объекттин ар бир түзүмүнүн аталышы;
  • инвентаризациялык номери;
  • баалоо өткөрүлгөн күн;
  • балансалык наркы;
  • шифр;
  • эскирүүнү эсептөө нормасы;
  • амортизациялык чегерүүлөр;
  • калдык наркы;
  • калыбына келтирүү наркы.

2.7. Реестрде объектилер, жерлер тууралуу маалыматтардын жаңылануусуна болуп өткөн өзгөрүүлөр жөнүндөгү документ менен тастыкталган учурлар негиз болуп саналат;

2.8. Реестрден чыгаруу/киргизүү документтер толук кабыл алынгандан кийинки 3 (үч) күндүн аралыгында ишке ашырылат;

2.9. Эсепке алуу жараянынан өткөн, эсепке алынуучу объектке реестр номери ыйгарылат жана кайрылуучуга муниципалдык мүлк Реестрине киргизилгендиги жөнүндө күбөлүк жиберилет.

2.10. Муниципалдык мүлктү ижарага алуу келишимдери түзүлүп жаткан учурда, ар бир ижарага алуучу “Муниципалдык мүлк субъектисинин каттоо формасын” толтурат.

 

III. Реестрге камтылган маалыматты берүү тартиби

3.1. Реестрде камтылган маалыматтар коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Реестрде камтылган маалыматтар каалаган кызыкдар тарапка тоскоолдуксуз берилет;

3.2.  Реестрде камтылган маалыматтар мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, укук коргоо, көзөмөлдөө органдарына тиешелүү түрдө таризделген суроо-талаптын негизинде берилет;

Реестрде камтылган маалыматтар башка кызыкдар тараптарга кат жүзүндөгү/башка тараптын атынан аракеттенип жаткан тарап болсо, тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат аркылуу кайрылуусунун негизинде берилет;

3.3. Суроо-талап катталган күндөн тартып Реестрдеги тиешелүү маалымат 14 (он төрт) күн ичинде берилүүгө тийиш;

3.4. Суроо-талап кат жүзүндө, шаар мэриясынын/шаар мэриясы ыйгарым укуктуу орган деп тапкан мекемесинин электрондук почтасына, факсына жиберилүүсү мүмкүн жана катталууга тийиш;

3.5. Суроо-талап жамааттык болгон учурда маалымат тизмеде биринчи болуп кол койгон жарандын/бирикменин дарегине жолдонуусу шарт;

3.6. Суроо-талап жазылган тилинде маалымат берилүүсү талап кылынат. Суроо-талап жазылган тилинде маалымат берүү мүмкүн болбогон учурда (суроо-талап мамлекеттик же расмий тилде жазылбаса) мамлекеттик тилде берилүүсүнө уруксат берилет.

 

IV. Муниципалдык мүлк эсебин жана Реестрди жүргүзүү тартиби боюнча жоопкерчилик. Толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү

4.1. Шаар мэриясы/ыйгарым укуктуу орган муниципалдык мүлктүн реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин сактоого милдеттүү;

4.2. Муниципалдык мүлктүн реестрин жүргүзүү үчүнчү юридикалык жактарга ыйгарылуусуна жол берилбейт;

4.3. Ушул Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси боюнча төмөнкүлөр шаардык кеңешке сунуш бере алат:

- Сүлүктү шаарынын мэри;

- Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы;

- шаардык кеңештин коалициясы;

- шаардык кеңештин депутаттык топтору/тайпалары;

- шаардык кеңештин бир фракциясы;

- шаардык кеңештин кеминде 1/3 депутаттары.

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXVII сессиясы

Токтом №

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”_____ 2023ж

Сүлүктү шаарынын Бакыбек көчөсүндөгү сайга таяныч дубалын куруу үчүн шаардык бюджеттен 1 180 630 (бир миллион бир жүз сексен миң алты жүз отуз)  сом акча каражатын шаардык бюджеттен бөлүү жөнүндө

            Сүлүктү шаарынын Бакыбек көчөсүндөгү сайга таяныч дубалын куруу үчүн шаардык бюджеттен 1 180 630 (бир миллион бир жүз сексен миң алты жүз отуз)  сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүү жөнүндө Сүлүктү шаардык КРнын Финансы минстрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибековдун, шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча  туруктуу комиссиясынын  маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинен 1 180 630 (бир миллион бир жүз сексен миң алты жүз отуз)  сом акча каражаты Бакыбек көчөсүндөгү сайга таяныч дубалын куруу үчүн бөлүнүп берилсин;

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.                                                                                                                                                                      

Төрага                                                                       Р.М. Жайнаков

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXVII сессиясы

Токтом №

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”_____ 2023ж

Сүлүктү шаарынын Т. Ибрагимов, Бакыбек, И. Элмуратов, Кенжебаев,  И.Элмуратов, Т. Марипов, Деканова, Дзержинский көчөлөрүнүн түнкү жарыктандыруу чырактарын орнотуу үчүн 913 420 (тогуз жүз он үч миң төрт жүз жыйырма) сом акча каражатын шаардык бюджеттен бөлүү жөнүндө

            Сүлүктү шаарынын Т. Ибрагимов, Бакыбек, И. Элмуратов, Кенжебаев, Т. Марипов, Деканова, Дзержинский көчөлөрүнүн түнкү жарыктандыруу чырактарын орнотуу үчүн 913 420 (тогуз жүз он үч миң төрт жүз жыйырма) сом акча каражатын шаардын жергиликтүү бюджетинен бөлүү жөнүндө КРнын Финансы минстрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибековдун, шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча  туруктуу комиссиясынын  маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаарынын Т. Ибрагимов, Бакыбек, И. Элмуратов, Кенжебаев, Т. Марипов, Деканова, Дзержинский көчөлөрүнүн түнкү жарыктандыруу чырактарын орнотуу үчүн 913 420 (тогуз жүз он үч миң төрт жүз жыйырма) сом акча каражаты шаардын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин;

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.                                                                                                                                                                                                                                                                               

Төрага                                                                       Р.М. Жайнаков

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXVII сессиясы

Токтом №

Сүлүктү шаары                                                                                           “____”_____ 2023ж

Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик  сыйлыктарына сунуштоо боюнча  комиссиясынын жана “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча  туруктуу комиссиясынын  маалыматтарын угуп жана талкуулап, Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик  сыйлыктарына сунуштоо боюнча  Жобосунун III – бөлүмүнүн 8 – пунктунун негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаарынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн төмөнкү жарандарга Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын;

 

-

-

-

-

2. Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын тапшырууну уюштуруу жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин;

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.                                                                                                                                                                                                                                                                                               

Төрага                                                                       Р.М. Жайнаков