Келечек — билимдүүлөрдүн колунда

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү жөнүндө

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү учурда Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу жана билим берүү жөнүндөгү улуттук программаларын жетекчиликке алып окутуу процессинин формаларын жана технологияларын жакшыртуу үчүн өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Исманов Абдувахап Джалилович жетектеген Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүндө жалпы билим берүүчү 9 мектеп, анын ичинен 1 мектеп–гимназия, 1 жалпы билим берүүчү  техникалык лицей, андан тышкары 7 балдар бакчасы, 1 балдардын чыгармачылык борбору  иштеп жатат.

Шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептерде 276 мугалим, балдар бакчаларында 70 тарбиячы, мектептен тышкары мекемелерде (БЧБ) 15 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен 53 мугалим  “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээлери.

Шаарыбыздын жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин бардык күч-аракети, чыгармачыл дарамети жана иш тажрыйбалары окуу тарбия процессинин түпкү натыйжалуулугуна жетишүү менен окутуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана анын сапатын  жогорулатууга багытталган.

Эң башкы милдеттердин бири болгон жалпы билим берүүчү уюмдарында татыктуу билим берүүнү камсыз кылуу, окуу тарбия иштерин жакшыртуу, билим берүүнүн мамлекеттик стандартына жетишүү, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, чыгармачыл мугалимдердин демилгелерин колдоо, окутуунун стандарттык эмес формаларын, интерактивдүү усулдарды кеңири колдонуу, окуучуларды тарбиялоодо этнопедагогиканын элементтерин жайылтуу боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.

Билим бешиги болгон жалпы билим берүүчү мекемелердин материалдык-техникалык базасынын абалын жакшыртуу максатында бир топ долбоорлор ишке ашууда.  Жыл ичинде Республикалык бюджеттен 287400 сом,  жергиликтүү бюджеттен 122000 сом, демөөрчүлөр жана  ата-энелер жардамы менен 367670 сом  коротулуп, окуу үчүн шарттар түзүлдү. “2017-жыл-Мектеп тамагын жакшыртуу–сапаттуу билимге өбөлгө” аттуу иш пландын негизинде мектептин 10, 20 жылдык бүтүрүүчүлөрүнүн демөөрчүлүгү  менен мектептердин ашканасын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Баланы мекенчил, эмгекчил, ыймандуу, эң башкысы өз ордун табууга жөндөмдүү болуп өсүүсү үчүн тарбиялоонун таасирдүү жолдорун табуу, тажрыйбада колдонууда башкаларга жол көрсөтүүчү катары бөксөрбөгөн дем, талыкпаган жигер менен иштеп келе жаткан агартуу майданынын кызматкерлери заман талабынан артта калбай иштеп келе жатат.

Шаарда билим берүү тармагында таалим тарбия, адеп-ахлак, билим сапатын жакшыртуу маселесин коомчулук, ата-энелер, жаштар жана окуучулар менен биргеликте чечүү үчүн жолугушууларды жыл бою өткөрүлүп келет.

Абдувахап Джалилович билим берүү бөлүмүнө жетекчилик кызматка келген жылдан бери окуучуларга стимул берүү максатында Мыкты окуучулардын слетун жыл сайын уюштуруп, өткөрүп келет. 2017-жылы Мыкты окуучулардын IX слету өткөрүлдү.

Шаардагы жалпы билим берүүчү уюмдардын окуу-тарбия иштерине усулдук жардам берүү жана көзөмөлдөө максатында жума сайын шаардык билим берүү бөлүмүнүн күнү жана усулкаана күнү өткөрүү эң жакшы жолго коюлган.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине шарт түзүп берүүдө кааналарды заман талабына ылайык ремонттоп, компьютер ж.б.эмеректер менен камсыздап, интернет түйүнүнө кошуп, мыйзам талаптарын сактоодо жана мезгилден артта калбоо үчүн токтом.kg сайтына кошуп кызматкерлер үчүн жетиштүү шартттар түзүлгөн. Имараттын чатырын жабууда, жылытуу системасын ишке киргизүүдө демилге көтөрүп, долбоордун ишке ашуусуна көмөк көрсөткөн.

Республика боюнча усулкаана жоюлуп кетсе да, агай тарабынан корголуп, шаардык билим берүү бөлүмүндө усулкаана сакталып калган, ошондуктан учурда Республика боюнча усулкааналар уюшулуп жатса, бүгүнкү күндө биздин шаарда өз жемишин берип келүүдө.

2016-2017-окуу жылынын башынан агайдын демилгеси, иш билгилиги менен, баланын психологиясын терең түшүнгөндүгүнөн окуучулар арасында тарбия маселесин күчөтүү максатында шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исмановдун демилгеси менен ар бир мектептин лидер окуучулар түзүмү түзүлүп, бүгүнкү күндө бул саамалык жемишин берип жатканы байкалып турат.

Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун илим изилдөөчүсү, Баткен облусунун №3 эксперименталдык гимназиясынын директору, новатор мугалим Г.М.Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты», “Энелер мектеби”, “Ата-энелер сиздер үчүн” сыяктуу педагогикалык-усулдук колдонмолорун окуп үйрөнүү жана иш жүзүндө сабактарда үзгүлтүксүз пайдалануу атайын орто мектептерде сабактан тышкаркы окууларда, ийримдерде өзүнчө окуу катары киргизилген.

Шаарыбызда билим берүү тармагында Г.Мадаминовдун “Энелер мектеби” автордук программасын окутууну жана “Энелер кеңешинин” ишин  колго алуу менен балдар бакчасынан баштап, ар бир мектептеги окуу-тарбия иштерине энелердин активдүү,  иштиктүү көмөк көрөтүүсүнө жетишүү менен балдардын билим деңгээли жогорулоодо. Шаардын мектептеринде “Энелер мектеби” автордук программасынын негизинде кароо-сынактар өткөрүлүп, “Мыкты эне”, “Мыкты үй-бүлө” конкурстары өткөрүлүп келет. Ошондой эле “Энелер мектеби” программасынын негизинде энелерге практикалык сабактар өткөрүлүп келет.

Абдувахап Джалиловичтин демилгеси менен 2017-жылдын апрель айында «2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият жылына» арналган «Ата-энелер мектебиндеги тарбия – коомдогу адеп – ахлактын булагы» аттуу ата–энелер конференциясы областтык деңгээлде уюштурулуп, шаар мэри Абдыназаров Рахманберди Эрматович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баткен областтык ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Саттарова Чынара Осмоновна, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында түзүлгөн “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин орун басары Марапат Жалиловна Ташполотова, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдувахап Жалилович Исманов, Сүлүктү шаарынын башкы имам-хатиби Жолдошов Муса ажы Каримович, Сүлүктү шаардык төрөт үйүнүн башчысы, Шаардык кеңештин депутаты, Н.Кушматов атындагы №9 мектеп-гимназиясынын ата-энелер комитетинин төрайымы Самадова Гүлнара Халиевна, М.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин “Энелер мектеби” программасы боюнча иштеген мугалим, Билим берүүнүн мыктысы Турдыева Мавлюда Мамажановна, Токтогул атындагы №2 техникалык лицейинин ата-энелер комитетинин төрайымы, шаардык билим берүү бөлүмүндө ата-энелер комитетинин мүчөсү Назарова Жумагүл Айдаралиевна билим берүү мекемелериндеги билим жана тарбия жараянын жаңы багытка буруу, ата-энелерди, коомчулукту тарбиялоо жараянына тартуу аркылуу билим берүүнүн, мектептин ортосундагы тыгыз байланышты түзүүнүн маанисин билим сапатын жогорулатуу, балдарды окутуп тарбиялоодогу ата-энелердин орду, үй- бүлө менен мектептин байланышы, Лейлек районунун №3 эксперименталдык гимназиясынын новатор тарыхчы мугалими ГапырМадаминовдун окуучуларга билим берүүдө жана тарбиялоодо кошкон өзгөчө салымдарын белгилеп кетишти.

2016-жылдан баштап агайдын демилгеси менен Г.Мадеминовдун насаатчылыгынын негизинде “Жаш мугалимдер мектеби” түзүлүп, бүгүнкү күндө өз ара сабак өтүүдөгү чеберчиликти жогорулатуу, балдарга сапаттуу билим берүүгө жетишүү ж.б. проблемалардын негизинде мугалимдер бири-бири менен тыгыз кызматташтыкта иштеп жатышат. Жаш мугалимдер мектебинин Сүлүктү шаарындагы координатору Н.Кушматов атындагы №9 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жжана адабияты мугалими Шералиева Диляра жетектейт.

Дагы бир өзгөчө саамалык “Жаш мугалимдер мектеби жаңы муундагы педагогдорду даярдоо каражаты” деген темада жаш мугалимдердин слету областтык деңгээлде уюштурулуп, жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү. Слетко Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баткен областтык ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Саттарова Чынара Осмоновна, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун өкүлү Аязбек Атамкулов жана билим берүү тармагындагы алдыңкы педагогдор Гапыр Мадеминов,  Кыялбек Акматов, Куштарбек Кимсанов, Мелисбек Музульманкулов жана областыбыздагы район шаарлардын билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, башка район-шаарлардан мугалимдер катышып, жаш мугалимдер слетунун жогорку деңгээлде, уюшкандыкта өткөрүлдү.

Жыл сайын Президенттин Жарлыгын аткарууда шаардык билим берүү бөлүмүндө да жылдар белгиленип, өз жемишин берип келе жатат. Акыркы 3 жылды белгилеп өтсөк, шаардагы мектеп китепканаларын окуу-усулдук, көркөм, балдар адабияттары менен толуктоо жана окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатындагы Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүндө мектептин китепкана базасын чыңдоо, окуучулардын китепке кызыгуусун арттыруу максатында 2015-жылы “Китеп жылы” деп жарыяланып, мектеп китепкасынын базасын чыңдоо боюнча иш аракеттер жасалып, окуучуларды китеп окууга кызыгуусун арттыруу максатында “Мыкты окурман окуучу”, “Мыкты окурман мугалим”, “Мыкты китепкана” конкурстары уюштурулуп, жыл жыйынтыгы чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №286 “2016-жылды тарых жана маданият жылы” деп жарыялаган Жарлыгына ылайык Cүлүктү шаарында билим берүү тармагында адеп-ыймандык жаңы багыттарды жаратуу, кубаттуу, бакубат мамлекетти куруу тилеги менен жарандарды бириктирүү, өлкөбүздөгү, аймактардагы алдыңкы ишмерлер, мамлекетке кошкон салымы бар көрүнүктүү, үлгүлүү инсандар менен тааныштыруу, элибиздин бай тарыхын жана маданиятын сактоону, өнүктүрүүнү, моралдык-нравалык жаңы багыттарды аныктоону көздөө максатында Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүндө 2016-жыл “Инсан таануу” жылы деп жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков менен мугалимдер жана окуучулар жамааты менен биргеликте “Максатка кантип жетүү керек” деген темада семинар өткөрүлдү. Ал өз сөзүндө Япон элинин маданияты, жетишкендиги, кичи пейилдиги, чынчылдыгы жөнүндө баса белгилеп, бирок кыргыз жериндеги берекелүүлүк, элиндеги меймандостукту Япониянын Кобе университетинде магистрант болуп жүргөндө салыштырып байкагынын айтып өттү. Нравалык жактан бир топ пайдалуу маалыматтуу болушту.

Аталган фонддун төрагасы Сүлүктү шаарынын мугалимдери, окуучулары, ата-энелер жана студенттерине Кыргыз Тарых Коомунун Президенти, тарыхчы,  журналист,  публицист, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Кадырмамбетович Чоротегин жана кыргыздын тарыхчысы, публицист жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Сатар уулу Молдокасымовдор менен жолугушуу уюштурууга көмөк көрсөттү. Жолугушууда кыргыз элинин бай тарыхы, эне тили, басып өткөн жолу, кыргыз элинен чыккан чыгаан инсандары жөнүндө келечек муундарга кеңири маалымат берүү менен тарыхты үйрөнүүгө, эне тилин урматтоого элибиздин бай тарыхын жана маданиятын сактоого, өнүктүрүүгө үндөдү. Окуучулар, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун келген конокторго беришти жана далилдүү жоопторун алышты жана окуучуларга илимдин жетишкендиктеринин колдонуунун сырларын айтып, өз жашаган жеринин тарыхын кантип интернетке жайгаштыруу жолдорун үйрөтүп кетишти.

Жалпы билим берүү уюмдарынын 9-10-11-класстарынын окуучуларын ЖТРгө сапаттуу даярдоо жана өз ара тажрыйба алмашуу максатында Бишкек шаарындагы “SECOM” билим берүү мекемесинин жетекчиси Дүйшеев Алтынбек Асанкарыевич математика жана кыргыз тили жана адабияты мугалимдери менен келип, шаарыбыздын тажрыйбалуу мугалимдери менен ЖТРгө даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу максатында семинар өткөрдү. “SECOM” билим берүү мекемеси менен мындан ары да кызматташып иштешүү үчүн В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинин базасында 1 жылда 2 жолу 9-11-класстын окуучулары үчүн көнүгүү тести өткөрүлүп, жыйынтыгы мектептерде анализденип, ЖРТгө даярдык иштери көрүлүп келет.

“Ыйман” фондунун жана Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдувахап Джалиловичтин демилгеси менен жаңыдан чыгып келе жаткан жаш төкмө акындар шаарыбызга келип, ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Ошондой эле “САМО” адамды өнүктүрүү Эл аралык борборунун машыктыруучусу  Эгемберди Кубатов менен ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер менен жолугушуу жана “Инсандык өнүгүү” деген темада семинар-тренинг өтүлдү.

Билим берүү мекемелеринде тарыхты Мамлекеттик тилди жана маданияттын негиздерин окутуу сапатын жакшыртуу окутуунун заманбап методологиялары жана усулдары боюнча ачык сабактар откорулуп ошондой эле “ ЮСАИД” эл аралык уюму тарабынан уюштурулган “Бирге окуйбуз”  долбооруна беш мектеп кирип, жакшы жетишкендиктерге жетише алды. Окуучулар республикалык  телесынакка катышып, байгелүү орунга  жетишти.

“Келечек+” гезити жана КТРК каналынын Республикалык “Акыл ордо” интеллектуалдык таймашына окуучуларыбыз катышып, байгелүү орунга ээ болду.

Окуучулардын билим сапатын көтөрүүдө баланын туура тамактануусу маанилүү экендигин эске алып, “2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата  шаардык билим берүү бөлүмүндө “2017-жыл – Мектеп тамагын жакшыртуу–сапаттуу билимге өбөлгө” деп жарыяланып, анын үстүндө алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Мерсико Эл аралык уюмунун “Мектеп тамагын оптималдаштыруу” долбоорунун алкагында иштеп жатат. Учурда 2 мектептин 370  окуучу БУУнун ДАТП программасында тамактанат. Ал эми 3 мектеп МерсиКо Эл аралык уюму менен, 3 мектепте БУУнун ДАТП программасынын негизинде ысык тамак уюштуруу каралган. 1 мектеп типтүү эмес болгондуктан долбоор колдоого алган эмес. Жалпысынан 2018-жылдан баштап, 8 мектепте “Мектеп тамагын оптималдаштыруу” долбоору ишке киргизилет.