Сүлүктүдөгү грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш

Ноябрь айынын аягында Сүлүктү шаарында мэрдин кубогуна арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык мэриясынан билдирди.
Маалыматка караганда, шаарда биринчи жолу өтүп жаткан мелдешке Тажикстан менен Кыргызстандын 300гө жакын балбаны катышууда. Балбандар 27 кг тарта 100 кг чейинки салмакта күч сынашат. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылат.