“ЖАН ДҮЙНӨГӨ ЧАЧЫЛА” же, элеттик эл акынынын ыр-кечесинен бир шиңгил

“Эл ичи — өнөр кенчи” деген ата-бабалардан калган барктуу да, нарктуу сөздү тастыктап, сөздүн улуу күчү, кудуретине кулдук уруп, таазим кылган, сыйынып, тооп кылган, аны жан дүйнөсүндө бапестеп багып, миллион атмосфералык басымы бар деңиз түпкүрүндөгү берметтей жаркырата асырап, аздектеп жүргөн асыл адамдарыбыз да жок эмес экени акыркы кездерде кашкая көрүнүп калды.

Ошондой адамдардын бири – тоочулар калаасы Сүлүктү шаарында жашаган Абдивали акени мен да көптөн бери билемин. Кесиби – экономист болгону менен адабият менен маданиятка жакын агабыз көп жылдардан бери ыр жазуу түйшүгү менен “ооруп” жүргөнүнөн кабарым бар.

“Ийгиликтин эрте-кечи жок” дегендей, Абдивали ага да алгачкы ыр жыйнагын басмадан чыгарып, өз окурмандарына тартууласам деген оюн бир топ жыл мурда айтканы бар. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип”, мына эми гана ошол аруу ой, асыл максаты ишке ашканын угуп, ак дилден кубандым.

Абдивали Мусаевдин алгачкы жыйнагына кирген ыр саптары да өзү сындуу жөнөкөй, карапайым жана жупуну. Алар ошонусу менен баалуу, барктуу десем жаңылбаймын. Адабияттын өтө эле бийик талаптарына жооп берүүгө чабалдык кылганы менен чыныгы жүрөктөн, дил тереңинен чыкканы кашкая көрүнүп турат. Элеттик акындын мен баамдаган жана байкаган дагы бир артыкчылыгы – адабият теориясынан кабары жок туруп, айрым акынмын деп төш койгулагандардан бир кыйла бийик туруп, өз оюн башкаларга даана, так бере алгандыгы, андагы адабий каармандардын образын чебер сүрөттөй алганы. Анан да, анын саптарындагы элдик оозеки чыгармачылыктын деңгээлиндеги жумшак юморго сугарылган арноо, каалоо саптары кимди болбосун кайдыгер калтырбайт деп ойлоймун. Демек, өз күчү, дарамети, көкүрөк көрөңгөсүнө жараша жараткан ыр саптарын кандай болсо, ошондой кабыл алып, окуп коюу – окурман катары ыйык парзыбыз деп ойлоймун.

Бир карасаң – өз ишин ийне-жибинен өйдө билген кесипкөй адис, шаар калкынын ичинде эринбеген эмгеги менен кадыр казанган инсан, бир карасаң – баладай байоо кыял, көкүрөк көрөңгөсү тунук, куудул-куйкум сөздүн казынасы болгон акын агабыздын акыл калбырына күйшөлүп, дил түпкүрүнөн сызып чыккан, түндөлөрү түйшөлүп, эчен жан алакеттен өтүп, жүрөк отуна каланып, көз майын коротуп тапкан ыр саптары – анын жүрөктөн чыккан сырлары десем жанылбаймын.

Акындын туңгуч жыйнагына кирген салмактуу саптарынын негизги өзөгүн анын эл-жерине, уул-кыз, урпактарына, өзү өзгөчө кадырлап, сыйлаган эмгек каармандары, жакын санаалаш инсандарга арнаган “сакадай бою сары алтын” саптары түзүп, алар аркылуу жаштарды актык менен аруулукка, адилдик менен акыйкаттыкка, тазалык менен тактыкка, инсандык бийик сапаттарга, эл-жерин сүйүп, аздектеп, ардактаган мекенчилдик улуу сезимдерге үндөгөн бийик үнү менен баалуу да, барктуу экенин баамчыл окурман тез эле электен өткөрүп алаарында шегибиз жок.

Ошол кенчилер шаарына кеңири таанымал экономист, аруу да, азада дилдүү инсан, эң негизгиси – жумшак юмор менен сатирага сугарылган ыр саптары менен жумурай-журтка аттын кашкасындай таанымал болуп келаткан таланттуу акын – Абдивали Мусаев өзүнүн жаңыдан Бишкектеги басмадан басылып чыккан, акындар – Бактыгүл Чотурова, Абдилаат Дооровдор баш сөзүн жазышкан “Жан дүйнөгө чачыла” аттуу көлөмдүү ыр-жыйнагынын бет ачар кечесин шаардагы “Рахат” тойканасында өткөрүп, кубанып турган чагы.

Элеттик акындын ыр-майрамына алыс-жакындан ат арытып, сапар карытып келишкен акын-жазуучулар, обончу-аткаруучулар, жакын санаалаш достору менен тууган-туушкандары, дегеле анын чыгармачылыгын сыйлаган назым менен насырдын күйөрмандары анын сыйлуу конокторунан болушту.

Шаар мэри Рахманберди Абдыназаров, КР Улуттук жазуучулар Бирлигинин мүчөлөрү — акын Абдилаат Дооров, акын жана аткаруучу Өмүрзак Саттаров, Айсулуу Садыкова, обончу жана аткаруучу Мамарасул Мавлянов, шаардагы мекеме, ишкана жана уюмдардын жетекчилери, акындын алыс-жууктан келген достору, кошуна Лейлек аймагы менен шаардагы таланттуу жаштар кече ээсинин дарегине өздөрүнүн ыр саптары, обологон обондору, шайыр бийлери менен ак дилден айтылган аруу ой-тилектерин ыроолошуп, жаркын маанай тартуулашты. Өз кезегинде жаңы китептин автору өзүнүн ыр саптарын окуп, конокторуна ыраазылык билдирди.

“Жөнөкөйлүк – улуулуктун башаты”. Жөнөкөй, бирок жөндүү, кыска, бирок нуска, жука, бирок жугумдуу китептерди дагы көп-көп жаратып, окурман ордосунан бекем орун ала бериңиз, Абдивали ава! Дүйнөлүк адабияттын тарыхынан карыя куракта талант катары таанылып, классик аталган акын-жазуучулардын далайын билебиз го?!. Балким, Сизди да ушундай тагдыр күтүп тургандыр! Андыктан, алдыда дагы далай даваандар, ашуулар турганын жадыңызда жадыбалдай сактап, көп-көп изденип, багажыңызды байыта бериниз демекчимин. Ак жол, Сизге, Тогуз-Булактын чыгаан кулуну — Абдивали аке!

 

Абдиллабек АВАЗОВ,

акын, КР журналисттер

Союзунун мүчөсү.