Жабуу
12-октябрь

Элдик Курулдайды өткөрүү боюнча жумушчу топтун отуруму

 

 

Элдик Курулдайды өткөрүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү

 

 

2023-жылдын 12-октябрында Сүлүктү шаардык кеӊешинин 03.10.2023ж XXVII сессиясынын №128 токтому менен бекитилген 11 адамдан турган Сүлүктү шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму өткөрүлдү.

 

Күн тартибинде жер жерлерде өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды шайлоо боюнча коомдук өзүн өзү башкаруу аймактарынын эли менен өткөрүлүүчү жыйындардын графиги бекитилип, тийиштүү тапшырмалар аткарууга берилди.