СЫЙЛЫК – СЫЙМЫК

Окурмандар арасында өтө зор белгилүүлүккө ээ  болгон республикалык “Жетиген” журналы адаттагыдай эле Жаңы жыл алдынан өлкөдөгү мыкты адамдарды аныктап, аларга өзүнүн сыйлыктарын тапшырды.

Сыйлык алып маңдайы жарыган инсандардын ичинде Сүлүктү шаарынын мэри, “Даңк” медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын өндүрүшүнө эмгек сиңирген ишмер – Абдыназаров Рахманберди Эрматович да бар. Ал “Жетиген” журналы тарабынан  “Жылдын мыкты мэри” деп табылып, басылманын атайын диплому жана алтын жалатылган статуеткасын кичи мекенине алып кайтты.