Жабуу
14-май

Сүлүктү шаардык Кеӊешинин жаны төрагасы шайланды.

2021-жылдын  14-майында Сүлүктү шаардык кеӊешинин жаны шайланып келген VII чакырылышынын депутаттарынын уюштуруу сессиясы  өткөрүлдү. Күн тартибиндеги каралуучу маселелердин катарында Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасын шайлоо өткөрүлдү.  Добуш берүүсүнүн натыйжасында,  көпчүлүк депутаттардын  колдоосу менен 16  добушка жетишкен Мадаминов Кубанычбек Гапырович Сүлүктү шаардык кеӊешинин жаңы төрагасы болуп шайланды.

 Мадаминов Кубанычбек Гапырович 1980-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1998-жылы М.Т.Ибрагимов  (мурдагы А.С.Макаренко)  атындагы №3 орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы Баткен мамлекеттик университетинин «Тарых» адистигине тапшырып 2004-жылы окуу жайды аяктаган.

            Алгачкы эмгек жолун 2003-жылы Сүлүктү телекомдо баштап, 2007-жылга чейин эмгектенген.

2007-2011-жылдары ОАО «Сүлүктүкөмүр» ишканасында эмгектенген

2012-2016-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген

2016-2017-жылдары Сүлүктү шаарындагы В.И.Ленин атындагы № 1 орто мектебинде тарых мугалими болуп иштеген

2017-2021-жылдары «Сүлүктү-Тазалык» МИнын директору болуп эмгектенип 2021-жылы жергиликтүү кеӊештин депутаты болуп шайланган.

            Эмгектеги жана жумуштагы жетишкендиги үчүн Сүлүктү  шаардык мэриянын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Ардак грамоталары» менен сыйланган.

            Үй - бүлөлүү 2 уул, 2 кыздын атасы.

Жаңы  шайланган Сүлүктү шаардык кенешинин төрагасынын  ишине чоң ийгиликтерди, тайбас эрк жана талыкпас эмгекти каалайбыз!