Жабуу
25-апрель

Балдар арасында жол-танспорт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу

 

Сүлүктү шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 05.04.2023-жылдагы 3-К сандуу “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 2023-жылдын апрель айында жол–транспорт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу иштерин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү жөнүндө” көрсөтмөсүнүн  талабына ылайык, балдар арасында кылмыштуулукту алдын алуу,жол эрежелерин сактоо, айдоочулук күбөлүгү жок авто-мото транспортторун башкарбоо жана башка жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо боюнча алдын алуу иш чарасы мектеп окуучулары арасында өткөрүлдү.

Аталган иш чарага Сүлүктү шаарынын прокурорунун жардамчысы Б.Т.Бекешов, Сүлүктү ШИИБнүн боюнча ЖККБнын жол кыймылынын коопсуздугун улук инспектору Ш.А.Салмеков, Сүлүктү ШИИБнүн КККын МУУ инспектору М.Чокуев, Сүлүктү ШИИБнүн жашы жете электер боюнча инспектору А.Адрахмановтор катышышты.