Жабуу
15-февраль

Сүлүктү шаардык кенешинин 2023-жылга иш планын бекитүү жөнүндө (ДОЛБООР)

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) ХXIII сессиясы

 

 Токтом №___

 

Сүлүктү шаары                                                               «___»______ 2023-ж

                                                                              

                                                                                           

Сүлүктү шаардык кенешинин 2023-жылга  иш планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү”  Мыйзамынын    3 главасынын, Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентинин 10-главасынын негизинде, шаардык кеӊештин депутаттык фракцияларынын жетекчилеринин жана депутаттардын  сунуштарын угуп жана талкуулап  Сүлүктү  шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2023-жылга иш-планы бекитилсин  (иш план тиркелет);

 

  1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2023-жылга бекитилген иш планынын аткарылышын  камcыз кылуу жагы шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлерине, шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларына  жүктөлсүн;

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.

 

 

 

 

                   

Төрага :                                                        Р. М. Жайнаков

                   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылыш) ХXIII  сессиясынын «____»____________2023ж.     

№___ токтомуна тиркеме

 

 

Сүлүктү шаардык кенешинин 2023-жыл үчүн иш- планынын долбоору:

I.Сессияда каралуучу маселелер

 

Каралуучу маселелер

Аткарууга жооптуулар

Маселени даярдоого жооптуулар

Аткаруу мөөнөтү

I - квартал

 

1

Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын Регламенттин 4 – главасы 4.2. пунктун жетекчилике алып толуктоо жана өзгөртүүлөрдү сессияга сунуштоо.

Шаардык кеӊештин аппараты

Туруктуу комиссиялар

I -квартал

2023-жыл

2

Шаардык кеӊештин 2023-жыл үчүн иш планын бекитүү

Шаардык кеӊештин аппараты

Депутаттык фракциялардын жетекчилери

 

Шаардык кеӊештин аппараты

I -квартал

2023-жыл

3

Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши тарабынан 2022 – жыл үчүн бекитилген Сүлүктү шаарынын социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүнүн  жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылуусу тууралуу  Сүлүктү шаарынын мэринин отчетун угуу.

Шаардын мэри

М. Кадыркулов

Туруктуу комиссиялар

I -квартал

2023-жыл

4

Сүлүктү шаарынын социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүнүн  жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү.

Шаардын мэри

М. Кадыркулов

Туруктуу комиссиялар

I -квартал

2023-жыл

5

Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши тарабынан Сүлүктү шаарынын 2022-жыл үчүн бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту угуу жана 2023 – жылга   Сүлүктү шаарынын бюджетин бекитүү жөнүндө.

 

Шаардык мэрия

Каржы бөлүмү

Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы

I -квартал 2023-жыл

6

Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2022-жылга аткарган иштери боюнча маалыматы          

Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы

Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы

I- квартал 2023-жыл

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

II - квартал

 

1

 

 

 

 

Шаардын муниципалдык турак жай фонду боюнча маалымат угуу.

Муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы, “Сүлүктү тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси

Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы

II -квартал

2023-жыл

2

“Сүлүктү тазасууканал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө

“Сүлүктү тазасууканал” муницпалдык ишканасынын жетекчиси

Өнөр жай, транспорт, жол,  коммуналдык иштер, таза суу, тазалык  жана экология боюнча  туруктуу  комиссиясы

II -квартал

2023-жыл

3

“Тоо бүркүтү” эс алуу лагеринин абалы боюнча маалымат угуу.

Муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы, шаардык билим берүү бөлүмү.

Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт,  жаштар саясаты жана  спорт  боюнча туруктуу комиссиясы

II -квартал

2023-жыл

 III - квартал

 

1

Жергилктүү маанидеги иштердин жана Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 6 айга аткарылышы жөнүндө шаардын мэринин отчету.

 

Шаардын мэри

М. Кадыркулов КРнын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы

 

Туруктуу комиссиялар

III- квартал

2023-жыл

2

Шаардык билим берүү мекемелериндеги 2023-2024-окуу жылына даярдыгы жана  окуу программаларынын бирдиктүүлүгү боюнча.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт,  жаштар саясаты жана  спорт  боюнча туруктуу комиссиясы

III – квартал

2023-жыл

3

Сүлүктү шаардык Мамлекеттик салык башкармалыгынын бюджеттин киреше бөлүгү боюнча маалыматын угуу.

Сүлүктү шаардык Мамлекеттик салык башкармалыгы

Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы

III – квартал

2023-жыл

IV - квартал

1

“Сүлүктү тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө

“Сүлүктү тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси

Өнөр жай, транспорт, жол,  коммуналдык иштер, таза суу, тазалык  жана экология боюнча  туруктуу  комиссиясы

II- квартал

2023-жыл

2

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуу

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн башчысы

Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт,  жаштар саясаты жана  спорт  боюнча туруктуу комиссиясы

II -квартал

2023-жыл

3

Сүлүктү шаарынын 2022-жыга карата үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун аткарылышы жөнүндө

Шаардык мэрия  

Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы

IV квартал

2023-жыл

 

 

 

 

II.  УЮШТУРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА  МАСЕЛЕЛЕР:

 

Аткарылуучу иштер

Аткарууга жооптуулар

Аткаруу мөөнөтү

1

Шаардык кеӊештин депутаттары жана коалиция, фракциялар менен иш алып баруу

Шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери

Ар дайым

2.

Шаардык кенештин депутаттарынын шайлоочулар менен байланышын күчөтүү боюнча иш алып баруу

Шаардык кеӊештин төрагасы

Фракциялардын жетекчилери, шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери

Ар дайым

3

Шаардык кеӊештин иш кагаздарын электрондук документтер системасына (СЭД) киргизүү  Е Кызмат программасы менен иш жүргүзүү

Шаардык кеӊештин аппараты

6 Ай ичинде

Ар дайым

 4

Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары менен иш жүргүзүү

Шаардык кеӊештин башкы жана жетектөөчү адиси

Ар дайым

5

Шаардык кеӊештин депутаттарын жана жооптуу кызматкерлерин  окутууларды, семинарларды уюштуруу, уюштурулган окуу семинарларга катышууну камсыз кылуу.  КРнын министрлер кабинетине караштуу МКЖӨАБИ боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу менен

Шаардык кеӊештин төрагасы

Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы

Шаардык кеӊештин депутаттары

Макулда шуу менен

6

Шаардын калкы тарабынан келген арыз, кайрылуулар боюнча иш алып баруу

Шаардык кеӊештин депутаттык фракциялары

Жооптуу катчы

Жыл ичинде

7

Видео конференциядарды сапаттуу уюштурууну камсыздоо.

Шаардык кеӊештин аппараты

Жыл ичинде

8

Шаардык кеңештин ишмердүүлүгүн веб-сайт аркылуу чагылдыруунун сапатын арттыруу.

Шаардык кеӊештин аппараты

Жыл ичинде

 

Эскертме: Шаардык  кеӊештин компетенциясына кирген жергиликтүү маанидеги маселелер  зарылчылыгына карап кошумча маселе катары каралат.