«Көмүр өндүрүүнүн көлөмү көбөйүүдө»

Сүлүктү шаарындагы
«Нур» жоопкерчилиги чектелген коомунун
директору Нурбек Абдиназаров:

Тээ союз мезгилинде зле Сүлүктүнүн көмүрү сапаттуулугу боюнча Борбордук Азияны таң калтырып келгендиги белгилүү. Көмүр өндүрүү боюнча зор ийгиликтерди жараткан кенчилердин мекени болгон Сүлүктүдө 1 миллион тоннага чейин көмүр өндүрүү менен республикабыздын аймагынан сырткары коңшу мамлекеттерди дагы көмүр менен камсыз кылууга жетишип келген. Союздун ыдырашы көмүр өндүрүү тармагында да чоң көйгөйлөрдү жаратты. Айрыкча, коншу мамлекеттер менен алака солгундап, чек аралар жабылып, өндүрүлгөн көмүрдү сатып өткөрүү жаатында кыйынчылыктар жаралды, өзгөчө көмүр өндүрүүдө эң зарыл болгон техникалар, жардыргыч заттар, карагай, темирлер негизинен Россиядан келгендиктен бул багытта дагы көйгөйлөр жаралды.
Зарыл болгон материалдардын баасы кескин жогорулаганына байланыштуу көмүр өндүрүү пайдага эмес, зыянга учурады. Сүлүктү шаарынын аймагында көмүрдүн эбегейсиз чоң запасынын бардыгына карабастан, Сүлүктү көмүр ишканалары банкротко учурады. өлкөбүз рынок экономикасына багыт алышы менен Сүлүктү шаарында дагы жаңы көмүр өндүрүүчү ишканалар ачылды. Мына ошондой ишканалардан алгачкылардан болуп «Нур» жоопкерчилиги чектелген коому түптөлүп, көмүр өндүрүү жаатында астейдил аракеттерди көрө башташат. Учурда «Нур» ЖЧКсы Сүлүктү шаарындагы эң алдыңкы ишканалардын катарына кирет.
— Нурбек Рахманович, сиз жетектеп жаткан «Нур» жоопкерчилиги чектелген коомунда канча жумушчу эмгектенүүдө?
— Ишканабыз алгач түптөлгөндө 10го жакын адам менен баштаган болсок, улам мезгил өткөн сайын көмүр өндүрүүнүн көлөмү көбөйүп, анын негизинде жумушчуларыбыздын саны улам жогорулап отурду. Учурда биздин ишканада жалпысынан 129 жумушчу эмгектенүүдө. Буюрса, жакынкы мезгилдерде жаңы көмүр кендерин ачуу пландары бар. Ошондо жаңы жумуш орундары түзүлүп, жумушсуздукту жоюу боюнча программаны турмушка ашырууда биздин ишкана өз салымын кошот деген ойдомун. Өткөн жылы ишканабызга 18615 тонна көмүр өндүрүү планы коюлган болсо, жумушчуларыбыздын иштиктүү аракетинин натыйжасында 25620 тонна көмүр өндүрүлүп, белгиленген планды 156 пайызга аткарып, Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө өзүбүздүн салымыбызды коштук. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 6 айында 9060 тонна көмүр өндүрүү белгиленген болсо, кенчилербиздин күжүрмөн эмгегинин натыйжасында 12325 тонна көмүр өндүрүлүп, белгиленген планды 136 пайызга аткарууга жетиштик.
— Рынок шартында өндүрүлгөн продукцияны сатып өткөрүү чоң мааниге ээ эмеспи. Дегеним, сиздер өндүргөн көмүрдү сатып өткөрүү жаатында кандай аракеттер көpүлүүдө?
— Өндүрүлгөн көмүpдү үзгүлтүксүз сатып өткөрүү жаатында бизде кесипкөй адистер эмгектенет. Анткени көмүр өз убагында сатылса, ишкананын мындан аркы өнүгүүсүнө өбөлгө болот эмеспи. Ошондуктан биз өндүргөн көмүр Баткен облусунун аймагынан сырткары, Ош, Жалал-Абад облустарына жана Бишкек шаарына жөнөтүлөт. Андан сырткары коңшу Тажикстандын аймагына дагы биз өмдүргөн көмүр сатылууда. Мамлекеттик тендерлерге да катышып, бюджеттик мекемелерге, социалдык обьектилерге белгиленген графикте көмүр жеткирилип турат. Ошону менен бирдикте айыл өкмөттөр, бюджеттик мекеме-ишканалар менен тыгыз байланышта иш алып барып, кышка карата зарыл болгон көмүр менен камсыздоого аракет кылып жатабыз. Жеткирилген көмүрдүн акысын келишимде көрсөтүлгөндөй банктагы эсептерибизге которуп беришет. Азыр жалпысынан 23 айыл өкмөтү менен келишимдерди түзгөнбүз. Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан көмүрдүн баасы 6,5 миң сомдон сатылууда.
— Сиздер өндүргөн көмүрдүн сапаттуулугу кандай?
— Биздин ишканадан өндүрүлгөн көмүрдүн сапаттуулугу эң жакшы болгондуктан биз өндүргөн көмүрдү сатып алып, башка аймактарга алып барып саткан ишкерлер арбын. Айрыкча биз өндүргөн көмүрдү навайканаларда, шашлык бышыруучу жайларда колдонушат. Сапатына карап көмүр 3 түргө бөлүнүп, баалары дагы сапатына жараша бааланат.
— Быйылкы кышка камылгаңыздар камдуубу?
— Биздин негизги милдетибиз элибизди сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу болгондуктан быйылкы кыш мезгилине дагы күн мурунтан даярдыктарды көргөнбүз. Айрыкча, автоунааларыбызды капиталдык кароодон өткөрүп, көмүрдү үзгүлтүксүз жеткирүүнү колго алганбыз. Бизде эмгектенген жумушчуларыбызга керектүү болгон көмүрлөрүн бергенбиз. Буюрса, элибиздин көмүргө болгон муктаждыгын чечүүгө бардык аракеттерди көрөбүз. Тоолуу аймактарда жашаган айыл тургундарына жеңилдетилген баада сатылчу көмүр базаларын уюштурганбыз.
— Жумушчулардын эмгек акылары убагында берилүүдөбү?
— Биздин ишканада эмгектенип жаткан жумушчулардын эмгек акысы кечиктирилбестен өз убагында берилүүсү салтка айланган. Жумушчулардын орточо эмгек акысы 10000 сомдон жогору. Жумушчулардын өндүрүмдүү иштөөсүнө зарыл болгон шарттар түзүлгөн. Жумушка үйлөрүнөн кичиавтобустар менен алып келип, жумуштан кийин жеткирилет. Кышкы-жайкы кийим кече, өтүк, каска, фонариктер менен толук камсыз болушкан. Жумуштан кийин жуунуп тазаланып кетүүсү үчүн атайын мончолор иштейт. Жумушчуларыбыздын коопсуздугу чоң мааниге ээ. Андыктан, жумушчуларга такай коопсуздук боюнча сабактар өткөрүлөт. Жыл сайын кенчилердин кесиптик майрамына карата бригадалар ортосунда мелдештер уюштурулуп, алдыңкы жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилет. Кенчилердин майрамына карата атайын спорттук иш-чаралар, концерттер уюштурулуп, алдыңкы кенчилерге сыйлыктар тапшырылып, мэриянын Ардак грамоталары берилип, кесиптик майрамыбызды жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылабыз.
Ишканабыз жыл өткөн сайын экономикалык жактан жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып, салыкка, социалдык фондуга болгон төлөмдөрдү убагында чегерип келет.
— Чындыгында сиздердин ишкана экономикалык көрсөткүчтөр боюнча Сүлүктү шаарындагы алдыңкы ишкана экени белгилүү. Кайрымдуулук иштерине да көңүл бурасыздарбы?
— Албетте, кайрымдуулук иштерине көңүл бурабыз. Анткени биздин ишкана уюшулгандан бери шаарыбыздагы жакыр үй-бүлөлөргө, майыптарга, спортсмендерге, мечиттерге, улгайган адамдарга өзгөчө көңүл буруп, колубуздан келген көмөгүбүздү көрсөтүп келебиз. Кудай буюрса, мындан ары дагы кайрымдуулук иштерин колго алабыз деген ойдомун.
____________________________________________________________
Жайдын аптабына, кыштын ызгаарына карабай, төрт мезгил ары түйшүктүү, ары татаал жумушуңуздарды талыкпай аткарып, элибиздин муктаждыгын жоюуда адал эмгек жасап келесиздер. Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштериңиздерге ийгилик каалайм. Касиеттүү жергебизде кадыр-баркка ээ болуп, ар бир үйгө жылуулук тартуулай бериңиздер!

ЖЕТИГЕН журналынан алынды