ТУРМУШТА ӨЗҮН-ӨЗҮ ЖАСАГАН ЗАМАНДАШЫМ ЖАНА ЖЕРДЕШИМ

(Өндүрүшчү – Исманали Карабаевдин бейнесине штрихтер)

Эсил кайран СССР убагы десең. Заман тынч, карын ток, кийимиң бүтүн, окуймун десең окуу, дарыланам десең бекер оорукана, эс алам десең арзан санаторий, профилакторий. Эртең кандай болот деген кыжаалат ой жок…

Баса, мен ностальгиялык сезимдер менен эстеп жаткан ошол кой үстүнө торгой жумурткалаган заман мен сөз кылмакчы болуп жаткан замандашым, теңтушум – Исманалинин да тагдырына байланыштуу. Андай дегеним, биз бир айылда, кошуна болуп эле тим калбастан, 18-шахтанын (Сүлүктү шаары) чаңына бөлөнүп, ашык (чүкө) ойноп, сабактан качып, анан “камерон” деген көлүбүздө жай күндөрү чамбыл-ала болуп чөмүлүп, шахтадан көмүр, жыгач (карагай) ташып, породадан көмүр терип, дөң-кыраңдардан эрте баарда байчечекей, кызгалдак терип, кой-эчки багып чоңойгон бал каймак балалыктын алтын ирмемдери күнү-бүгүнкүдөй эсимде. Кана эми, ошол күндөргө кайрадан бир барып келсек!..
Исманали менен теңтушмун дегеним да чындык, бир жылда туулганбыз, бирок мен мектепте өзүмдөн эки жаш кичүүлөр менен окуп калган жайым бар. Деген менен, бир айылдык болгонубузданбы, жаш курагыбыздагы айырмачылык ошол кездерде билинчү деле эмес.
Ошол Исманали Карабаев деген жигит 1963-жылы 30-мартта Сүлүктү шаарынын 18-шахта (Кош-Булак) айылында, шахтердун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Кызыл-Кыя шаарындагы тоо-кен техникумун аяктаган. Кесиби боюнча тоо-кен технологу.
Эмгек жолун 1982-жылы “Сүлүктү” шахта башкармасынын №6-18-шахтасында тоо-кен жумушчусу болуп баштаган. Советтик Армиянын катарында аскердик милдетин өтөп келген соң, кайрадан өзү иштеп кеткен шахтага кайтып, кенчилик жумушун уланткан.
Өткөн кылымдын 87-93-жылдары Сүлүктү шаардык калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө комбинатында сүрөтчүлүк (фотограф) кесипти аркалап, ушул кесибинин шарапаты менен шаар калкынын арасында кадыр-барк казанып, урмат-сыйга арзыган.
Исманали 2005-жылы азыр өзү жетектеп келаткан “Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген Коомун ачып, аны алдыңкы ишканалардын катарына кошууга жетишкен азаматтардын бирине айланды. Бул, албетте, анын иштин көзүн билген мыкты жетекчи, уюштуруучу жана өндүрүшчү, адамдар менен тил табышып иштеше билген чебер дипломат экендигинен кабар берип турган далил десем жаңылбасам керек.
Өндүрүш деген өндүрүш. (Муну мен мектепти жаңы эле аяктап, шахта түпкүрүндө аздыр-көптүр иштеп калган адам катары жакшы билемин). Анын өзүнө гана мүнөздүү жазылбаган мыйзамдары, күңгөйү менен тескейи, ачуусу менен таттуусу бар дегендей, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңо билген өжөр, кашкөй, беттегенин бербеген, принципиалдуу, өзүнүн багыты менен гана кеткен адам гана ийгилик артынан сая түшүп, көздөгөн бийигине жете алат десем аша чаппасмын. Андай дегеним, Исманалини жакындан, жакшы билген адам катары айтаарым – андагы чыныгы эмгекчилдик, мээнеткечтик, зиректик менен адамдарга, айрыкча эмгек адамдарына болгон айкөл, жупуну жана мээрбандык мамиле жуурулушуп, аны азыркы ийгиликтерге алып келгени турмуштун кашкайган чындыгы.
Исманали “Кызыл-Булак” жоопкерчилиги чектелген Коомун үй-бүлөсү, тууган-уругу, жакын санаалаш, пикирлеш дос-жоролору менен акылдашып, макулдашып, ийри олтуруп, түз кеңешип дегендей, мындан 12 жыл мурда, тактап айтканда 2005-жылдын 26-январында түптөгөн. Азыр ишканага тийиштүү көмүр өндүрүүчү шахталар улуу инсан – Исхак Раззаковдун кичи мекени болгон Коросон аймагындагы Көккүнө-Сайда жайгашып, жер астындагы 5 участкадан балбан билек тоочулар “кара алтын” казып чыгарышат. Ачылган күндөн бери “Кызыл-Булактын” кенчилери керектөөчүлөргө 200 миң тоннадан ашуун көмүр сатып, алыс-жакындагы элди, кошуналарды сапаттуу “кара алтын” менен камсыздап, мында эмгектенген жүздөгөн адамдардын үй-бүлөлүк бюджетин бекемдеп эле тим калбастан, шаар казынасынын капчыгын да кампайтып жатканы бүгүнкү күндүн чындыгы.
Исманалини жогоруда мыкты жетекчи, чебер уюштуруучу, мезгилдин күрөө тамырын кармай билген өндүрүшчү дебедикпи. Мунун да жүйөөсү бар. Жапондордун биз курактуу Рюити Хасимото деген миллиардер кулуну бар. Дал ошол жигиттин: “Адамдарды жетекчилер эмес, алардын жемиштүү иштөөсү үчүн түзүлгөн мыкты шарт гана иштөөгө мажбур кылуусу керек” деген сөзүн жүрөк-дили менен сезип, туйган биздин каарман Лейлектин алыскы Коргон, Тогуз-Булак, Андарак айылдарынан келип иштеп жатышкан кенчилер үчүн заманбап ашкана, мончо куруп, аларды жумушка акысыз ташып келип, кайра үйлөрүнө жеткирип, зарыл болгон жарак-жабдыктар менен камсыздап, 10-15 миң сом айлык акыларын өз убагында төлөп турганы эле мезгил талабына шайкеш келип, эмгек өндүрүмдүүлүгүн улам ашырууга шарт түзүп жаткан бирден-бир фактор экендиги айныксыз аксиома.
Учурда Исманалинин ишканасында 200дөн ашуун адам эмгектенип, алар өз кезегинде Сүлүктү шаарынын экономикасынын өнүгүп, өрүш алуусу үчүн өздөрүнүн бараандуу салымы менен үлкөн үлүшүн кошуп жатышат. Ишкананын жетекчиси менен эмгек жамааты кайрымдуулук иштерин да көңүл борборунда сакташып, ар жыл сайын миллиондогон сом акча, көмүрдү муктаж адамдарга болобу, бюджеттик мекеме болобу, кары-картаңдарга үлөшүп, жеткирип турушканы мактоо сөздөргө арзый турган саамалык.
Саябан бактай санжырасы бар, өз учурунда Ленин тарабынан “Орто Азиянын кочегаркасы” деп аталган айтылуу Сүлүктү шаарынын азамат кулундарынын бири – Исманали Карабаевдин алдыга койгон аруу ой, асыл максаттары арбын. Бир кезде эмгек жолун чыгармачылыктын бир бутагы болгон – сүрөтчүлүктөн баштаган биздин каарман өзүнүн азыркы ишине да чыныгы чыгармачыл оптимизм, эргүү менен мамиле жасап жаткандыгы анын күн сайын жаратып жаткан ийгиликтеринен улам кашкая көрүнүп турганын тануу кыйын.
Сөзүмдүн соңунда, эсил кайран СССР кыйрап, өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгон оомал-төкмөл мезгилде туура багытты тандап алып, өпкөбүзгө өзөртө тепкен өткөөл мезгилде өзүн-өзү жасап, учурда бутуна дадил туруп алган замандашым жана жердешим, үй-бүлөсүнө үйрүлгөн, камкор ата, өмүрлүк жарына жароокер жан шерик – Исманали Жумабай уулуна “Жолуң шыдыр, жолдошуң кызыр болуп, орошон оомат, ири ийгиликтер коштоп, бараткан багытың түз, жүрөгүң ар дайым таза бойдон калсын, ылайым!” деген ак дилдик каалоо-тилегимди билдирип койгум келип турат.

Абдиллабек АВАЗОВ,
акын, жазуучу, КР Улуттук жазуучулар
жана журналисттер Союздарынын мүчөсү,
маданияттын мыкты кызматкери.