Жабуу
03-июнь

Сүлүктү шаарынын мэриясы кадрлар резервине киргизүү үчүн АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Cүлүктү шаарынын мэриясы адис (юрист) кенже административдик муниципалдык кызмат орунуна дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча 

АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:

1. Адис (юрист) кенже административдик муниципалдык кызмат оруну үчүн

- юридикалык же укук таануу багыты боюнча жогорку же орто кесиптик билим;

- иш стажына талап коюлбайт;

Негизги мыйзамдар:

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • - Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • - КР Эмгек кодекси;
  • - КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”мыйзамы;
  • - Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • - КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
  • - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: 

  • - КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы
  • - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;
  • - Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:

  • - Жеке арыз;
  • - Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
  • - Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • - Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • - Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • - Ыйгарылган илимий даража же илимий наам жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
  • - Паспорттун көчүрмөсү;

Документтерди 2024-жылдын 17-июнуна чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот. 

Дареги И.Раззаков көч 1, 2-кабат, телефон: 5-00-03

Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.