Жабуу

ДЕПУТАТТАРДЫН СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ЖОБОСУ

 

  1. Жалпы жобо
  2. Шаардык кенештин компетенциясы
  3. Шаардык кенештин депутаттарынын укуктары жана милдеттери
  4. Шаардык кенештин төрагасы
  5. Шаардык кенештин төрагасынын орун басары
  6. Шаардык кенештин жооптуу кызматкерлери
  7. Шаардык кенештин апаратынын типтуу ченемдери жана штаттык саны.
  8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоюлганда, кайра уюшулганда муниципиалдык кызматкерлердин укуктары.

 

1. Жалпы жобо

  1. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарынын сандык курамы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23-беренесинин 3 -пунктунун негизинде 31 кишиден белгиленет.
  2. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кенеши бардык маселелерди коллективдүү, эркин, ачык, таза иштиктүү талкуулоо менен аньш натыйжасын депутаттарга, жергиликтүү жамааттардьш өкүлдөрүнө сессияларда жана элдик жыйындарда билдирип туруу менен жүргүзөт.
  3. Шаардык кенештин депутаттары өз милдеттерин жана укуктарьн коомдук башталышта өндүрүштүк же кызматтык иштерин жүргүзүү менен алып барат.
  4. Шаардык кенештин депутаттары өзүнүн иш- аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», Депутаттардын шаардык Кеңешинин регламенти ж.б. Кыргыз Республикасынын тийиштуу мыйзамдарынын жана укуктук ченемдик актыларынын негизинде жүргүзөт.
  5. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин Жобосу кенештин сессиясында бекитилип кабыл алынат. Жобого өзгөртуулор жана толуктоолор шаардык кенеш тарабынан кенештин төрагасынын, депутаттарынын туруктуу комиссияларынын жана депутаттардын демилгеси менен тийиштүү мыйзамдардын ченеминде киргизилет.
  6. Шаардык кенеш өзүнүн Депутаттардын Сүлүктү шаардык кенеши  (орусча аталышы Сулюктинский городской кенеш депутатов) аталыштагы  Кыргыз Республикасынын герби бар мөөрү бар, өзүнүн эсеп кысап ачууга финансы иш жүргүзуугө укугу бар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктуу органы. Дареги Баткен облусу Сүлүктү шаары И.Раззаков көчөсу №1

 

2. Шаардык кенештин компетенциясы

  1. Шаардык кенеш Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдын 31- беренесинде белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде кароого жана алар боюнча чечимдерди, токтомдорду кабыл алууга укуктуу.
  2. Шаардык кенештин сессияларында төмөндөгүдөй маселелер каральп чечим чыгарьшат.
  • жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө.
  • жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитуу, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу.
  • аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарьшышын контролдоо.
  • жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана женилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда  жыйындар, салыктар  боюнча ставкаларды аныктоо.
  • мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкаларынын жана  салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө.
  • жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту ишке ашыруу.
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу.
  • мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу.
  • жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү.
  • тиешелуу мамлекеттик бийлик органдарына  административдик- аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
  • Кенештин төрагасын жана орун басарын шайлоо аларды кызматтан бошотуу. Кенештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген айрым чечимдерин жокко чыгаруу
  • шаардык Кенештин регламентин бекитүү:
  • өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу :
  • окмот тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык санын жана түзүмүн бекитүү. -муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу  таштандыларды жыйуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу учун тарифтерди бекитүү.
  • алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарды сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейин чектөөлордү аныктоо.
  • үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды кутуунун тартибин аныктоо.
  • шаардын мэрин шайлоо.
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү:
  • жергиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
  •  

3.Шаардык Кенештин депутаттарынын укуктары, милдеттери.

 

  1. Шаардык кенештин депутаттарынын укуктары, милдеттери, шайлоочулар, коомдук уюмдар жана мекеме, уюм ишканалар менен өз ара мамилелери, депутаттык суроо талаптары Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Кенештеринин депутаттарынын статусу жөнүндөгу мыйзамынын, шаардык Кенештин депутаттарынын регламентинин ж.б тийиштүү мыйзамдар менен аныкталат.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесинин 7-пунктунун негизинде жыл ичинде шаардык Кенештин сессияларына жүйөлүү себепсиз төрттөн ашык катышпаганда шаардык кенештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен депутаттык мандаты токтотулушу мүмкүн. Депутаттар кенештин сессияларына катышууга милдеттүү.

4. Шаардык кенештин төрагасы

Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37- беренесинин 1-пунктунун негизинде шаардык Кенештин төрагасы шаардык кенештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарыньн ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен шаардык кенештин ыйгарым укуктарынын мөөнотүно шайланат.

  1. Шаардык кенештин төрагасы кызмат ордуна талапкер тийиштүү добуштарды албай калган учурда талапкерди көрсөтүүнун жол жоболору Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамынын жана укуктук - ченемдик актылары менен аныкталат.
  2. Шаардык кеңешинин төрагасы акы төлонүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укугу жок.
  3. Шаардык кенештин төрагасы

шаардык кенештин жалпы ишин башкарат:

-шаардык кенештин кызматкерлерин жумушка алат жана иштен бошотот:

-шаардык кенештин финансалык  чарбалык маселелерин башкарат.

  • шаардык кенештин сессияларын жана кезексиз сессияларына чакырат;
  • сессияларда торагалык кылат ;
  • шаардык кенештин чечимдерине кол коет
  • шаардык кенеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
  1. Шаардык кенештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасыньш мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө тийиштүү органдарга расмий өтүнүч жасайт.

4.6       Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда шаардык кенештин төрагасы ээлеген кызматынан шаардык кенештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

5. Шаардык кенештин төрагасынын орун басары.

    1. Шаардык кенештин төрагасынын орун басары сессияда шаардык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичинен ачык добуш берүү менен шайланат.
    2. Кенештин төрагасынын орун басары кенештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жокто же өзүнүн милдеттерин аткара албаган учурда анын ордуна иштейт.
    3. Тораганын орун басары ээлеген кызматынан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен, шаардык кенештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча бошотулушу мүмкүн.
    4. Шаардык кенештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.

6. Шаардык кенештин жооптуу кызматкерлери.

 

6.1 Шаардык кенештин жооптуу катчысы.

-шаардык кенештин жооптуу катчысы конкурстук негизде тандалып, эмгек келишими менен, кенештин төрагасынын буйругу боюнча ишке кабыл алынат.

-шаардык кенештин сессияларын, туруктуу комиссиялардын отурумдарын жергиликтүү жамааттардын жыйындарын даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.

-шаардык кенештин сессияларында, Курултайларда жана элдик жыйындарда кабыл алынган чечимдердин, токтомдордун, шаардын Уставынын, шаардык кенештин регламентинин, Жоболордун жана башка укуктук ченемдик актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуу менен алардын аткарылышын камсыз кылат.

-шаардын тургундарынын инсандык, үй- бүлөлүк жана мүлк абалын ырастоочу чарба китебин жүргүзүүнү уюштуруу жана алардын негизинде тийиштүү документерди мыйзам ченеминде жарандарга берүүнү көзөмөлдөйт.

-шаардык кенештин аппаратынын жооптуу кызматкерлеринин иштерин уюштурат, аппараттык отурумдарды, окуу семинарларды иш пландардын негизинде өткөрүүнү уюштуруу, шаардык кенешке интернет (токтом сайт) аркылуу түшкөн Кыргыз Республикасыньш тийиштүү мыйзамдарын, укуктук ченемдик актыларын апараттын

жооптуу кызматкерлерине жана шаардык кенештин депутаттарына айына бир жолу      

 билдирип турат.

-жарандардан тушкон арыздарды, даттанууларды, кайрылууларды, сунуштарды Кыргыз

 Республикасыньш тийиштүү мыйзамдарынын ченеминде карап жарандарга өз мөөнөтүндө

 жазуу түрүндө билдирет.

-шаардык кенештин кадрларынын документерин алып барат.

 -мыйзамда белгнленген мөөнөттө шаардык кенештин тийиштүү документерин мамлекеттик архивге өткөрүүнү уюштурат.

-Кыргыз Республикасыньш тийиштүү мыйзамдарында, укуктук ченемдик актыларында

жана шаардык Кенештин регламентинде көрсөтүлгөн жана башка иштерди аткарат.

 

  1. Шаардык кенештин башкы адиси.

 

-шаардык кенештин башкы адиси конкурстук негизде тандалып, эмгек келишими менен, төрагасынын буйругу боюнча ишке кабыл альшат

-шаардык кенештин депутаттары менен иш жүргүзөт.

-шаардык кенештин туруктуу комиссияларынын отурумдарында, шаардык кенештин сессияларында, жергиликтүү жамааттардын окулдорунун Курултайларында жана элдик жыйындарда каралуучу маселелерди даярдоого катышат.

-шаардык кенештин сессияларда, Курултайларда жана элдик жыйындарда кабыл алынуучу чечимдердин, токтомдордун, шаардын Уставынын, шаардык кенештин регламентинин, Жоболордун жана башка укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун даярдоого катышат.

-шаардык кенештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушуусун уюштурат.

-шаардык кенештин сессияларында, Курултайларда, элдик жыйындарда, депутаттардын шайлоочулар менен болгон жыйындарында айтылган сын-сунуштардын аткарьшышы боюнча иш чараларды тузуп аньш аткарылышы боюнча жарым жылда бир жолу шаардык кенешке билдируу берет.

-шаардык кенештин туруктуу комиссияларыньш иш кагаздарын алып барат.

-шаардык кенештин депутаттары, коомдук өзун-өзу башкаруу аймактарынын башчылары, ардагерлер, аялдар кенештери, аксакалдар сотторунун иштерин уюштуруу боюнча жаш кадрларга практикалык методикальпс жардамдарды уюштурат.

-Кыргыз Республикасыньш тийиштуу мыйзамдарында, укуктук ченемдик актыларында жана шаардык кенештин регламентинде корсотулгон жана башка иштерди аткарат.

 

  1. Шаардык кенештин жетектоочу адиси.

-шаардык кенештин жетектоочу адиси конкурстук негизде тандалып, эмгек келишими менен, тораганын буйругу боюнча ишке кабыл алынат

-шаардын аймагындагы коомдук өз алдынча башкаруу аймактары менен иш жүргүзөт

-шаардын тургундарынын инсандык уй булолук жана мулк абалын ырастоочу чарба китебтерин жүргүзөт. Чарба китептеринин негизинде жарандарга берилуучу тийиштуу документерди даярдайт.

-шаардын жетекчилери менен коомдук өз алдынча башкаруу аймактарында жолугушууларды уюштурат, жолугушуулар жөнүндөтийиштуу документерди даярдайт, айтылган сын сунуштардын негизинде атайын иш чара иштеп чыгып анын аткарылышын көзомолдойт.

-турмуш шарты начар жардамга муктаж жарандарга коомдук өз алдынча башкаруу аймактарынын башчылары, шаардык социалдык онуктуруу болумунун кызматкерлери менен биргеликте арзан баада комур жана башка жардамдарды беруу боюнча сунуштарды даярдайт.

-шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча коомдук өз алдынча башкаруу аймактарынын башяйиары, менен ниш жүргүзөт, Ишсиз жарандарды Коомдук иштерге тартууну уюштурат.

      -шаардын аймагында (үлгүлүү көчө, үлгүлүү үй-бүлө, үлгүлүү аймак жана башка конкурс сынактарды өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзөт:

-Кыргыз Республикасыньш тийиштүү мыйзамдарында, ченемдик- укуктук актыларында жана шаардык Кенештин регламентинде көрсөтүлгөн жана башка иштерди аткарат.

 

7. Шаардык кенештин апаратынын типтүү ченемдери жана штаттык саны.

Шаардык Кенештин апаратынын типтүү ченемдери жана штаттык саны шаардык кенештин сессиясында Кыргыз Республикасыньш Өкмөтүнүн «Областык маанидеги шаардык кенештердин апаратынын типтүү ченемдери жана штаттык саны жөнүндөгү» токтомунун негизинде аныкталат.

 

8.  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоюлганда, кайра уюшулганда муниципиалдык кызматкерлердин укуктары.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоюлганда, кайра уюшулганда муниципиалдык кызмат орду кыскартылганда муниципиалдык кызматкерлердин укуктары  Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамынын Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин жана башка мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын негизинде ишке ашырылат.