Жабуу
31-март

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) XXIV сессиясынын күн тартиби жана регламентинин долбоору

 Долбоор

  1. Сүлүктү шаарынын социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүнүн  жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2022-жылга аткарылуусу (Бабаев И.Д. 10 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга аткарылышы боюнча маалымат ( З. Акимбеков,  А.Келдибеков 10 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2022-жылга аткарган иштери боюнча маалыматы ( А.Ибрагимов, С.Калакулов 10 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик  сыйлыктарына сунуштоо боюнча  Жобосун бекитүү   жөнүндө( Тагаев М.К. 10 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаарынын жамаатынын  жергиликтуу сыйлыктары боюнча комиссиясынын  курамын бекитүү( Тагаев М.К. 5 мүнөт)
  2. Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги объектилери менен мүлктөрүн 2023-2024-2025- жылдарга менчиктештирүү  боюнча программасын бекитүү жөнүндө  ( А.Ибрагимов., С.Калакулов 10 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча Эрежени бекитүү жөнүндө (Д.Токтобаев _________)

 

  1. Сүлүктү шаарынын  муниципадык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө (М.Тагаев Д.Токтобаев, С.Калакулов 10 мүнөт)
  2. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы (коммуналдык) муниципалдык менчик бөлүмүнүн юридикалык аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө ( М.Тагаев, С.Калакулов 10 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө (Тагаев М.К. 5 мүнөт )

 

  1. “Тоо –Бүркүтү” жайкы лагерин 49 жылга Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө А.Ибрагимов., И.Бабаев 10 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаардык мэрияынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесине 1 (бир) штаттык бирдик ( багбан) кароого макулдук  берүү жөнүндө (З.Акимбеков, С.Калакулов                    5 мүнөт)

 

  1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин  2010-жылдын 4-февралындагы X сессиясынын №64   “Сүлүктү шаарындагы Коомдук өзүн өзү башкаруу аймактарынын башчыларына, жергиликтүү маанидеги төлөмдөрдүн кээ бир түрлөрүнөн жеӊилдиктерди берүү жөнүндөгү” токтомуна тактоолорду  киргизүү жөнүндө ( З.Акимбеков 5 мүнөт)

 

Маалымат жасоо үчүн 10 мүнөткө чейин,  жарыш сөзгө чыгуу үчүн 3-мүнөткө чейин, сессиянын ишин 3 саат   аралыгында бүтүрүү

Төрага:                                                                      Р.Жайнаков

                                                                                                                                                                                                                                                                                            Долбоор

                                                                      

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛАСТЫ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) XXIV сессиясы

 

 Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

 

Сүлүктү шаарынын социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүнүн  жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2022-жылга аткарылуусу жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2022-жылга аткарылуусу жөнүндө  маалыматты угуп жана талкуулапКыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34,45,48 беренелеринин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаарынын социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүнүн  жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2022-жылга аткарылуусу жөнүндө маалыматы кабыл алынсын.

2. Сүлүктү шарынын мэри Б.Ш. Абдыжапаровго:

- жумушка киришкен мезгилден баштап 3 айдын ичинде Сүлүктү шаарынын социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүнүн  жана калкты социалдык жактан коргоо программасын иштеп чыгуу жана шаардык кеӊешке бекитүүгө берүү;(«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 48 беренеси 11 пунктунда программанын уланмалуулугун камсыз кылат же жаны программасын бекитет деп корсотулгон)

- шаардын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, калкка социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштуруу;

- шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартуу;

- жаӊы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

-шаардын карамагындагы жерлерди жана муниципалдык менчиктин объекттерин сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу;

- шаардын турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү боюнча иш алып баруу;

- мыйзамга ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышына көзөмөл кылуу;

-жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруу чараларын ишке ашыруу;

-коррупцияга каршы күрөшүү жана коррупциянын алдын алуу боюнча иш алып баруу;

Шаардын аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу  боюнча тийиштүү органдар менен тыгыз иш алып баруу   жагы милдеттендирилсин.

Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын мэри Б.Ш. Абдыжапаровго милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.

 

                        Төрага :                                                                     Р. М. Жайнаков

                        Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛАСТЫ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

 

Сүлүктү шаарынын  2022-жылдын бюджетинин аткарылышы  жөнүндө        

 

Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П.Келдибековдун Сүлүктү шаарынын 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сүлүктү шаарынын 2022-жылга каралган бюджетинин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибековдун маалыматы кабыл алынсын.

2.  Сүлүктү шаарынын 2022-жылга каралган бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы _______________ миӊ сом жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы _______________ миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.  2023-жылга жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көтөрүү боюнча иш жүргүзүү  жагы шаардын мэри Б.Ш. Абдыжапаровго жана Мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шары боюнча  башкармалыгынын начальниги  М. Сагынбаевге милдеттендирилсин

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

  

 

Төрага:                                                                                  Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн                    2022-жылга аткарган иштери жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловдун Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2022-жылга аткарган иштери жөнүндөмаалыматын жана шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура”  боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын                     34-беренесинин 2 пунктунун,  “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19 беренесинин  негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

      1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловдун Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2022-жылга аткарган иштери жөнүндө маалыматы  кабыл алынсын.

      2. Сүлүктү шаарынын мэри Б.Ш.Абдыжапаровго жана Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловго милдеттендирилсин:

 

  • ____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________            - ___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
  • шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура”  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

 

 

Төрага                                                           Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

 

Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарына сунуштоо боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлектик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын жана  Сүлүктү шаарынын Уставынын негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 28.10.2014ж №74 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоо боюнча Жобосу жокко чыгарылсын;
  2. Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоо боюнча Жобосу жаӊы редакциядакабыл алынсын;
  3. Сүлүктү шаарынын жамаатынын  жергиликтүү сыйлыктары боюнча комиссиясы ушул Жобого ылайык иш алып барсын;
  4. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                           Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                   Долбоор

 

Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик  сыйлыктарына сунуштоо боюнча 

Жобосу

 

I. Жалпы жобо

1. Жобо – Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө", Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”,  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктукактыларынына ылайык аткарууга алынат.

2. Бул Жобо сыйлоо материалдарын тариздөөнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына, ардак грамоталарына жана Сүлүктү шаардык мэриясынын, Сүлүктү шаардык кеңешинин ардак грамоталарын сунуш кылуу тартибин белгилейт.

 

II. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү сыйлыктары менен сыйлоого жана ардак наамдарын ыйгарууга сунуш киргизүү укугуна ээ субъекттер

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуштар зарыл болгон документтерди тариздөөдөн кийин расмий бланкта Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына төмөнкүлөр тартипте жиберилет:

- Сүлүктү шаарынын мэри, депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүгө сунуш киргизет;

  1. Сүлүктү шаарынын мэринин жана депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасынын ардак грамоталарына, ардактуу наамдарына сунуштар зарыл болгон документтерди тариздөөдөн кийин, төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
  • менчик формасынан көз карандысыз ишкана, мекеме/уюмдардын эмгек жамааттарынын протоколдук чечиминин негизинде - жетекчилери тарабынан;
  • Сүлүктү шаардык кеңешинин 5 депутаттан кем эмес депутаттык топ же саясий партиялардын фракциялары тарабынан;
  • Аймактык өз алдынча башкаруу аймактарынын жергиликтүү жамаатынын демилгелүү тобу тарабынан;
  • Сүлүктү шаарынын аймагында жайланышпаган мамлекеттик, ведомстволук жетекчилик тарабынан;
  • Сүлүктү шаарынын мэриясынын жана Сүлүктү шаардык кеңешинин аппаратынын кесиптик кошуну тарабынан.
  • Өзгөчө учурларда Сүлүктү шаарынын мэрине жана депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасына жеке чечими менен сыйлоо комиссиясына сунуштабай Ардак грамота берүү укугу берилет.

Өзгөчө учурларга:

  • адам өмүрүнө коркунуч туулган кезде, адам өмүрүн сактоодо көрсөткөн эрдиги үчүн;
  • кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү көрсөткөн эрдиги үчүн;
  • шаардагы стратегиялык  объекттерди жаралган кооптуу абалдан сактап/коргоп калган укук коргоо органдарынын, аскер (резервдик рота) кызматкерлерине жана жарандарга;
  • шаарга ири инвестиция жасаган жарандарга.

 

III. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ыйгарылуучу сыйлыктар.

1. Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктары менен Кыргыз Республикасынын жарандары Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык, маданий, интеллектуалдык, рухий дөөлөтүн арттырууга кошкон салымы үчүн, ошондой эле жергиликтүү жамаатардын алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги сиңирген эмгеги жана спорттогу жетишкендиктери үчүн сыйланат.

2. Жергиликтүү деңгээлдеги  сыйлыктарга шаардын “Ардактуу атуулу”, көчөлөргө жана башка объектерге жарандардын атын ыйгаруу ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ардак грамоталары, ”Үлгүлүү үй-бүлө”, ”Үлгүлүү көчө” “Үлгүлүү коомдук өз алдынча башкаруу аймагы” наамдарын ыйгаруу, Ардак тактага чыгаруу кирет.

3. Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” жана жарандардын ысымдарын шаардын көчөлөрүнө жана башка объектерине ыйгаруу шаардын жамаатынын эң жогорку сыйлыгы болуп эсептелет.

4. Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби ушул  Жобо жана  башка күчүндө турган укуктук-ченемдик актылар негизинде аныкталат.

5. Жарандардын ысымдарын шаардын көчөлөрүнө жана башка объектерине ыйгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагыгеографиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамынын, ушул Жобонун жана тийиштүү ченемдик-укуктук актылар негизинде аныкталат.

6. Эгер наам же сыйлык ыйгарылган жаран аты – жөнүн өзгөрткөн учур орун алса, ал боюнча ага чейин кабыл алынган депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин токтомуна/тескемесине өзгөртүү киргизүүгө тыю салынат.

7. Сүлүктү шаарынын мэри тарабынан Жобого ылайык ыйгарылчуу сыйлыктары:

- Грамота;

- Ардак грамота;

- Үлгүлүү үй-бүлө;

- Үлгүлүү көчө;

- Үлгүлүү коомдук өз алдынча башкаруу аймагы.

8. Сүлүктү шаардык кеңеши тарабынан Жобого ылайык ыйгарылчуу сыйлыктары:

- Ардак грамота;

- Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу”.

 

IV. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби.

1. Жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоо боюнча Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (өкүлчүлүк жана аткаруу) караштуу комиссия шаардык кеӊешке жана мэрияга сунуш берүүчү жалгыз орган болуп саналат.

2. Мамлекеттик жана жергиликтүү сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштар ишканалар, мекемелер, уюмдар, коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймактарынын жамаатары, саясий партиялардын фракциялары шаардын мэри менен шаардык кеңештин төрагасына кайрылуу аркылуу Сүлүктү шаарынын жамаатынынжергиликтүү сыйлыктарын ыйгаруу боюнча комиссиясына (мындан ары Комиссия) өткөрүлүп берилет.

3. Кыргыз Республикасынын ведомостволук сыйлыктарына ченемдик-укуктук актыларда каралган учурларда эмгек жамааттарынын/кесиптик кошундардын сунуштары менен жөнөтүлөт, Комиссияга сунуштоо талап кылынбайт.         

4. Шаардын “Ардактуу атуулу” жана көчөлөргө жана башка объектерге жарандардын атын ыйгаруу боюнча өтүнүчтөр, Комиссияда каралып, анын чечими шаардык кеңештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына сунушталып, андан кийин гана шаардык кеңештин сессиясында каралат.       

 5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шаардагы “Үлгүлүү үй-бүлө”, “Үлгүлүү көчө” “Үлгүлүү коомдук өз алдынча башкаруу аймагы” жана башканаамдарын ыйгаруу уюштурулган кароо-сынактардын жыйынтыгынын негизинде шаар мэриясы тарабынан аныкталат.

 

V. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу”  наамын ыйгаруу.

1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө,  маданий дөөлөттүн өркүндөшүнө, билим берүү, саламаттыкты сактоо багытындагы үзүрлүү салымына, спорттогу ийгиликтерине жана башка тармактардагы зор жетишкендиктери үчүн Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу мүмкүн.  Шаардын  “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлер үчүн коюлуучу талаптар:

- Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өзгөчө салымы үчүн;

- Маданий дөөлөттүн өркүндөшүнө, билим берүү, саламаттыкты сактоо багытындагы үзүрлүү салымына, спорттогу ийгиликтерине жана башка тармактардагы зор жетишкендиктери үчүн;

- Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана турмуш шарты оор шаардын    тургундарына демөөрчүлүк кылгандыгы үчүн;

- Жергиликтүү сыйлыктар менен сыйланган болуусу керек;

- Өзгөчө кырдаалдарда эрдик көргөзүп, шаардагы жабыр тарткан объектердин туруктуу иштеп кетишине өзгөчө салым кошкондугу үчүн;

- Соттуулугу жок жарандар;

2. Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы шаардык кеңештин депутаттарынын  жалпы санынын үчтөн экисинин  добушу менен ыйгарылды деп эсептелет.     

3. Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган инсандарга белгиленген үлгүдө даярдалган күбөлүк жана төш белгиси  салтанаттуу түрдө шаардык кеңештин төрагасы жана шаардын мэри тарабынан тапшырылат.  

4. Жарандардын юбилейлерине байланыштуу Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жүргүзүлбөйт.

5. Сүлүктү шаарынын  “Ардактуу атуулу” наамын ыйгарууга байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

6. Сүлүктү шаарынын  “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлер милдеттүү түрдө жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуусу талап кылынбайт.

 

VI. Жарандардын аттарын шаардын көчөлөрүнө жана башка объектерине ыйгаруунун тартиби.

1. Шаардын социалдык- экономикалык, маданий, руханий  жактан өнүгүшүнө өзгөчө салымдарын кошкон, шаардын аз камсыз болгон тургундарына кайрымдуулук көргөзгөн, мамлекеттик, ведомостволук жана жергиликтүү сыйлыктар менен сыйланган, эмгек жолун бир мекемеге арнап эмгектенген жарандардын ысымдарын шаардын көчөлөрүнө жана башка объектерине ыйгарууга мүмкүн.

2. Шаардын  көчөлөрүнө жана башка объектерине жарандардын атын ыйгаруу боюнча өтүнүчтөр, Сүлүктү шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик-укутук актыларынын негизинде тиешелүү иш-чараларды уюштуруп, талап кылынуучу документтер топтомун даярдап, Комиссия чечими менен депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин кароосуна сунушталуусу талап кылынат.

3. Шаардын  көчөлөрүнө жана башка объектерине жарандардын атын ыйгаруу боюнча Комиссиянын чечими шаардык кеңештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына сунушталып, андан кийин гана шаардык кеңештин сессиясында каралат.       

4. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушун алган  жарандын  көчөлөргө жана башка объектерге аттары ыйгарылды деп эсептелет.

5. Көрүнүктүү инсандардын эстелигин түбөлүккө калтыруу алар дүйнөдөн өткөндөн кийин 5 (беш) жыл мезгил өткөн соң ишке ашырылат.

6. Мурда башка инсандардын ысмын алып жүргөн объектерге башка инсандардын ысмын кайталап коюуга жол берилбейт.

7. Ишкана, мекемелердин Уставдарында ысымы ыйгарылган адамдын ысымын көрсөтүү милдеттүү болуп саналат.

8. Бир эле инсандын ысмын администрациялык аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан бир нече объектерге ыйгарууга жол берилбейт.

9. Жарандардын ысымдарын көчөлөргө жана башка объектерге ыйгарууга байланышкан иш чараларды каржылоо жергиликтүү бюджеттин, демөөрчүлөрдүн жана өтүнүч кылган тараптардын эсебинен жүргүзүлөт.

10. Сүлүктү шаарынын көчөлөрүнө жана башка объектерине ысымдарын ыйгаруучуларга коюлуучу талаптар.

- Сүлүктү шаарынын түптөлүүсүнө, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө эмгек сиңирген, эрдик көрсөткөн жана дүйнөлүк деңгээлде Кыргызстанды тааныткан инсандардын атын ыйгаруу сунушталуусу мүмкүн.

- Мамлекеттик, ведомостволук жана жергиликтүү сыйлыктар менен сыйланган.

- Улуттук тарыхый мурастарды, каада-салттарды, элдик фольклорду жаш муундарга жеткирүүдө, даңазалоодо өзгөчө из калтырган болуусу шарт.

- Кыргызстандын белгилүү инсандарынын аттары коюлушу мүмкүн.

- Сунушталып жаткан инсандын аты коюлуучу көчөнүн жашоочуларынын 50 пайыздан көбүнүн кол тамгалары коюлуусу талап кылынат.

 

VII. Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктар жөнүндө комиссиясы жана анын иштөө тартиби.

1. Жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоо боюнча Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу комиссия шаардык кеңешке жана шаардык мэрияга сунуш берүүчү орган болуп саналат.

2. Комиссиянын курамы шаардык мэриянын сунушу менен шаардык кеӊештин макулдашуусу аркылуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнөн, шаардын мэриясынын өкүлдөрүнөн, шаардык кеңештин депутаттарынан, коомдук уюмдардан тогуз кишиден болуп түзүлүп шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.

3. Комиссиянын төрагасы, катчысы комиссиянын отурумунда ачык добуш берүү жолу менен комиссиянын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

4. Комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндөгү», “Кыргыз Респуликасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү”, “Тарыхий – маданий мурастарды коргоо жөнүндөгү”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарынын, Кыргызтандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу комиссиясынын Жобосунун, шаардын Уставынын, ушул Жобонун негизинде алып барат.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары Комиссиянын      ыйгарым укуктарына таандык маселелерди чечүүдө, ага көмөк көрсөтүшөт.

6. Мамлекеттик жана жергиликтүү сыйлыктарга сунушталган жарандардын иш кагаздарынын мыйзамдуулугун, тактуулугун, татыктуулугун, жамааттар арасында тарбиялык маанисин карап, шаардык мэрия менен шаардык кеңештин кароосуна сунуштоо Комиссиянын эң башкы милдети болуп саналат.

7. Комиссиянын сунуштары архивдик материалдардын, келтирилген негиздемелердин натыйжаларына таянууга тийиш.

8. Комиссия Кыргыз Респуликасынын тийиштүү мыйзамдарынын, ушул Жобонун талаптарын так аткарууга жана Комиссиянын жыйналыштарында карала турган маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, жергиликтүү жамааттардын жана эмгек жамаатарынын өкүлдөрүн катыштырууга жана угууга укуктуу.

9. Комиссиянын жыйналышы мамлекеттик жана жергиликтүү сыйлыктар менен сыйлоо боюнча тийиштүү органдардан сунуш түшкөн күндөн баштап 25 күндүн ичинде өткөрүлөт. Жыйналыштарга комиссиянын төрагасы, ал жокто комиссиянын төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.

10. Эгерде Комиссиянын жыйналышына анын курамынын кеминде үчтөн экиси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.

11.Комиссиянын чечими комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

12. Комиссиянын ишин уюштуруу шаардык мэриянын аппаратынын башчысы тарабынан жүргүзүлөт, ал эми комиссиянын сунуштарын шаардык кеңештин туруктуу комиссиясында каралуусун уюштуруу шаардык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан уюштурулат.

13. Комиссиягакелип түшкөн маалыматтардын тактыгына, жаранды сыйлоого көрсөтүп жаткан тарап жеке өзү жооп берет.

14. Сыйлоо жөнүндө өтүнүчү менен төмөнкү документтер киргизилет:

- жактын сыйлануусуна карата сунуштама, паспорттун көчүрмөсү;

- резюме;

- жалпы сыйлыктарынын тизмеси жана көчүрмөлөрү;

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариустан же акыркы иштеп турган жериден тастыкталган);

- чогулуштун протоколдору, коллегиалдык органдардын (коллегиалдуу орган жок болгондо - жетекчинин чечими) сыйлоого сунуштоо жөнүндө чечими;

- ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын фракцияларынын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүчү;

 

VIII. Жергиликтүү сыйлыктарга сунушталып жаткан жарандарга коюлуучу талаптар.

  1. Сүлүктү шаарынын мэринин Ардак грамотасына менчик формасынан көз карандысыз ишкана, мекеме/уюмдардын эмгек жамааттарынын протоколдук чечиминин негизинде - жетекчилери тарабынан көрсөтүлүп жаткан жарандын эмгек стажы аны сунуштап жаткан мекемеде/уюмда үч жылдан, ал эми грамотага эки жылдан кем эмес болуусу шарт.
  2. Сүлүктү шаарынын мэринин Ардак грамотасына менчик формасынан көз карандысыз ишкана, мекеме/уюмдардын эмгек жамааттарынын протоколдук чечиминин негизинде - жетекчилери тарабынан көрсөтүлүп жаткан жаран, акыркы бир жыл ичинде башка сыйлыктарга ээ болбошу талап кылынат.
  3. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин Ардак грамотасына менчик формасынан көз карандысыз ишкана, мекеме/уюмдардын эмгек жамааттарынын протоколдук чечиминин негизинде - жетекчилери тарабынан көрсөтүлүп жаткан жарандын эмгек стажы аны сунуштап жаткан мекемеде/уюмда үч жылдан кем эмес болуусу шарт.
  4. Сүлүктү шаарынын мэриясынын жана депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин Ардак грамотасына көрсөтүлүп жаткан жаран, акыркы бир жыл ичинде башка сыйлыктарга ээ болбошу талап кылынат.

5. Документтерди сапатсыз даярдоо жана ушул Жобонун VII-бөлүмүнүн 14-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камсыз кылбаганучурда Комиссияда кароосуз калтырып өтүнүчтү четтетүүгө милдеттүү.

 

IX. Сыйлыктарды тапшыруунун тартиби.

1. Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган инсандарга белгиленген үлгүдө даярдалган күбөлүк жана төш белгиси  салтанаттуу түрдө элдик жыйындарда, майрамдарда шаардык кенештин торагасы же  шаардын мэри тарабынан тапшырылат.

2. Шаардын көчөлөрүнө жана башка объектерге жарандардын атын ыйгаруу көчөлөрдө же объектерде жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн салтанаттуу жыйындарда, майрамдарда жүргүзүлөт.

3. Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын жана көчөлөргө жана башка объектерге жарандардын ысмын ыйгарган учурда шаардын мэри, шаардык кеңештин төрагасы салтанаттуу турдө баалуу белектерин сыйлык ээлерине тапшырышы мүмкүн (саат, сувенирлер ж.б.).

4. Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы  жана  көчөлөргө жана башка объектерге жарандардын ысмы ыйгарылгандардын тизмеси депутаттардын шаардык кеңешинде сакталат.

 

X. Жергиликтүү сыйлыктарды жокко чыгаруу (аннулирование)

 

1. Сүлүктү шаардык кеңешинин сессиясы Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу”,  шаардын көчөлөрүнө жана башка объектериненаамды, аты  ыйгарылган жарандын наамын төмөнкү учурларда жокко чыгарат жана каралган тартипте берилген күбөлүк, тийиштүү үлгүдөгү төш белги жараксыз деп табат:

- сыйлыктарын жокко чыгаруу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;

- сыйлоо үчүн сунушталган документтерден тактыгына сунуштаган тарап жооптуу;

- Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы менен сыйланган жарандын өз каалоосу боюнча ыйгарылган наамдан баш тартуу тууралуу кат жүзүндө билдирүүсү берилгенде;

- Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы менен сыйланган жарандын өзү массалык-маалымат каражаттары, электрондук социалдык тармактар, эл чогулган жерлерде наамынан баш тартуу чечимин билдирген учурларда;

- шаардын көчөлөрүнө жана башка объектерине аты ыйгарылган жарандын атын, коюлган көчөдөн, объектен туура эмес маалымат берилгендиги тууралуу фактылар аныкталган учурларда жокко чыгарылат.

2. Сыйланган жарандын сыйлыктан баш тартуу фактысынын далили болуп Комиссия тарабынан түзүлгөн, сыйлануучу кол тамгасын койгон тиешелүү акт саналат.

Комиссия тарабынан жарандын сыйлыктан баш тартуусу жөнүндө түзүлгөн актка  билдирүү тараткан жаран кол тамгасын койбой койгон кезде, Комиссия 30 календардык күн өткөндөн кийин Сүлүктү шаардык кеңешине расмий билдирүү жиберет.

3. Сыйлыктарын жокко чыгаруу жөнүндөгү соттун өкүмү реабилитацияланган учурда, сыйланган жаран сыйлыгын, наамын тикелөө боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу.

4. Сыйланган жаран, сыйлыгына тиешелүү документтерди таппай калган учурда же каралган үлгүдөгү документте катачылык орун алса, документтердин дубликатын берүү арызы менен Сүлүктү шаардык кеңешине кайрылат.

5. Дубликат берүү чечими чыккан соң, белгиленген үлгүдөгү жогорку оң бурчта “дубликат” – деп жазылган, Комиссиянын төрагасы кол койгон документ тапшырылат, ал эми төш белги ыйгарылбайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Сүлүктү

шаардык кеңешинин жооптуу катчысы                                                   М.К. Джураева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

 

 

Сүлүктү шаарынын жамаатынын  жергиликтуу сыйлыктары боюнча комиссиясынын  курамын өзгөртүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын 03.03.2023ж.№______ кеӊешинин каты жана  “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын “Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарына сунуштоо боюнча” комиссиясынын курамы жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик  сыйлыктарына сунуштоо боюнчаЖобосунун 7-бөлүмүнүн 2-пунктунун  негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 22.03.2017ж. №57 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарына сунуштоо боюнча комиссиясынын курамы жокко чыгарылсын;
  2. Сүлүктү шаарынын жамаатынын  жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарына сунуштоо боюнча комиссиясы төмөнкү курамда  бекитилсин:

 

  1. Каримов Алмазбек Абдимуктарович - шаардык мэриянын апарат жетекчиси.
  2. Мусаев Абдували Кенжебаевич - шаардык мэриянын уюштуруу иштери боюнча башкы

адиси.

3.         Сапарова Кыздаргүл Нуралиевна - шаардык мэриянын башкы адиси.

4.         Исмаилов Каныбек Арзибекович - шаардык кеӊештин депутаты.

5.         Миталипов Таалайбек Шерматович – шаардык кеӊештин депутаты.

6.         Карабаев Гайназар Маннанович - шаардык кеӊештин депутаты.

7.         Эралиев Ысмайыл Сарыбаевич -  ардагерлер кеӊешинин төрагасы.

8.         Каюмова Темиржан Кудайбердиевна - Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн

усулкана башчысы.

9.         Калилова Гульмира Латиповна – Сүлүктү жалпы дарыгерлер практикалык борборунун врач – лаборанты.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

           

Төрага                                                           Р.М. Жайнаков

 

Долбоор

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

 

 

 

Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги объектилери менен мүлктөрүн 2023-2024-2025- жылдарга менчиктештирүү  боюнча программасын бекитүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын 14.03.2023ж. №01-12/598 чыгыш сандагы Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги объектилери менен мүлктөрүн 2023-2024-2025- жылдарга менчиктештирүү  боюнча программасын бекитүү жөнүндө каты боюнча шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш, жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Сүлүктү шаарынын бюджетин толтуруу, ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана колдоо максатында Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине  ылайык  Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги объектилери менен мүлктөрүн                  2023-2024-2025-жылдарга менчиктештирүү боюнча программасы бекитилсин;                              (1-тиркемеге ылайык )
  2. Менчиктештирүүгө тийиш болгон муниципалдык менчик объектилердин тизмеси бекитилсин; (2 тиркемеге ылайык)
  3. Сүлүктү шаардык мэриясы токтомдун аткарылышы жөнүндө жыл сайын шаардык кеӊешке маалымат берсин;
  4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш, жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Төрага :                                                                     Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                      Тиркеме №1

 

Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги

объектилери менен мүлктөрүн 2023-2024-2025-жылдарга

менчиктештирүү боюнча

ПРОГРАММАСЫ

 

I. Жалпы Жобо

Бул Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жарандык Кодексинин, Жер Кодексинин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлкө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде иштелип чыкты.

Менчиктештирүү программасы төмөнкүлөрдү белгилейт:

  • менчиктештирүү багытындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттарын жана милдеттерин;
  • муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнү жана тоорук өткөрүү эрежелерин;
  • муниципалдык ишканаларды ирилештирүү тартибин.

Муниципалдык мүлк болуп саналган объектерди классификациялайт:

- менчиктештирүүгө жаткан муниципалдык мүлк объектилери;

- муниципалдык мүлк макамында, аларды менчиктештирүү чечими чыкканга чейинки муниципалдык объектилер;

- менчиктештирүүгө тыю салынган муниципалдык объектилер.

Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдөн келип түшүүчү акча каражаттарынын божомолу.

 Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жараянынын соңунда келип чыгуучу инвестициялык салымдардын божомолу.

Менчиктештирүүгө сунушталуучу муниципалдык мүлктөр менчиктештирүүгө тиешелүү комиссия тарабынан каралып, депутаттардын шаардык кеңешинде бекитилет.

II. Муниципалдык менчик объектилерин жеке менчиктештирүүдөгү негизги артыкчылыктары.

     Муниципалдык менчик объектилерин жеке менчиктештирүүдөгү негизги артыкчылыктары катары төмөнкүлөр эсептелет:

  • шаардын экономикасынын эффектүүлүгүн (өндүрүмдүүлүгүн) жана айрым бир ишканалардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү:
  • кыймылсыз мүлктөр базарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү:
  • жеке менчик ээлеринин кеңири чөйрөсүн түзүү, кичи жеке ишкердүүлүк үчүн колдоо көрсөтүү:
  • конкуренттик продукцияларды өндүрүү үчүн шарттарды түзүү жана муктаждыкка мүмкүнчүлүк болгон же өтө муктаж болгон нерселер үчүн жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү:
  • рентабелдүү эмес ишканаларды кармоо үчүн бюджеттик чыгашаларды азайтуу:
  • менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды шаардын керектөөсу үчүн бюджеттик чыгашаларды оптимизациялаштыруу үчүн жумшоо.
  • III. Менчиктештирүүнүн усулдары жана шарттары.
  • Менчиктештирүүнүн усулдары:
  • - аукциондо сатуу;
  • - конкурста сатуу;
  • - кийин сатып алуу шарты менен башкарууга өткөрүү;
  • - кийин сатып алуу шарты менен ижарага өткөрүү;
  • - чарба жүргүзүүчү субъектилердин уставдык капиталдарына салым катары киргизүү;
  • - фондулук биржага баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана сатуу;
  • - түз сатуу ыкмасы.
  • Жогорудагы ыкмалар боюнча соодага коюлуп, сатылбай калган өзгөчө учурларда түз сатуу усулу колдонулушу мүмкүн.
  • Менчиктештирүү ыкмасын тандоо жергиликтүү ыйгарым – укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
  • Стратегиялык маанидеги объектер Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин уруксаты менен жол жоболоштурулат.
  • акысыз өткөрүп берүү

 

IV.  Объектилерди жеке менчиктештирүү мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши.

 

Муниципалдык менчиктеги объектилер жана мекемелер жеке менчиктештирүү мүмкүнчүлүгүнө жараша төмөнкүдөй түрлөргө (чектерге) бөлүнүштүрүлөт:

  • менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчик объектилери жана мекемелер:
  • шаардык Кеңештин чечими менен муниципалдык менчикке берилишинин токтолушу жөнүндөгү чечимдин жокко чыгарылышына чейин менчиктештирилүүсү чектелген муниципалдык объектилер жана мекемелер:
  • менчиктештирилүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык менчиктеги объектилер жана мекемелер.

 

V.    Жеке менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдыкменчик объектилери  жана мекемелер

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге кирген Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий баалуулук объектилери:

  • шаардык бюджет тарабынан камсыздалуучу маданият жана спорт объектилери:
  • медициналык мекемелер:
  • билим берүү мекемелери:
  • көрүстөндөр:
  • коомчулукту социалдык жактан коргоо системасынын уюмдары жана мекемелери:
  • шаардык автоунаа жолдору, ошондой эле алардын ишмердүүлүгүн камсыз кылып туруучу тийешелүү мекемелер:
  • инженердик инфраструктура объектилери, анын ичинде электр, жылуулук жана газ менен камсыздоо, суу-канализация чарбалары ошондой эле, аталган объектилердин мазмунун түзүп, ишмердүулүктөрүн камсыз кылып туруу үчүн иштетилген уюмдар жана мекемелер:
  • жалпы коомчулукка тийешелүү жерлер жана жалпыга тийешелүү үйлөр жана алардын мүлктөрү:
  • парктар, скверлер (тратуарлар), дем алуучу жайлар:

 

VI.  Шаардык Кеңештин чечими менен муниципалдык менчикке бекитилген объектилер жана мекемелердин жеке менчикке берилишинин токтолушу жөнүндөгү чечимдин жокко чыгарылышына  чейин жеке менчиктештирилүүсү чектелген муниципалдык объектилер жана мекемелер.

 

  • курорттук рекреакциялык чарбалар жана туризм объектилери:
  • оюн-зоок, коомчулукту кызыктыруу үчүн кызмат көрсөтүү объектилери:
  • почталык байланыш бөлүмдөрү:
  • шаардык посажирдик транспорт объектилери жана мекемелери:
  • ритуалдык кызмат көрсөтүү объектилери жана мекемелери:

   Жеке менчиктештирүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык менчиктеги объектилер жана мекемелер.

  • жашоону камсыздоо жана түрдүү кызмат көрсөтүү үчүн колдонулбаган эч ким жашабаган имараттар, кыймылсыз мүлк объектилери:
  • курулуп бүтпөгөн объектилер:
  • мончо кир жуугуч чарбалар:
  • ижарада турган жана адамдар жашабаган фонд объектилери:

 

VII.  Жеке менчиктештирүү тартиби жана кыймылсыз мүлк объектилерин баалоо.

Жеке менчиктештирүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлктөрдү жеке менчиктештирүүгө тартиби жана аларды баалоо муниципалдык мүлктөрдү жеке менчиктештирүү жана аларды баалоо боюнча методикалык көрсөтмөлөргө ылайык аныкталат.

Муниципалдык мүлктөрдү сатып алуучулар тарабынан төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрү муниципалдык мүлктөрдү башкаруу боюнча ишенимдүү уюм тарабынан белгиленген жана сатуу-алуу келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө жүргүзүлөт.

Муниципалдык мүлктөрдү жеке менчиктештирүүнүн негизинде түшкөн акча каражат кирешелери шаардык Кеңештин чечимине ылайык шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн жумшалат.

Кыймылсыз мүлктөрдү жеке менчиктештирүү жана баалоо боюнча методикалык көрсөтмөлөр муниципалдык мүлктөрдү башкаруу боюнча ишенимдүү өкүл тарабынан иштелип чыгат жана шаардык Кеңеш тарабынан бекитилет.

VIII. Программаны ишке ашыруу механизими.

 

Программаны ишке ашыруу механизими шаардын чарбачылыгынын социалдык-экономикалык жактарынын (процессин) башкаруунун жалпы механизиминин бир бөлүгү болуп эсептелет. Программаны ишке ашыруу механизиминин негизги элементтери болуп: - программанын максатына жана милдеттерине ылайык башкаруу уюмдарды түзүү жана калыптандыруу: - ачык-айкындуулук, жеке менчиктештирүү жарыянын (процессин) ачыктыгы менен иштөө, экономикалык жаңылануулардагы ар бир адамдын өз ордун жана ролун сапаттуу түрдө так жана туура түшүнүшүн калыптандыруу.

Жеке менчиктештирүүгө мүмкүн болбогон объектилердин тизмесин түзүү жыл сайын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун ишенимдүү өкүлү тарабынан түзүлөт жана шаардык Кеңешке сунушталат.

Менчиктештирүүгө мүмкүн болбогон объектилердин тизмеси муниципалдык менчиктин объектилерин жеке менчиктештирүү боюнча комиссия (мындан ары) комиссия тарабынан каралат жана шаардык Кеңештин сессиясында бекитилет.

 

 

 

   Сүлүктү шаарынын мэриясынын

алдындагы ММБ материалдык

бухгалтери:                                                                                                Ш.Халжигитов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                              Тиркеме №2

 

Менчиктештирүүгө тийиштүү болгон муниципалдык менчиктеги

 объектилердин 2023-2024-2025-жылдарга карата тизмеси

 

К

Объектилердин аталышы

Бирдик өлчөмү

Даанасы

Божомол суммасы

Менчиктештирүүнүн убактысы

1

Муниципалдык квартиралар

баатир

60

3.000.000

2023-2024-2025ж

2

Муниципалдык имараттардын (жер тилкелери)

Соода түйүнү

15

300 000

2023-2024-ж

 

Бардыгы:

 

 

3 300 000

 

 

 

   Сүлүктү шаарынын мэриясынын

    алдындагы ММБ материалдык

    бухгалтери:                                                                                                   Ш.Халжигитов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

 

Сүлүктү шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча Эрежени бекитүү жөнүндө

 

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын 13.03.2023ж. №01-12/562 сандуу Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын ишетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” 06.09.2022ж. №305 Жарлыгын жетекчиликке алып шаардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иштелип чыккан Эрежесин бекитип берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин “Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу жана тазалык” боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча Эреже бекитилсин;
  2. Бекитилген Эрежедеги  талаптардын аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө шаардык мэрияга  милдеттендирилсин;

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин “Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу жана тазалык” боюнча туруктуу комиссиянына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага:                                                                      Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

Сүлүктү шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча Эрежелер

 

§1. Жалпы жоболор

 

    1. Сүлүктү шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелер (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
    2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар ​​үчүн шаардын  аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
    3. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
    4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.

 

§2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

 

    1. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

Абонент - тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак;

Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү - калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;

КТТК (катуу турмуш-тиричилик калдыктары) чыгаруу - атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;

Газон – жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;

Бекитилген аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак;

Жашылдандырылган жерлер - жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;

Ири көлөмдүү таштандылар – керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга  мүмкүн болбогонүй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);

Контейнер аянтчасы - өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;

Таштанды - ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш-тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;

Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар – чектелген аянтта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо.

Парк - эс алууга жана көнүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;

Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Сүлүктү –Тазалык МИ) – катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ишкана.

Курчап турган айланадагы аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;

Коомдук келишим (ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;

Коомдук сунуш/оферта (ушул Эрежелер үчүн) – кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат;

Аймакты санитардык жактан тазалоо – аймакты тазалоо, көчөдөгү таштандыларды, калдыктарды чогултуу;

Көчөдөгү таштандылар – жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (көчө таштандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, металл жана башка материалдардан турат.

Катуу турмуш-тиричилик калдыктары  (мындан ары  - КТТК) – адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.

 

§3. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды

 чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу

 

    1. Шаарга караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
    2. Жеке турак жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.
    3. Сүлүктү шаарынын аймагынын жерлеринде КТТКны төмөнкү фракциялар боюнча милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет:
  1. Пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра иштетүүчү калдыктар;
  2. Мөмө-жемиштер, жашылчалар түрүндөгү органикалык калдыктар;
  3. Калдыктар, сөөк, айнек, темир тезек буюмдары, от жаккандан чыккан күл сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар.
    1. Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшөктөргө бөлүштүрүп иргейт. 
    2. Тургундар кварталдын/айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.
    3. Кызмат көрсөтүүчү өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша тургундарды кайра иштетүүчү калдыктарды сорттоп салуу үчүн мүшөктөр менен камсыздайт. 
    4. Абонент кайра иштетилүүчү калдыктарды иргөө/сорттоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин адилеттүүлүк менен аткарган учурда, кызмат көрсөтүүчү андай кардар үчүн тарифтик бааны төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.
    5. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар калдыктарды контейнерлерге чогултат.
    6. Контейнер аянтчаларынын бети асфальтталып же бетон менен жабылып, кирип-чыгууга ыңгайлуу жолдун боюнда эңкейиште жайгашууга тийиш.
    7. Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет.
    8. Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.
    9. Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
  • жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары - кызмат көрсөтүүчүгө;
  • ижарадагы, ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча – ведомстволордо, мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде, физикалык жана юридикалык тараптарда болот;
    1. Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
    2. Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
    3. Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын же  таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып кетишине, контейнерлердеги таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.
    4. Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана тейлеген мекеме-уюмдар өз убагында ремонттоп, оңдоо иштерин жүргүзүп, пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек.
    5. Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, айыл башчылары, кварталдык комитеттер жана катуу турмуш-тиричилик калдыктардычыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
    6. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
    7. Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу катуу турмуш-тиричилик калдыктардычыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан ишке ашырылат.
    8. Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар ​​таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
    9. Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарды  ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр шаардык кеңеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
    10. Юридикалык жана жеке жактар ​​катуу турмуш-тиричилик калдыктардычыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү Сүлүктү шаардык кеңешинин ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.
    11. 27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
    12. Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
    13. Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) оңдоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ​​ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу келишимине ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.
    14. Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бак-дарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар ​​катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.
    15. Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну ​​катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке ашырат.
    16. Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл. 
    17. Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот. Таштанды челектер ар бир кире бериштеги көп кабаттуу турак жайлардын короолорунда болушу керек. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.
    18. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар ​​тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
    19. Коңшу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же ​​катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
    20. Таштанды челектерди тазалоо иштери ​​катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан толтурулганына жараша, бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Таштанды челектер алардын кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат.
    21. Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерди объекттердин ээлери жана ижарачылары жууйт.
    22. Таштандыларды уруксатсыз таштоого, өрттөөгө күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
    23. Таштандыларды уруксатсыз таштаган  адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо «Сүлүктү Тазалык» муниципалдык ишканасы же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген мөөнөттөрдө аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
    24. Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик Сүлүктү шаарынын мэриясына жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө (Сүлүктү -Тазалык МИ) жүктөлөт.

 

§4. Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу

 

    1. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында - карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында - жолдун беттерин, тротуарларды, чакан архитектуралык формаларды жууп, сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
    2. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.
    3. Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
    4. Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.
    5. ​​Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:
  • узундугу боюнча - имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган бүткүл аймак боюнча;
  • туурасы боюнча - жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта – жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бөлүктүн туурасын бойлой;
    1. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлөө үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктөлөт. Бул учурда жоопкерчилик чөйрөлөрүнүн чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
    2. Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары) жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт.
    3. Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлөөнү камсыз кылат.
    4. Шаар мэриясы көчөдөгү убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, күркөлөр ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт.
    5. Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт.
    6. Көп кабаттуу үйлөрдүн чектеш аймактарынын тазалыгы үчүн турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.
    7. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтөп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат. 

 

§5. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу

 

    1. Юридикалык жана жеке жактар ​​айыл өкмөттөрүнүн бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
    2. Шаараймагында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
    3. Таштанды челектерин, көчө чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.
    4. Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
    5. Газондорго, гүлзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.

 

§6. Жашылдандыруу

 

    1. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
  • бак-дарактарды отургузуу,
  • бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер – жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү; куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу ​​жана башкалар;
  • газонду багуу боюнча жумуштар - тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу, пестициддер жана гербициддер менен дарылоо;
  • скверлерди жана бакчаларды тосуу;
  • шаар, айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.
    1. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
  • Жалпы пайдалануудагы аймактарда - парктарда, скверлерде, сейил бактарда, көчөлөрдө – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аныктаган тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга;
  • турак жайлар жайгашкан кичи райондордогу жана квартал ичиндеги участоктордо - үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;
  • уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине;
    1. Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
    2. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат. 
    3. Таажыны санитардык кыркуу иштерине - эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
    4. Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу - таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светофорлордун ж.б. көрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып (ширелерин бөлүп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.
    5. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
    6. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
    7. Шаар аймагынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.
    8. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет; жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:
  • иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга;
  • жашыл зоналарды өз убагында квалификациялуу күтүүнү жана реконструкциялоону (капиталдык оңдоону), анын ичинде бул иштерди аткарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу жолу менен камсыз кылуу;
  • жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербөө;
  • жайында жана кургакчылыкта газондорду, гүлзарларды, бак-дарактарды жана бадалдарды сугаруу;
  • газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө;
  • жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш;
  • багуу жана оңдоо процессинде жүргүзүлгөн бак-дарактарды жана бадалдарды кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат;
    1. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:
  • жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;
  • тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгө;
  • бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды төгүүчү жайларды уюштурууга;
  • калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө;
  • жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн үймөктөргө чогултуу, компост салуу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерге алып салуу же таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);
  • от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;
  • бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, туу гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;
  • дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө;
  • белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;
  • газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда транспорт каражаттарын өткөрүү жана токтотууга;
  • гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;
    1.  Жашыл аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү боюнча бардык иштер шаар мэриясы же ал ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген тартипте макулдашылып, иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

 

§7. Тышкы жарыктандыруу

 

    1.  Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.
    2.  Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 155 токтомун менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.
    3.  Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.
    4.  Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
    5.  Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
    6.  Жеке жана юридикалык жактар ​​өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.

 

    1.  Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылат.

 

§8. Көмүр өндүрүү ишканаларына жана жеке тартаптарга тиешелүү оор жүк ташуучу автоунаалардын, шаардын аймагындагы көмүр сорттоочу объекттердеги тазалыкты сактоо

 

    1. Шаар аймагындагы көмүр өндүрүү ишканаларына жана жеке тартаптарга тиешелүү болгон оор жүк ташуучу автоунаалардын шаар ичинде жол жүрүүдө таштанды же ташылып бара жаткан көмүрдүн калдыктарынын, шаардын аймагындагы көмүр сорттоочу объекттердеги ишмердүүлүк тургундарга, коомдук жолго же жалпы калктуу конушка тийгизген терс таасирин алдын алуу жана тазалыкты сактоо боюнча иш-чаралар жана тиешелүү иш алып баруу менчигинин ээсине жүктөлүп милдеттендирилет.
    2. Шаар аймагындагы көмүр сорттоочу объекттердеги тазалыкты жана ушул жаатта тартипти сактоо боюнча жоопкерчилик менчигинин ээсине жүктөлөт жана ээлеген жерине карата тиешелүү чараларды көрүү  - жерди өз багытында колдобогон учурда, андай факты ыйгарым укуктуу комиссинын тиешелүү корутундусуна жана түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык чаралар көрүү жагы Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикке жүктөлөт.

 

§9. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги

 

    1. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.
    2. Бул Көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар ​​ Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
    3. Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар ​​ Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
    4. Юридикалык жана жеке жактар ​​көп батирлүү турак жайлардын жалпы пайдалануучу жайларындагы санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 110-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.
    5. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атайын комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодесине ылайык жаза чараларын көрөт.
    6. Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

 

 

Сүлүктү шаарынын  муниципадык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын 23.03.2023ж. №01-12/695 сандуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 28.07.2022ж. №189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Типтүү жобонун  негизинде иштелип чыккан Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосун бекитип берүү боюнча каты жөнүндө шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 28.07.2022ж. №189 буйругунун 2 - пунктуна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү шаарынын мууниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин (Жобо тиркелет);
  2. Бекитилген Жобонун аткарылышын тийиштүү мыйзамдарга  ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин;
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагышаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Төрага:                                                                      Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

 

                                                                                    ДООЛБООР

 

 

 

Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО

 

1-глава. Жалпы жоболор

  1. Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ушул Типтүү жобо (мындан ары–Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыгып, муниципалдык менчиктеги объекттерди кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы ушул Жобонун 8-главасын жана11-пункттун кошпогондо, ушул Жобонун жана өз ыйгарым укуктарынын талаптарына ылайык муниципалдык мүлктү пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча иш-аракеттерди өз алдынча жүзөгө ашырат.

2-глава. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр

  1. Ушул Жободо пайдаланылган түшүнүктөр:

ижара–ижарагаберүүчүтарабынанмуниципалдыкменчиктеги объекттиижарачыга анны пайдаланууукугумененбелгилүүбирмөөнөткөбелгиленгенакыга же акысызнегизде берүү;

ижарачы – ушул Жободобелгиленгентартиптемуниципалдыкменчиктеги объекткеубактылууээликкылуужанапайдаланууукугуберилгенжеке же юридикалыкжак;

ижарагаберүүчү–муниципалдыкмүлктүижарагаберүүгөтиешелүүыйгарымукуктараларгаберилгенучурдажергиликтүүөзалдынчабашкаруунунаткаруу органы, ошондой эле муниципалдыкмекеме, муниципалдыкишкана;

аукционтооруктунтүрү, мындаэңжогоркубаанысунуш кылганкатышуучужеңүүчүдеп

таанылат;

аукционду алып баруучу тоорукту аукцион формасында жүргүзгөнжанааукциондуөткөрүүэрежелерининсакталышын көзөмөлдөгөнжак;

арыз ээси–муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүү боюнча тоорукка катышуу үчүн өтүнмө берген жеке же юридикалык жак;

конкурс–тооруктун түрү, мында тооруктун предметине карата ижарага берүүчү белгилеген шарттарды мыкты аткарууну сунуш кылган адам жеңүүчү деп табылат;

муниципалдык менчиктеги объект – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менчик укугуна ээ болгон кыймылдуу же кыймылсыз мүлк;

оперативдүү башкаруу–жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык мекемеге анын уюштуруучусу койгон тапшырмаларды аткаруу үчүн бекитилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы;

пайдалануу–жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюштуруучу болуп саналган муниципалдык ишканаларга, муниципалдык мекемелерге, коммерциялык эмес уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тоорук өткөрбөстөн акцияларына ээлик кылган акционердик коомдорго муниципалдык мүлк объекттерин берүүнүн формасы;

муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага түз берүү–жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) муниципалдык менчиктеги объекттерге карата ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү ыкмасы;

тоорук–муниципалдыкменчиктетурганобъекттергеижараукугун аукцион же конкурс түрүндөберүүыкмасы;

катышуучу–тооруккакатышуугауруксаталган арызээси;

чарба жүргүзүү–жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык ишканага ал үчүн белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде чарба (коммерциялык) иштерин жүргүзүү үчүн берилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы.

 

3-глава. Муниципалдыкмүлктүпайдалануугаберүү

 

  1. Муниципалдык мүлк муниципалдык ишканаларга жергиликтүү маанидеги маселелерди жана муниципалдык ишкананынэкономикалык туруктуулугуна өбөлгө болуучу башка тапшырмаларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде чарба жүргүзүүгө берилет.
  2. Муниципалдык ишканалар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын макулдугу менен гана муниципалдык мүлктү субижарага өткөрүп бере алышат, күрөө катары көрсөтүп, башка операцияларды жүргүзө алышат.
  3. Муниципалдык мүлк жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип, уюштуруучунун функцияларын аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде муниципалдык мекемелерге оперативдүү башкарууга берилет.
  4. Муниципалдык мекемелер муниципалдык мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын макулдугу менен гана субижарага өткөрүп бере алышат.
  5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюштуруучу катары иш алып барган коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү кеңештин чечими боюнча акцияларга ээ болгон акционердик коомдорго муниципалдык мүлктү пайдаланууга берүүгө укуктуу.
  6. Пайдаланууга берилген муниципалдык мүлктүн субижарасы үчүн акы жергиликтүү бюджетке түшөт.
  7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы, ушул Жобонун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.

4-глава. Тооруктардын түрлөрү

  1. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.
  2. Тооруктарды өткөрүүнүн негизги максаты жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу зарылдыгы болгон учурларда аукциондун негизинде тооруктар дайындалат.
  3. Аукцион түрүндөгү тооруктар электрондук соода аянтчасында электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн. Тооруктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №142 токтому менен бекитилген Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
  4. Тооруктарды өткөрүүнүн негизги максаты жергиликтүү жамааттын экономикалык же социалдык чөйрөдө өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналган учурларда конкурстун негизинде тооруктар өткөрүлөт.
  5. Тооруктун бир түрүн колдонуу жөнүндө чечимди жергиликтүү кеңеш кабыл алат.       5-глава. Тооруктарды уюштуруу боюнча жалпы жоболор
  6. Тооруктарды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп бере алат:

- муниципалдык мүлктү ижарага берүү зарылдыгы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими,

- муниципалдык менчиктин айрым объекттерин ижарага берүү боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык коргоо программасынын талабы,

- муниципалдык мүлктү ижарага алууга жеке жана юридикалык жактардын арызы.

  1. Тооруктарды өткөрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык менчиктеги объекттерге ижара укугун берүү боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзөт.
  2. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү киргизилет.
  3. Комиссиянын курамы, анын төрагасы жана катчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен бекитилет.
  4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 5 адамдан кем болбойт.
  5. Тооруктарды даярдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы:

- пландаштырылган тооруктар боюнча маалыматтык өнөктүктүжүргүзөт,

- тооруккакатышуугаталапкерлерденарыздардыкабылалуунууюштурат,

- тооруктардыөткөрүүбоюнчауюштуруумаселелерин чечет.

22. Комиссия

- келиптүшкөнөтүнмөлөргөушулЖобонунталаптарынаылайыкбаа берет,

- тооруктун жыйынтыгын протокол түрүндө бекитет жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына чечим кабыл алуу үчүн жиберет,

 - муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул Жободо каралган компетенциясынын чегинде карайт.

  1. Ижарага берүүчү тооруктарды өткөрүү үчүн төмөнкү документтерди даярдап, талапкерлерге берет:

- кыймылдуу же кыймылсыз мүлк объектисине үчүнчү жактардын укуктарынын жоктугу жөнүндө тастыктоочу маалымкатты;

- техникалык паспорттун көчүрмөсүн же объектинин техникалык мүнөздөмөлөрүн, анын ичинде техникалык коммуникациялар жөнүндө маалыматты;

- муниципалдык менчиктеги объекттин баалоочу же баланстык наркын;

-муниципалдык менчиктеги объекттер боюнча орточо айлык амортизациялык чегерүүлөрдүн эсебин;

- жергиликтүү салыктар (жер салыгы, мүлк салыгы)боюнча эсептерди;

- муниципалдык менчиктеги объекттин ижара акысынын баштапкы наркын.

  1. Ижарага берүүчү арыз ээсинин талабы боюнча анын техникалык абалын текшерүү максатында ижара объектисине кирүүнү камсыз кылууга тийиш. Арыз ээсинин талабы боюнча ижарага берүүчү таанышып чыгуу үчүн объектке укук белгилөөчү жана башка документтерди берүүгө милдеттүү.
  2. Өткөрүлгөн тооруктар жөнүндө кулактандыруу маалымат такталарына, шаардын/айылдык аймактын, райондун сайтына, социалдык тармактарга жана башка маалымат каражаттарына тоорук башталганга чейин 30 күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.

Кулактандырууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- объекттин аталышы жана анын жайгашкан жери,

- объекттин максаттуу багыты,

- тооруктарды өткөрүүнүн шарттары, күнү, орду,

- тооруктун баштапкы баасынын өлчөмү,

- арыздарды жана документтерди кабыл алуу башталган жана аяктаган күнү,

- тооруктун катышуучуларына коюлган квалификациялык талаптар (конкурс өткөрүлгөн учурларда),

- тоорук маселелери боюнча кошумча маалымат алууга шарт түзгөнарыздарды кабыл алуучу жердин дареги.

  1. Талапкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына 1-тиркемеде келтирилген форма боюнча коштомо документтерди чапталган конвертке салып беришет.
  2. Талапкерлерди каттоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жооптуу кызматкери жүргүзөт. Кызматкер каттоо фактысы жөнүндө талапкерге кабарлоо менен атайын каттоо журналына киргизет
  3. Тоорукка каттоодон өткөн жана белгиленген форма боюнча арызберген талапкерлер катыша алышат.
  4. Эгерде тоорукка катышкандардын саны экиден кем болбосо, тоорук өттү деп таанылат.
  5. Муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүүнүн баштапкы баасы объектиге байланышкан жер салыгынын, ошол объект үчүн мүлк салыгынын суммасынан кем болбоого тийиш.
  6. Муниципалдык менчиктеги объектти ижаралоонун баштапкы баасын мүлктү баалоо боюнча сертификацияланган адистин корутундусунун негизинде белгилөөгө жол берилет.
  7. Тоорук эки этап менен өткөрүлөт.
  8. Биринчи этапта Комиссия өтүнмөлөрдү берилген документтердин толуктугу боюнча талаптардынсакталганына жараша баалайт.
  9. Экинчи этапка өтүнмөлөрү берилген документтердин толуктугу боюнча тооруктун талаптарына шайкеш келген талапкерлер киргизилет.
  10. Экинчи этапта төмөнкүлөргө баа берилет:

- аукцион үчүн сунуш кылынган максималдуу баа боюнча,

- конкурс үчүн коюлган максатка жетүү үчүн эң жакшы сунушталган шарттар боюнча.

  1. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес кворуму болгондо жөнөкөй көпчүлүктүн добуштары менен кабыл алынат.
  2. Добуштар тең болгон учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
  3. Тооруктарды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия протоколго кол койот, бул протокол тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына жиберилет.
  4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы Комиссиянын мүчөлөрү ушул Жобону бузгандыгынын фактысы ырасталган учурда гана Комиссиянын пикирине макул болбоого укуктуу.
  5. Комиссия же анын айрым мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен макул болбогон учурда тооруктун жыйынтыгы боюнча акыркы чечимди жергиликтүү кеңеш өзүнүн чечими менен кабыл алат.
  6. Арыздардыбаалоону жүргүзүүдө техникалык мүмкүнчүлүк болгондо Комиссиянын жыйындарын онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.

 

6-глава. Аукцион түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү

 

  1. Аукционду өткөрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы аукционду алып баруучуну дайындайт.
  2. Аукциондун “арымы” баштапкы ижара акынын 10 пайызына чейинки өлчөмүндө белгиленет.
  3. Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун “арымын” аукционду алып баруучу жарыялагандан башталат.
  4. Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат.
  5. Аукционду алып баруучу аукциондун баштапкы баасын жарыялайт жана катышуучуларга бааны аукциондун белгиленген “арымынан” кем эмес өлчөмдө жогорулатуу сунушу менен кайрылат.
  6. Аукциондун катышуучусу өзүнүн билетин көтөрүп, лотту аталган баа боюнча сатып алууга макулдугун тастыктоо менен аукционду алып баруучуга кайрылат.
  7. Эгер аукционду алып баруучу кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы – жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.
  8. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш (4-тиркеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, Комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.
  9. Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Комиссия аукциондун биринчи жеңүүчүсүнөн кийин экинчи жогорку бааны сунуштаган катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде рейтингде экинчи орундуээлеген катышуучу аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
  10. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып беш иш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда ижаралоо келишими түзүлөт.
  11. Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет:

- бир катышуучу катышса,

- 50-пунктта каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса,

- баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу жогорку бааны сунуш кылбаса.

  1. Аукцион өткөн жок деп таанылган учурда кайрадан аукцион дайындалат.
  2. Эгер экинчи аукцион да өткөн жок деп таанылса, Комиссия ижара укугун кайрадан өткөрүлгөнаукциондун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга же тоорукту жокко чыгарууга укуктуу.

 

7-глава. Конкурс түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык менчиктеги объекттин максаттуу багытын жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүнө, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү жамаатты социалдык коргоо программасынын талаптарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечимдерине жараша аныктайт.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы максаттуу багыттын негизинде объектти пайдалануу боюнча конкурстук талапты иштеп чыгат, ал конкурска катышууну каалагандарга берилет.
  3. Арыз берүүчүлөрдөн конкурстук сунуштарды ачуу Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен ишке ашырылат.
  4. Комиссия келип түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун маалыматтарын, конкурстуннегизги шарттарын жарыялайт жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
  5. Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө Комиссия конкурстун катышуучуларына өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
  6. Конкурстун ар бир катышуучусуна конкурстук сунушун негиздеп берүү укугу берилет.
  7. Конкурстук сунуштарды 5-тиркемеде берилген критерийлердин негизинде Комиссиянын ар бир мүчөсү өз-өзүнчө баалап чыгат.
  8. Конкурстун жеңүүчүсү ар бир өтүнмө боюнча Комиссиянын мүчөлөрү койгон упайларды суммалоо жолу менен аныкталат.
  9. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Конкурстун бардык катышуучуларынын упайларын жана конкурстун жеңүүчүсүнө берилген бааны көрсөтүү менен протокол түзүлөт. Протоколдун формасы 6-тиркемеде берилди.
  10. Конкурстун эки же андан көп катышуучулары алган упайлар тең болгон учурда берилген конкурстук сунуштарды кайталап баалоо менен кошумча талкуулоо жүргүзүлөт.
  11. Эгерде кайталап баалоо бир жеңүүчүнү аныктай албаса, анда чечим бирдей жогорку упай алган катышуучулардын ортосундагы чүчүкулактын негизинде кабыл алынат.
  12. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып беш иш күндүн ичинде ижарага берүүчү менен конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда ижара келишими түзүлөт.
  13. Эгер конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Комиссия конкурстун биринчи жеңүүчүсүнөн кийин экинчи орунду ээлеген катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде экинчи орунду ээлеген катышуучу конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
  14. Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок деп эсептелет:

- бир катышуучу катышса,

       -67-пунктта каралган учурда экинчи орунду ээлеген тооруктун катышуучусу конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса,

- эгерде Комиссиянын пикири боюнча бир дагы өтүнмө конкурс үчүн коюлган талаптарга жооп бербесе.

  1. Конкурс өтпөй калды деп таанылган учурда, кайрадан конкурс дайындалат.
  2. Эгер экинчи конкурс да өткөн жок деп таанылса, Комиссия ижара укугун кайрадан өткөрүлгөнконкурстун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга же конкурсту өткөрүүнү жокко чыгарууга укуктуу.

 

8-глава. Муниципалдыкменчиктеги объекттердитүзберүү

  1. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин жоболору муниципалдык менчиктеги объекттерди тооруктарды өткөрбөстөн түз берүү ыкмасын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
  2. Муниципалдык менчиктеги объекттерди тоорук өткөрбөстөн берүү жөнүндө чечим ар бир учур боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен кабыл алынат.
  3. Муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага түз берүү төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн:

- муниципалдык мүлктү пайдаланган ижарага алуучу мурда түзүлгөн ижара келишиминин бардык талаптарын сактап, ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ижара жөнүндө өтүнүч менен кайра кайрылса,

- объекттин максаттуу багыты маанилүү социалдык маселелерди чечүү менен байланыштуу болуп, мында шаардын/айылдык аймактын чегинде бул социалдык тапшырманы аткарууга жөндөмдүү башка уюмдар болбосо;

- объектиге турмуштук оор кырдаалда турган адамдар: улгайган адамдар, жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү жана башка талапкер болсо;

- мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген муниципалдык жер участогунда бул адамдарга менчик укугунда таандык имараттар жана курулмалар жайгашса;

- кыймылсыз муниципалдык мүлктүн ижарага бериле турган аянты 50 кв.м ашпаса;

- Сезондук соода-сатыктар жана женил типтеги көрнөк-жарнактар  үчүн убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген мүлктөр кыска мөөнөткө тооруксуз берилсин. Эгерде жайгашкан жери бардык талаптарга жооп берген болсо, үч айдан, алты айга чейин түз берүү жолу менен келишим түзүлсүн:

 

  1. Муниципалдык менчиктеги объекттерди түз сүйлөшүүлөр жолу менен ижарага алууга талапкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына арыз беришет, мында өтүнмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- арыз ээси жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери),

- муниципалдыкменчиктеги объекттин жайгашканжерижанааталышы,

- болжолдуу максаттуу багыты,

- муниципалдыкмүлктүтүзберүүүчүннегиздеме,

- жергиликтүүжамаат ала турганпайда.

  1. Комиссия арызды жана тиешелүү документтерди карап чыгат, андан кийин чечим кабыл алат, бул чечим протокол түрүндө таризделет.
  2. Комиссиянын чечиминин протоколу муниципалдык менчиктеги объектти түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет.
  3. Жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде жергиликтүү кеңештин токтому кабыл алынган күндөн тартып беш иш күндүн ичиндежергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы менен ижарачынын ортосунда ижара келишими түзүлөт.

9-глава. Муниципалдык мүлктү пайдаланууга же ижарага берүүдө келишимдик мамилелердин өзгөчөлүктөрү

  1. Муниципалдык мүлктү пайдалануу келишими мөөнөтсүз мезгилге же ижарага берүүчү белгилеген мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.
  2. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү мөөнөтүн ижарага берүүчү белгилейт.
  3. Пайдалануу же ижаралоо келишиминин шарттарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен киргизилет.
  4. Ижара келишиминин мөөнөтү бүткөнгө чейин бир айдан кечиктирбестен өз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы жана ижарага берүүчү тараптар колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен ижаралоо келишимин ошол эле мөөнөткө узарта алышат.
  5. Ушул Жобонун 82-пунктуна ылайык ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу айрым бир шарттар менен түзүлөт, эгерде ижарачы:

1) ижара акысын, туумдарды, коммуналдык төлөмдөрдү, эксплуатациялык чыгымдарды, жер салыгын жана мүлк салыгын төлөө боюнча карызы болбосо (эгерде аларды төлөө милдети ижарачыга жүктөлсө);

2) ижара акысын өз убагында төлөбөгөндүгү форс-мажордук жагдайлардан улам келип чыккан учурларды кошпогондо, ижарага алган мөөнөт ичинде ижара акысын бир нече жолу кечиктирбесе;

3) конкурстун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишиминде каралган милдеттенмелерди аткарса.

  1. Ижарага берүүчүнүнкошумча макулдашуу түзүүдөн жүйөлүү баш тартуусу ижарачыга келишимди узартуу тууралуу сунушту алган учурдан тартып беш иш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жиберилүүгө тийиш.
  2. Ижара мөөнөтүн узартууда ижара акысы тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.
  3. Ижара келишими төмөнкү учурларда токтотулат:

1) келишимди колдонуу мөөнөтү жана/же мындай ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуунун мөөнөтү аяктаганда;

2) тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ижара келишими бузулганда;

3) тараптардын биринин талабы боюнча сот ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузганда;

4) ижарачы–юридикалык жак жоюлганда;

5) жеке жак – ижарачы каза болгондо, ал аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жок деп табылганда;

6) ижарачы ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүүгө макул болбогондо.

  1. Ижарага берүүчү келишим шарттарын бузган ижарачыдан буларды четтетүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде:

1) ижара объектисин же мүлктүн багытын ижара келишиминин шарттарын бузуу менен колдонуп жатса;

2) муниципалдык мүлктү ижарага берүүчүнүн макулдугусуз субижарага өткөрүп берсе;

3) ижара келишиминде белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин катары менен эки жолудан ашык ижара акысын төлөбөсө;

4) эксплуатациялоо процессинде ижара объектинин техникалык мүнөздөмөлөрү начарласа, же зыянга учураса, аларды жоюу үчүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү талап кылынса;

  1.  Ижарачы төмөнкү учурларда ижарага берүүчүдөн келишимдик милдеттенмелерди аткарууну же кетирген кемчиликтерди четтетүүнү талап кылууга укуктуу:

1) ижарага берүүчү келишимдин шарттарына ылайык ижара объектисин пайдаланууга тоскоолдуктарды жаратса;

2) ижарага берилген муниципалдык мүлктүн кемчиликтери болсо, ижара келишимин түзүүдө айтылбаса жана келишим түзүүдө ижара объектисин карап чыгуу учурунда аныкталбай калса.

  1. Ижара келишимин токтотуу ижарачыны ижара акысын төлөө жана туумдар менен айыптарды төлөө зарылчылыгынан бошотпойт.
  2. Ижарачы ижара мөөнөтүнүн ичинде капиталдык ремонт жасаган учурда тараптардын макулдашуусу боюнча ремонт иштерине кеткен чыгымдар ижара акысы катары эсепке алынышы мүмкүн.
  3. Муниципалдык мүлктүн эскиришин калыбына келтирүү жана амортизациялык чегерүүлөрдү топтоо боюнча тараптардын милдеттенмелерди аткаруусу боюнча талаптарды көрсөтүү ижара келишимин түзүүдө милдеттүү шарт болуп саналат.
  4. Ижарага берүүчү амортизациялык чегерүүлөрдү топтоо боюнча шарттардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылууга милдеттүү.
  5. Ижара объектисин кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө шарттар ижара келишимине киргизилүүгө тийиш.
  6. Эгерде ижара келишиминде башкача каралбаса, ижара объектисин кабыл алуу-өткөрүп берүүгө даярдоо ижарага берүүчүнүн милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүзөгө ашырылат.
  7. Келишим токтотулганда ижарачы ижара объектисин жакшы абалда ижарага берүүчүгө кайтарып берүүгө милдеттүү.
  8. Ижара келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандык-укуктук, тартиптик же жазык жоопкерчилигине тартылышат.
  9. Күнөөлүү тарап экинчи тарапка келтирилген материалдык зыяндын жана ижара келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган бардык чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

 

 

Түзгөн                                                                                        Ш.Халжигитов

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

 

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы (коммуналдык) муниципалдык менчик бөлүмүнүн 21.09.2004-жылдагы №033759ГР сериясындагы Күбөлүктүн  юридикалык аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын 24.03.2023ж.№01-12/696 сандуу Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы (коммуналдык) муниципалдык менчик бөлүмүнүн 21.09.2004-жылдагы №033759ГР сериясындагы Күбөлүктүн  юридикалык аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө каты боюнча шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап жумуштагы муктаждыктарды эске алып Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы (коммуналдык) муниципалдык менчик бөлүмүнүн 21.09.2004-ж. №033759ГР сериясындагы Күбөлүктүн: 
  •  юридикалык аталышы -“Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемеси”;
  • Уюштуруу укуктук формасы - “Мекеме”  болуп өзгөртүлүүсүнө макулдук берилсин.

 

  1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин юридикалык аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын өзгөртүү боюнча мыйзамдын талабына ылайык иш жүргүзүү жагы шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы С.Калакуловго милдеттендирилсин;
  2. Токтомун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясыны жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:                                                          Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

 

 

Сүлүктү  шаарынын  “Ардактуу атуулу” наамын  ыйгаруу жөнүндө.

 

Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарына сунуштоо боюнча комиссиянын, шаардык кеңештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, “Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Жобосунун” талаптарына ылайык Сүлүктү шаардык кеңеши      

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүп өсүүсүнө жана көмүр өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн “Рио Групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун өндүрүш иштери боюнча орун басары Ажибаев Ильяскожо Рахманбердиевичке Сүлүктү шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы _________________
  2.  “Ардактуу атуул” наамын тапшырууну уюштуруу жагы шаардык кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин. “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш”  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:                                                          Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

 

 

 

Сүлүктү шаарынын “Тоо –Бүркүтү” жайкы лагерин 49 жылга Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын 09.03.2023ж. №01-12/521 чыгыш сандагы Сүлүктү шаарынын  “Тоо–Бүркүтү” жайкы лагерин 49 жылга Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө каты боюнча шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш, жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык  Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү шаарынын  “Тоо – Бүркүтү” жайкы лагерин 49 жылга Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна ижарага берүүгө ______________________________________________________________________________________________________________________________________________________

 

  1.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш, жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Төрага :                                                                     Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык мэрияынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесине 1 (бир) штаттык бирдик ( багбан) кароого макулдук  берүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын 24.03.2023ж. №01-12/704 чыгыш сандагы Сүлүктү шаарынын Кош-Булак аймагындагы Д. Жороев көчөсүндөгү муниципалдык бакка бак дарактардын көчөтүн отургузуу, сугаруу жана кам көрүү үчүн шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик мекемесине 1 (бир) штаттык бирдик (багбан) кароого макулдук  берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына  ылайык  Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү шаарынын Кош-Булак аймагындагы Д. Жороев көчөсүндөгү муниципалдык бакка бак дарактардын көчөтүн отургузуу, сугаруу жана кам көрүү үчүн шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик мекемесине 1 (бир) штаттык бирдик (багбан) караоого макулдук берилсин;
  2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Төрага :                                                                     Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”_______ 2023ж

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин  2010-жылдын 4-февралындагы X сессиясынын №64   “Сүлүктү шаарындагы Коомдук өзүн өзү башкаруу аймактарынын башчыларына, жергиликтүү маанидеги төлөмдөрдүн кээ бир түрлөрүнөн жеӊилдиктерди берүү жөнүндөгү” токтомуна тактоолорду  киргизүү жөнүндө          

 

Сүлүктү шаарынын коомдук өз алдынча башкаруу аймактарынын башчыларынын ооз эки   кайрылууларын эске алып, шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана  2009-жылдын 20-июлундагы №241  “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык  Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин  2010-жылдын 4-февралындагы X сессиясынын №64   “Сүлүктү шаарындагы Коомдук өзүн өзү башкаруу аймактарынын башчыларына, жергиликтүү маанидеги төлөмдөрдүн кээ бир түрлөрүнөн жеӊилдиктерди берүү жөнүндөгү” токтому күчүн жоготту деп табылсын;
  2. “Сүлүктү шаарындагы Коомдук өзүн өзү башкаруу аймактарынын төрагаларынын “Сүлүктү тазалык”, “Сүлүктү тазасууканал” муниципалдык ишканаларына болгон __________________ төлөмдөрү жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин”;
  3. Сүлүктү шаарындагы Коомдук өзүн өзү башкаруу аймактарынын төрагаларынын “Сүлүктү - Тазалык”, “Сүлүктү - тазасууканал” муниципалдык ишканаларына болгон төлөмдөрү шаардык бюджеттин эсебинен компенсациялоо жагы шаардын мэри Б. Абдыжапаровго жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А. Келдибековго милдеттендирилсин;
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага :                                                                     Р.М. Жайнаков

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

Депутаттардын СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК 

Кенеши

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

СУЛЮКТИНСКИЙ  ГОРОДСКОЙ

Кенеш депутатов

 

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи  чакырылышы)   XXIV сессиясы

 

Токтом №

 

Сүлүктү шаары                                                                                “_____”______2023ж.

 

Сүлүктү шаарынын жергиликтүү  жамаатынын Курултайын өткөрүү жөнүндө

               Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 12.12.2022-ж. №279 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын жетекчиликке алып Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын Уставын типтүү уставга ылайыкташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 61-беренесине Кыргыз Республикасынын Президентинин 02.05.2001-ж. №152 Жарлыгы менен бекитилген “Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик Курултайы жөнүндө” Жобого жана депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2014 – жылдын 8 – июлундагы XII – сессиясынын №67 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын кезексиз Курултайы 28-апрель 2023-жыл  саат-10-00дө шаардык маданият сарайында  өткөрүлсүн;
  2. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайынын күн тартибине төмөнкү маселе киргизилсин:
  1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын талкуулоо;
  1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын уюштуруу жана өткөрүү жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн;
  2. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын уюштуруу жана  өткөрүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн;
  3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.

 

Төрага:                                                                           Р.М. Жайнаков