17-сентябрь
Сүлүктүлүк жаш спортчуларга колдоо көрсөтүү
2021-жылдын 11-18-сентябьрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча Сербия мамлекеттинин борбору Белград шаарында өткөн жаш өспүрүмдөр арасында Эл аралык мелдешке Сүлүктү шаарынын жаш спортчусу Ырысбек Хамдамов байгелүү экинчи орунду ээлеп,өлкөбүздун желегин желбиретип келди.
Сүлүктү шаардык кеңеши шаардагы жаш өспүрүмдөр арасында спорттун түрүн өркүндөтүү, спорт сүйүүчүлөрүн ар тараптуу колдоо, эл аралык мелдештерге катышуу менен спортчулардын достугун бекемдөө жана жаш спортчуларды дүйнөлүк турнирге катышуусун камсыз кылуу, колдоо көрсөтүү максатында жеригиликтүү бюджеттин эсебинен 85 000 (сексен беш миң) сом бөлүнүп жана ага демөөрчү катары шаардык кеңештин депутаты Нурбек Абдыназаровдон 25 000 (жыйырма беш миң) сом бөлүнүп берилген. Аталган мелдешке Ырысбек Хамдамов 2021-жылдын 11-18-сентябрь күндөрү катышып 2-орунду ээлеп, байге менен келген.