Шаардын тарыхы

Сүлүктү – Кыргызстандагы эң байыркы шаарлардын бири. Сүлүктү шаары тарыхый сырларга, маданиятка, достукка, интернационалдуулукка бай аймак. 1868-жылы россиялык ишкерлердин жардамы менен көмүр казып алуу боюнча алгачкы иштер башталып, шаардын негизделиши ошол жылга туура келе тургандыгын тарых өзү күбөлөндүрүп турат.  Көмүр казып алуу алгачкы убактарда өтө жөнөкөй жол менен алынган. Көмүр жер алдынан жер үстүнө кол күчү менен чыгарылган. Ошентип, көмүр казып алууда иш издеген жумушчулар жыйылып отурукташа баштаган. Ал жерде кичине шаарча пайда болгон. 1902-1903–жылы биринчи геологиялык изилдөө болгон. Ал эми 1906-жылы биринчи шахта түзүлгөн. 1912-жылы өнөр жай катарында көмүр казылып алына баштаган. 1932-жылы шахта башкармасы түзүлгөн. 1940-жылдын 19-январында Сүлүктү шаар  статусун алган. Ошондон баштап, көмүр казып алуу боюнча иш илгерилеп, дүркүрөп өсө баштаган. Согуш маалында кенчилер мурдагыдан да эки эселеген кайрат менен иштей баштайт. Бул жылдары көмүр казып алуу 500,0 миң тоннага жеткен.

«Орто Азиянын кочегары» деп аталган Сүлүктү шаарында 1970-жылдары көмүр казып алуу эң жогорку деңгээлге жеткен. Жылдык көмүр казып алуу 900,0 миң тоннага чейин жеткен. Бүгүнкү күндө жер астындагы «Кара алтындын» запасы 180,0 млн. тоннаны түзөт.

СССР жоюлгандан кийин, республикабыз эгемендүү болгондон баштап, көмүр өндүрүүнү көбөйтүү процесси туруп калган. Бирок азыркы мезгилде акыркы 2 жылда көмүр казып алуу 2 эсеге өсүп, жылына 180,0 миң, ал эми 2013-жылы 204,0 мин тоннага жетти. Бүгүнкү күнгө шаарда 18 шахта иштеп жатат.

Сүлүктү – Кыргызстандын эң алыскы аймагынын бири. Шаар Түркистан кырка тоолорунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1380 метр бийиктикте, борборубуз Бишкектен 1050 км, область борбору Баткенден 150 км алыстыкта турат. Территориясы 1733 га, калкынын саны 21,3 миң адам.  Шаарда гуманитардык-экономикалык институт, педагогикалык колледж, кесиптик лицей, 9 орто мектеп, 1 мектеп-интернат, балдар музыкалык мектеби, өспүрүмдөр спорт мектеби, карылар жана майыптар үйү, 6 балдар бакчалары, маданият сарайы, 3 китепкана, балдардын эс алуу лагери, шаардык эс алуу багы, 2 оорукана, 3 ФАП жана башка социалдык-коммуналдык ишканалар бар.