01-октябрь
Карысы бардын ырысы бар
Карысы бардын ырысы бар
1-октябрь Карыялар күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында шаардык кеӊештин төрагасы Кубанычбек Мадаминов баш болгон депутаттар шаарыбыздын карыяларынан кабар алып, аларга акчалай жардамдарын жана кийим кече - белектерин берип, карыяларыбыздын ыраазычылыгын угуп, баталарын алышты.
Замир Мырзали уулу Карыялар үйүнө массаждоочу кресло белекке берип, чоӊ-ата, чоӊ-энелерибизди кубанычка бөлөдү.