КОРОНАВИРУС МЕНЕН КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА
ШААРДЫК ШТАБ БИЛДИРЕТ
Урматтуу Сүлүктүлүктөр, шаарыбыздын тургундары!
Бүгүн 2021-жылдын 28-июнуга карата шаар боюнча 40 адам коронавирус оорусу менен ооруп катталган, алардын ичинен 6 киши ооруканада, 34 киши үйүндө дарыланууда. Бүгүн 82 жаштагы 1 киши аталган оорудан көз жумду.
Элибиздин, жакын адамдарыбыздын ден соолук коопсуздугун коргоо үчүн жалпыбыз бирдей аракет жасообуз зарыл.
Ар кимибиз зарылчылыгы болбосо коомдук жайларга, той-мааракелерге, кафе-ашканаларга убактынча барбай туралы. Той-маараке ээлерине элди коп топтобой, эн жакын адамдарын гана чакыруу сунушталат. Ооруну жуктуруп албоо максатында төмөнкү негизги эрежелерди сактаныздар:
1) зарыл болгондо гана коомдук жайларга чыгуу;
2) эл коп топтолгон жерлерге барбоо; эгер зарылчылык болуп, бара турган болсонуздар сөзсүз маска (беткап) тагынып, колдорду мезгил-мезгили менен антисептик менен тазалоо;
3) иммунитетти жогорулатуу максатында туура жана жеткиликтүү тамактануу;
4) таза абада болуу;
5) физикалык активдүүлүктү көбөйтүү.
Урматтуу жердештер, биздин шаар кичинекей жана элибиз түшүнүктүү, ошондуктан биримдикте коронавирус менен күрөшүү үчүн жогоруда жазылган эрежелерди так аткарып, ар бириниздер өз салымыңыздарды кошосуздар деген ишеничтебиз