Жабуу
12-июль

2022-жылдын бюджетин түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу ”сынагы

2022-жылдын бюджетин түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” сынагы

Мамлекет:
Кыргызстан
ЖӨБдүн калкы жөнүндө маалыматтар:
6 389 500

Инвестициялык долбоордун сыпаттамасы

ЖҮКТӨП АЛУУ: СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ

 

Өнүктүрүү саясат институту Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” ДОЛБООРУ (мындан кийин долбоор) КРдин Экономика жана финансы министрлиги жана ЖӨБ Союзу менен биргеликте

“2022-жылдын бюджетин түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” сынагын жарыялайт

Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулукту жогорулатуу менен жарандардын жашоо шарттарын жеринде жакшыртуу.

Сынака катышуу үчүн эмне кылуу керек?

ЖӨБ органдары төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

  • 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча кеңири маалымат кампанияны уюштурат жана өткөрөт;
  • бюджеттин долбоорун талкуулоодо калктын кеңири камтууну камсыз кылуу. Каражаттарды бөлүштүрүүдө жана жергиликтүү бюджет боюнча коомдук талкууда гендердик балансты сактайт.
  • бюджеттин долбоорун коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча кайра байланышты камсыздайт;
  • табыштаманы толтуруп, суралган документтерди жана материалдарды тиркеп, сынактын уюштуруучуларына жөнөтөт.

Сынака катышып эмне алса болот?

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелер төмөнкү тартипте ыйгарылат:

  • I орун – 300 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • II орун – 250 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • III орун – 200 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • Гендердик сезимталдуулукка өзгөчө мамиле жасагандыгы үчүн атайын байге - 270 000 сомго чейин;
  • Ошондой эле 55 000 сом өлчөмүнө чейин шыктандыруучу байгелер.

Байге фонддору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусун камсыз кылууга колдоно турган товарларды жана жабдууларды сатып алуу үчүн жумшалса болот.

Сынактын жеңүүчүлөрүн ким жана кантип тандайт?

Жеңүүчүлөрдү Конкурстук комиссия аныктайт. Комиссия төмөнкүлөрдүн өкүлдөрүнөн турат:

КР Экономика жана финансы министрлигинен, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдан, КР ЖӨБ Союзунан, Өнүктүрүү саясат институтунан, “Элдин үнү жана ЖӨБО жоопкерчилиги” Долбоорунан. Комиссия түшкөн материалдарды карап чыгат жана жеңүүчүлөрдү аныктайт.

Жеңүүчүлөрдү кандай критерийлер менен тандалат?

Табыштамалар анын мазмунунун жана тиркелүүчү материалдардын сапатына жараша бааланат.

Жеңүүчүлөр төмөнкү критерийлерге ылайык аныкталат.

Мындай сынактар буга чейин өткөрүлүп келгенби?

Ушундай эле сынак Долбоордун каржылык колдоосу менен бир нече жолу өткөрүлгөн. Мурунку сынактардын жыйынтыктары менен ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбалар порталында бул шилтемелер аркылуу өтүп таанышса болот.

Ошондой эле сынактардын жеңүүчүлөрү аларга сыйлык алууга эмне жардам бергендиги жөнүндө Мыкты тажрыйба порталында айтып беришет. Тажрыйба алмашуу онлайн-кеңештер учурунда болот. Ал үчүн www.myktyaimak.gov.kg Порталдагы жанылыктарды карап турунуздар.

Максат

  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу конституциялык принципти дагы да масштабдуу сакталышына көмөктөшүү (КР Конституциясынын 52-беренеси, 3-п.);
  • калктын реалдуу керектөөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү бюджетти пландоодо, түзүүдө жана жергиликтүү бюджеттин ресурстарын натыйжалуу башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жөндөмдөрүн колдоо;
  • шаарлардын/айыл өкмөтүнүн өз бюджет долбоорун мүмкүн болушунча реалдуу түзүү тажрыйбасын жана каалоосун колдоо;
  • ЖӨБ органдарынын калк алдында айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуусуна көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө чындап катышкан КР жарандарынын санын арттырууга көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди пландоодо жана түзүүдө ЖӨБ органдарынын гендерик-сезимтал иш аракеттерин түзүүгө көмөктөшүү;
  • IT технологияларын колдонуу аркылуу ЖӨБ органдары тарабынан калкты маалымдоо үчүн инновациялык инструменттерди колдонууга үндөө/чакыруу