27-март
Лейлек районунун, Раззаков жана Сүлүктү шаарларынын жергиликтүү кеӊештеринин арасындагы «Ынтымак» спорт турнири
Нооруз майрамына карата Лейлек районунун,Раззаков жана Сүлүктү шаарларынын жергиликтүү кеңештеринин арасындагы «Ынтымак» спорт турнири 2022-жылдын 27 мартында 9-00дө «Рахат» кафесинде эрте мененки тамактануу менен башталып,иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү «Бек- Бай-Кут» кичи футбол аянтчасында ачылды. Турнирде спорттун 3 түрү - футбол, эркектер жана ялдар арасындагы волейбол жана аркан тартыш оюну уюштурулуп, жогорку деӊгээлде өткөрүлдү.Турнирдин жыйынтыгында жеӊүүчүлөр аныкталып, Сүлүктү шаардык Кеӊешинин Кубогу, дипломдору жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.