Сүлүктү шаардык Аксакалдар сотунун мүчөлөрү жана төрагасы шайланды
2021-жылдын 20-сентябрында Сүлүктү шаарынын тургундарынын Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо боюнча чогулушу болуп, 9 адамдан турган шаардык Аксакалдар сотунун мүчөлөрү шайланды.
2021-жылдын 22-сентябрында Аксакалдар сотунун биринчи отуруму өткөрүлүп, төрагасы, орун басары жана катчысы шайланды.
Аксакалдар сотунун төрагасы болуп ички иштер кызматынын ардагери Төрөкулов Бакыт Тургунбаевич шайланды, ал эми анын орун басары - Салымов Каныбек Мавланович, катчысы - Бикулова Наталья Борисовна шайланышты.
Сүлүктү шаардык Аксакалдар сотунун мүчөлөрү:
Төрага - Төрөкулов Бакыт Тургунбаевич
Төраганын орун барасы - Салымов Каныбек Мавланович
Катчы - Бикулова Наталья Борисовна
- Эралиев Ысмайыл Сарыбаевич
- Курманалиева Жумагүл Курманалиевна
- Джаныбеков Тургун
- Шарипов Мамраимберди
- Паизов Нурпазыл
- Вайдулла кызы Буузия